БУУ өкүлү: Газада тамак-аш түгөнүп баратат, бизге гуманитардык коридор керек

© AP Photo / Hassan EslaiahИзраилдин аба соккуларынан кыйраган имараттардын жанында Газа тилкесинин тургуну
Израилдин аба соккуларынан кыйраган имараттардын жанында Газа тилкесинин тургуну - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2023
Жазылуу
Аталган өкүл Палестинада тамак маселеси чатакка чейин эле кооптуу болуп турганын да белгиледи.
БИШКЕК, 12-ок. — Sputnik. Газа секторундагы азык-түлүк жана эң керектүү оокаттар жакында түгөнөт. Бул туурасында БУУнун Дүйнөлүк тамак-аш программасынын Палестина боюнча өкүлү Самер Абдельжабер билдиргенин РИА Новости жазды.
"Абал чатак. Биз үйүн таштап качкандар, баш калкалаган жайларда жашап жаткандардын жан сакташы үчүн зарыл нерселер менен камсыздап, жегенге тамак жана жардам жеткиргенге мүмкүнчүлүк издеп жатабыз", — деген Абдельжабер.
Мурдараак эл аралык гуманитардык уюм азык-түлүк жагынан жардам берүү үчүн 800 миң палестиналыкты камтуу ниетинде экендигин билдирген.
Аталган өкүл Палестинада тамак маселеси чатакка чейин эле кооптуу болуп турганын, аталган аймакта 1,8 миллион кишинин курсагы толук тойбогон фактылар кездешкенин айткан.
"Колубуздан келгенин жасайбыз, бирок жакында азык-түлүк жана эң керектүү болгон оокаттар түгөнөт. Жабыркаган элге жардам кылуу үчүн бизде мүмкүнчүлүк болушу үчүн гуманитардык коридор керек. Алар күн сайын көбөйүүдө. Биз аларга коопсуз жана тоскоолдуксуз жетишибиз керек", — деген Абдельжабер.

Палестина-Израиль чыры

7-октябрда Израилге Газа сектору тараптан чабуул жасалганы боюнча маалыматтар тарады. Аталган өлкөнүн билдиргенине караганда, ХАМАС аскерлери ракета менен жапырт аткылаган соң Израилдин түштүгүндөгү чектерине кирип келген дешүүдө. Аталган уюмдун аскер канаты жарыялаган аскердик операциясын "Аль-Аксаны каптоо", ал эми Израиль тарап "Темир кылыч" деп атады. Өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху элге кайрылып, Израиль узакка созула турган оор согушка киргенин, мындан улам мобилизациялоо жүрөрүн билдирген.
Соңку маалыматтар боюнча, Газа сектору боюнча көз жумгандардын саны 1,2 миң болсо, жарадарлардын 5,6 миң адамга чамалап барганы айтылды. Ал эми каршылаш тарап Израилде согуштан 1200гө жакын адам көз жумган.
РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2023
Песков: Москва үчүн Палестина менен да, Израиль менен да диалогду улантуу маанилүү
Жаңылыктар түрмөгү
0