Каалагандар жардамдаша берсин! Израилдин экс-премьери жаалданган видео

© AFP / AMIR COHENИзраилдин экс-премьер-министри Нафтали Беннет. Архивное фото
Израилдин экс-премьер-министри Нафтали Беннет. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2023
Жазылуу
Жинденген мурдагы аткаминер кайра алып баруучунун өзүнө суроо узаткан.
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Израилдин экс-премьер-министри Нафтали Беннет алып баруучунун инкубатордо жаткан Газадагы ымыркайлардын электр энергиясы берилбей калгандан кийинки тагдыры тууралуу түз эфирдеги суроосунан кийин өзүнөн чыгып, буркан-шаркан түшкөн.
Беннет Sky News телеканалына интервью берген. Израиль мурдараак Газа секторунун блокадада каларын жарыя кылып, суу, электр кубаты, дары-дармек жана отун берүү токтотулган.
Алып баруучу Израиль тарап электр энергиясын берүүнү чектеп салгандан кийин өмүрүн улап турган системадан ажыраган инкубатордогу ымыркайлар эмне болот деген суроо узаткан.
"Азыр палестинкалык жай жарандар тууралуу суроону чындап эле олуттуу берип жатасыңарбы? Силерге эмне болду? Израиль жөнөкөй элди бомбалаган жок. Эгерде дүйнөдөгү башка тараптар аларды электр энергиясы менен камсыздайбыз десе, беришсин. Бирок мен душманыма суу да, электр кубатын да бербейм", — деген Беннет.
Алып баруучу ага кыйкырбай сүйлөшүн эскертип, экөө айтыша кетип, Беннет алып баруучуга "уят силерге" деген.

Палестина-Израиль чыры

7-октябрда Израилге Газа сектору тараптан чабуул жасалганы боюнча маалыматтар тарады. Аталган өлкөнүн билдиргенине караганда, ХАМАС аскерлери ракета менен жапырт аткылаган соң Израилдин түштүгүндөгү чектерине кирип келген дешүүдө. Аталган уюмдун аскер канаты жарыялаган аскердик операциясын "Аль-Акса топон суусу", ал эми Израиль тарап "Темир кылыч" деп атады. Өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху элге кайрылып, Израиль узакка созула турган оор согушка киргенин, мындан улам мобилизациялоо жүрөрүн билдирген.
Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестиндик-израилдик жаңжал ондогон жылдардан бери региондогу кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
Азыр эки жактан тең каза тапкан жай жарандардын саны миңден ашканы, андан сырткары, бир нече миң палестиналык, израилдиктер жаракат алганы айтылууда. Соңку маалыматтарда ХАМАСтын колунда 150гө чукул израилдиктин туткунда турганы кабарланган.
Израилдин аба соккуларынан улам Газа шаарынын үстүнөн түтүн көтөрүлүүдө - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2023
Израиль армиясынын Газа менен Ливанда ак фосфор колдонгону айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0