Песков: Москва үчүн Палестина менен да, Израиль менен да диалогду улантуу маанилүү

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков. Архив
РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2023
Жазылуу
Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестин-израиль жаңжалы ондогон жылдардан бери региондогу кагылышуунун себепкери болуп келет.
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Россия Израиль менен да, Палестина менен да диалогду улантууда. Москва эки өлкөнүн жаңжалын басууга катышуу үчүн тең салмактуу мамилени сактоосу зарыл. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин журналист Павел Зарубин Telegram-каналына жарыялады.
Песковдун айтымында, Москва кризисти жөнгө салуу процессине катышууга укук алуу үчүн дистанцияны сакташы керек.
"Зомбулук аракеттерди сындабай коё албайбыз, аларды теракт деп атоодон башка айла жок. Бирок ошол эле кезде мындай кырдаалдын түзүлүшүнө эмне өбөлгө болгонун да эстен чыгарбоо зарыл", — деди Кремлдин өкүлү.

Палестина-Израиль чыры

7-октябрда Израилге Газа сектору тараптан чабуул жасалганы боюнча маалыматтар тарады. Аталган өлкөнүн билдиргенине караганда, ХАМАС аскерлери ракета менен жапырт аткылаган соң Израилдин түштүгүндөгү чектерине кирип келген дешүүдө. Аталган уюмдун аскер канаты жарыялаган аскердик операциясын "Аль-Аксы топон суусу", ал эми Израиль тарап "Темир кылыч" деп атады. Өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху элге кайрылып, Израиль узакка созула турган оор согушка киргенин, мындан улам мобилизациялоо жүрөрүн билдирген.
Акыркы маалымат боюнча, ХАМАСтын чабуулунан улам Израилде 1000ден ашуун адам көз жумган. Ал эми Палестинанын Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсү боюнча, Газа секторунда 900дөн кем эмес киши набыт болгон.
Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестин-израиль жаңжалы ондогон жылдардан бери региондогу кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган, бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
Газа секторунда Израилдин аба соккусунан жабыркаган имараттардын урандыларынын көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2023
Палестина ТИМи Израиль тыюу салынган фосфорлуу снаряд колдонду деп кине койду
Жаңылыктар түрмөгү
0