Израилдин армиясы Газа боюнча жапырт чабуулду баштагандыгын жарыялады

© AP Photo / Leo CorreaИзраилдин Газа тилкесине жасаган аба соккусунан кийин түтүн
Израилдин Газа тилкесине жасаган аба соккусунан кийин түтүн - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2023
Жазылуу
Азыр эл аралык уюмдар коңгуроо кагып, Газа секторундагы адамдарга жардам берүү зарылдыгын айтып жатышат.
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Израилдин армиясы палестиналык ХАМАС кыймылынын объектилерине жапырт чабуул коюп баштагандыгын жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Израилдин армиясы учурда Газа секторунда ХАМАСка… террордук жапырт чабуул коюп жатат", — деп айтылган Израиль армиясынын Telegram- каналында.
7-октябрда Израилге Газа сектору тараптан чабуул жасалганы боюнча маалыматтар тараган. Аталган өлкөнүн билдиргенине караганда, ХАМАС аскерлери ракета менен жапырт аткылаган соң Израилдин түштүгүндөгү чектерине кирип келген. Аталган уюмдун аскер канаты жарыялаган аскердик операциясын "Аль-Акса топон суусу", ал эми Израиль тарап "Темир кылыч" деп атады.
Израиль мурдараак Газа секторунун блокадада каларын жарыя кылып, суу, электр кубаты, дары-дармек жана отун берүү токтотулган.
Азыр эл аралык уюмдар коңгуроо кагып, Газа секторундагы адамдарга жардам берүү зарылдыгын айтып жатышат.
Азыр эки жактан каза тапкан жай жарандардын саны миңден ашканы, андан сырткары, бир нече миң палестиналык, израилдиктер жаракат алганы айтылууда. Соңку маалыматтарда ХАМАСтын колунда 150гө чукул израилдиктин туткунда турганы кабарланган.
Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестиндик-израилдик жаңжал ондогон жылдардан бери региондогу кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
Израилдин экс-премьер-министри Нафтали Беннет. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2023
Каалагандар жардамдаша берсин! Израилдин экс-премьери жаалданган видео
Жаңылыктар түрмөгү
0