Батыш таңуулаган бир контурлуу экономикадан эки контурлууга өтчү мезгил келди. Маек

© Sputnik / Асель АкматМамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов. Архивдик сүрөт
Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2023
Жазылуу
Кыргызстанды алтын кенине бай өлкө катары карайбыз. Бирок аны экономикалык жактан туура пайдалана билүү да өзүнчө маселе жаратат.
Sputnik Кыргызстан редакциясында Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов болду.
— Кыргызстандын алтынын кантип максималдуу пайдалануу керек?
— Бул маселе Кумтөр кенине байланыштуу абдан активдүү талкууланууда. Экинчи жагынан, алтындын дүйнөлүк ролу дагы кеңейди. Батышта инфляция рекорд жаратууда. Өзгөчө Европада, Германияда, ошол эле Америкада да өстү. Ошондуктан булардын борбордук жана улуттук банктары пайыздык чендерди көтөрүп жатат. Бул фиаттык валюталардын (фиаттык валюта — эч бир товарга байланбаган акча бирдиги — ред.) түшүп жатканынын көрсөткүчү. Алтындын учурдагы деңгээлине жана анын тарыхына кайрылсак, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Америка ири экономикага ээ болуп, валютасы алтынга байланган. 1945-жылы өткөн конференцияда жаңы резервдик валюта кандай болушу керектигин талкуулап, долларды негизги акча бирдиги катары кабылдашкан. Ал кезде алтындын бир унцийи 35 долларга барабар болчу. Ошондон бери, 1945-жылдан 1970-жылга чейин доллар өсүп, дүйнөлүк резервдик валютага айланды. Бирок америкалыктар "дүйнө эли доллар чогултуп келип, анын ордуна алтын сураса, алтыныбыздан айрылып калабыз" деп коркуп, 1971-жылы мындан ары доллар алтынга байланбай турганын жарыялашат. Бүтүн дүйнө бул билдирүүнү "алдоо" катары кабыл алышканы менен доллар күчтүү валютага айланып калгандыктан, айла жок, дүйнөлүк валюта катары калган. Бирок АКШ бир аз кризис болсо эле доллар басып чыгара берип, ал 30-40 жыл мурункуга караганда 20-30 эсе түшүптүр.
2008-жылы чоң кризис болгон, ошол кезде америкалыктар расмий түрдө эле эки триллионго жакын акча чыгарып салышкан. Ал эми пандемия маалында 1,5 жылда 10 триллиондон ашык доллар басышты. Бул, албетте, инфляцияны күчөтөт. Дүйнөлүк эксперттер кризис күчөп доллар түшө баштаса, алтындын баасы көтөрүлөрүн айтышууда. Швейцарияда жайгашкан Эл аралык эсептөөлөр банкынын экономикадагы ролу абдан чоң. Керек болсо алар дүйнөлүк банктык системага стандарттарды киргизип турат. 2008-жылдан кийинки кризисте булар Базель III деген стандарт чыгарышкан. Он жыл ичинде экономика бир топ төмөндөп, банктык системага залакасын тийгизерин ошондо эле түшүнүшкөн экен. Ага туруктуу кылуу үчүн банктар резервди алтын менен көбөйтүү стандартына токтолушкан. Бул стандарт бардык мамлекетке толук кире элек, эгер толук кирсе, анда алтындын баасын аябай эле көтөрөт. Алтындын баасы менен доллар дүйнөлүк рынокто бири-бирине каршы ойношот. Американын Улуттук банкы болуп эсептелген Федералдык резерв системасы пайыздык ченди бир топ көтөрүп салуу менен доллардын туруктуулугун сактап турат. Бул учурда алтындын баасы түшүш керек болчу. Бирок андай болгон жок. Себеби башка мамлекеттер аны кармап турушат. Бүгүнкү күндө алтындын баасы Лондон фиксинг системасында коюлат. Булардын өзүнчө инструменттери бар. Эң негизгиси, Эл аралык валюта фонду улуттук валюталык фонддор менен иштешкенде өз эрежелерин киргизип, саясатын жүргүзөт. Алар эл аралык долларлык