https://sputnik.kg/20231018/kytay-menen-rossiyanyn-oz-ara-sayasiy-ishenimi-osup-baratkanyn-belgilendi-1079593722.html
Си Цзиньпин: Кытай эл аралык адилеттүүлүктү коргоодо Россия менен иштешүүгө даяр
Си Цзиньпин: Кытай эл аралык адилеттүүлүктү коргоодо Россия менен иштешүүгө даяр
Sputnik Кыргызстан
Кытай менен Россиянын өз ара саясий ишеними тереңдеп бара жатканы айтылды. 18.10.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-10-18T12:04+0600
2023-10-18T12:04+0600
2023-10-18T12:04+0600
дүйнөдө
россия
кытай
си цзиньпин
владимир путин
кызматташуу
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/12/1079593475_0:162:2991:1845_1920x0_80_0_0_644e4a9fd206c90aa5a7d99f4e36ca51.jpg
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Кытай эл аралык адилеттүүлүктү коргоо үчүн Россия менен иштешүүгө жана дүйнөнүн өнүгүп, тынчтыктын орношуна көмөктөшүүгө даяр. Бул тууралуу Кытай төрагасы Си Цзиньпин Россия лидери Владимир Путин менен Пекиндеги эки тараптуу жолугушууда айтканын РИА Новости билдирди.Ал Кытай менен Россиянын өз ара саясий ишеними тереңдеп, стратегиялык тыгыз кызматташуу бекемделип келерин айткан."Биздин өлкөлөрдүн өкмөттөрү, ар кыл ведомстволору жана аймактары президент мырза экөөбүздүн ортобузда жетишкен макулдашууларды аткарууга болгон күчүн жумшап келишет", — деген Кытай лидери.Ал "эки өлкөнүн өз ара ишеними тынымсыз тереңдеп, ал эми стратегиялык өз ара кызматташуу тыгыз жана майнаптуу бойдон калып жатканын" белгилеген.
https://sputnik.kg/20231018/putin-kytayga-plandarynyn-ishke-ashyshy-boyuncha-iygilik-kaalady-1079588881.html
кытай
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/12/1079593475_143:0:2872:2047_1920x0_80_0_0_94dc082405e60881e1e3acd112328f4d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, кытай, си цзиньпин, владимир путин, кызматташуу
дүйнөдө, россия, кытай, си цзиньпин, владимир путин, кызматташуу
Си Цзиньпин: Кытай эл аралык адилеттүүлүктү коргоодо Россия менен иштешүүгө даяр
Кытай менен Россиянын өз ара саясий ишеними тереңдеп бара жатканы айтылды.
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Кытай эл аралык адилеттүүлүктү коргоо үчүн Россия менен иштешүүгө жана дүйнөнүн өнүгүп, тынчтыктын орношуна көмөктөшүүгө даяр. Бул тууралуу Кытай төрагасы Си Цзиньпин Россия лидери Владимир Путин менен Пекиндеги эки тараптуу жолугушууда айтканын
РИА Новости билдирди.
"Кытай жалпы тарыхый тенденцияны так түшүнүү, дүйнөлүк өнүгүү багытын кармануу жана ар дайым эки өлкөнүн элдеринин түпкү кызыкчылыктарына таянуу үчүн Россия менен бирге иштөөгө даяр. Эки тараптуу кызматташтыкты жаңы мазмун менен тынымсыз байытууга, эки өлкөнүн өнүгүшүнө, кайра жаралуусуна көмөктөшүүгө, эл аралык адилеттүүлүктү, калыстыкты коргоо жана дүйнөнүн жалпы өнүгүүсүнө көмөктөшүүгө баш коёт", — деген Си Цзиньпин.
Ал Кытай менен Россиянын өз ара саясий ишеними тереңдеп, стратегиялык тыгыз кызматташуу бекемделип келерин
айткан.
"Биздин өлкөлөрдүн өкмөттөрү, ар кыл ведомстволору жана аймактары президент мырза экөөбүздүн ортобузда жетишкен макулдашууларды аткарууга болгон күчүн жумшап келишет", — деген Кытай лидери.
Ал "эки өлкөнүн өз ара ишеними тынымсыз тереңдеп, ал эми стратегиялык өз ара кызматташуу тыгыз жана майнаптуу бойдон калып жатканын" белгилеген.

18 Тогуздун айы 2023, 10:15