00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстан таанылгыс болуп өзгөрөт! Жапаровдун "Кумтөрдүн" мааракесиндеги сөзү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров Кумтөр алтын кенин иштетүүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада
Президент Садыр Жапаров Кумтөр алтын кенин иштетүүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2023
Жазылуу
Президент "Кумтөрдүн" элге кайтарылышы мамлекеттеги жаңылануунун башаты, өнүгүүнүн, өзгөрүүнүн алгачкы баскычы экенин белгиледи.
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. "Кумтөрдүн" улутташтырылышы менен Кыргызстанда саясий коррупциянын демонтажы башталды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кумтөр алтын кенин иштетүүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатып билдиргенин өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекет жетекчиси "Кумтөрдүн" элге кайтарылышы республикадагы жаңылануунун башаты, өнүгүүнүн, өзгөрүүнүн алгачкы баскычы экенин белгилеген. Муну менен бирге кезинде "Кумтөр" долбоорунун иши Кыргызстандын эгемендик тарыхында чыр-чатак, алдамчылык жана шылуундук менен коштолуп, чет элдиктер менен бир ууч аткаминерди гана байытып "кылым аферасы" атыгып, коррупциянын символуна айланып калганына токтолгон.
Жапаров "Кумтөр" көйгөйү менен кантип күрөшүп келгенин да айтып берди.
"Тилекке каршы, ошол кездеги бийлик өлкө келечегине эмес, жеке келечегине кам көрүп, алтын мафиясынын сөзүн сүйлөп туруп алды. "Кумтөр" жок дегенде ошол 2012-жылы эле мамлекетке өтүп калганда экономикалык абалыбыз азыр алда канча жакшырып, бакубатчылыгыбыз мындан да кыйла артып калмак. Бирок "эч болгуча кеч болсун" демекчи, акыры "Кумтөр" элге кайтарылды, мамлекеттин ээлигине өттү. Айрым саясатчылар үмүтүн үзүп, ишенгиси келбей, куру кыял деп кол шилтеп келген бул иш бүгүнкүнүн чындыгына айланды. Калың элдин акыйкат койгон талабын орундатып, тарыхый адилеттүүлүктү орното алдык! — деди президент.
Өлкө башчы учурда "Кумтөр" ишин бир мүнөт да токтотпой, алдына коюлган пландарын так аткарып, кенди андан ары өнүктүрүү боюнча стратегиялык максаттарын ырааттуу ишке ашырып жатканын белгиледи.
"2022-жылдын жыйынтыгы менен 17,3 тонна алтын өндүрүлүп, 32,2 миллирд сом салык жана милдеттүү төлөмдөрүн төгүштү. Таза киреше 371 миллион долларды түздү. Эми мындан ары Кумтөр эле эмес, Кыргызстандагы бардык кендерди мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн өзүбүз иштетебиз. Компаниянын 40, 50 жылдык мааракелеринде Кыргызстан таанылгыс болуп өзгөрөт деген ишенич зор. Анткени биз Кумтөр сыяктуу эл байлыгын элге иштетип, коррупцияга, криминалга чечкиндүү сокку уруп, көмүскөгө айланган бардык каржыларды ачыкка чыгарып жатабыз. Жыйынтыгын көрүп жатасыздар. Айлык акы, жөлөк пулдар эселеп көбөйдү. Өз каражатыбызга кубаттуу, заманбап аскердик техниканы сатып алып, өлкөбүздүн коопсуздугу бекемделди. Жаңы мектептер, бала бакчалар, жолдор салынууда. Бул — алгачкы эле мезгилдеги жыйынтыктар. Кийинки жылдардагы ийгиликтерибиз мындан да артып, таштаган кадамыбыз мындан дагы ишенимдүүрөөк болот", — деди Жапаров.
Президент "Кумтөрдүн" элге кайтарылышы мамлекеттеги жаңылануунун башаты, өнүгүүнүн, өзгөрүүнүн алгачкы баскычы экенин белгилеп, кыйчалыш кырдаалда, тагдыр чечүүчү тарыхый учурларда алтын казуу иштерин үзгүлтүккө учуратпай, кенди татыктуу иштетип, улантып кеткен компаниянын кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.
Кемин районундагы Алтынкен ишканасынын алтын кенинде иштеп жаткан экскаватор. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2023
"Кумтөр": Тоголок кенин көздөй жол салына баштады
Жаңылыктар түрмөгү
0