каржылоо системасына туруштук бериши керек. Ошондуктан бардык улуттук банктарды координациялашат. Биринчиден, улуттук банктардагы алтынды инвентаризациялоо. Экинчиден, алтындын баасы өсүп баратканда алтын резервдерин сатуу саясатын жүргүзүү инструментин колдонушат. Алтындын көлөмү көбөйгөндө баасы да түшөт. Лондондук биржада (ЛБМ — ред.) алтындын баасын түшүрүү үчүн аны кагаз түрүндө сатып алууга туура келген. Анткени банкта алтын сакталуу турат, бирок соодалашуу ага чыгарылган баалуу кагаз аркылуу гана жүрөт. Ошентип булар баалуу кагаздын көлөмүн абдан көбөйтүп жиберишкен. Мындай жол менен кагаздан акча жасашкан. Мисалы, банкта бир тонна гана алтыным болсо, он тонна алтындын кагазын чыгарып сатып жиберем. Ушул жол менен алтынга болгон суроо-талап төмөндөйт. Бул 20-кылымдын экинчи бөлүгүндө абдан акылдуу саясат болуп кеткен. Анын борбору — Лондон биржасы. Алтындын баасын түшүрүүчү ушул эки инструменттин арты менен доллар күчүн жоготпой келет. Америка валютасын канча басып чыгарса да анын курсун жасалма кармап турууга аракет жасашууда. Бирок бул система да түбөлүк эмес. Себеби жаңы дүйнө аталган Россия, Кытай башында турган БРИКС буга каршы туруп, акырындан бул система талкаланып жатат. Рынокто алтындын чыныгы баасы мындан 2-3 эсе кымбат турушу керек эле.
— Алтын рынокто өз баасына татышы үчүн кайсы бир валютаны алтынга байлап, долларга атаандаштык жаратууга болобу?
— Бул тууралуу да айтылууда. Акча басып чыкканда жөн эле чыгарбастан, келечеги бар жакшы өндүрүшкө жумшаса, жүгүртүү жакшырып инфляция болбойт. Ушундай жол менен акчанын көлөмүн экономикага салса болот. Бирок алтындын көлөмү аз да. Азыр дүйнөдө 200 миң тонна алтын бар. Анын жарымы зергерчиликке жумшалган (өзгөчө Түштүк Азия элдеринде — Мамытов). Ал эми 8 пайызы технологияга кетсе, 40 пайызы монетарлык алтын (80 миң тонна) болуп эсептелинет. Ошол себептен алтынга валютаны байлоого болбойт. Анда ар бир өлкө алтындын көлөмүнө жараша гана акча чыгарышы керек болуп калат. Алтынга экономиканы түздөн-түз байлай албайбыз. Россияда "юнит" аттуу санарип валюта чыгып жатат. Анын 30 пайызы улуттук акча бирдигине, 30 пайызы биржалык товарларга, 40 пайызы алтынга байланышы керектигин айтышууда. Ал эми Кыргызстандын алтыны улуттук байлык катары өлкө ичинде калышы керек. Азыр алтыныбыз бир аз көбөйгөнүнө кубанып жатабыз, бирок, мисалы, Казакстан менен Өзбекстандын 300 тонна алтыны бар. Булар кризис келе жатканын түшүнүп, тескерисинче, алтын сатып алышууда. Мисалы, Өзбекстанда эки алтын кен жана кайра иштетүүчү эки завод бар. Аны Улуттук банкы көзөмөлдөп турат. Абдан акылдуу саясат жүргүзүп жатышат. Ошол себептен мунун жол-жобосун таап, биз да алтынды кармап турсак болот эле.
© Sputnik / Асылбек БактыбековМамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов
Экономист Улукман Мамытов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2023
Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов
— Алтын казуу жаатында бир катар лицензиялар берилип кеткен. Мамлекет инвентаризация жүргүзүшү керекпи?
— Кумтөр улутташтырылганда алгач аны иштетүүгө технологиябыз жок, билимибиз жетпей кыйналдык. Бүгүн адистерибиз анын ыгын таап баратат. Ошол тажырыйбаны кеңейтишибиз керек. Чет элдик компанияларга эле тизгинди берип койбостон өзүбүз да иштеткенди билип, жок дегенде өнөктөш болуу деңгээлине жетишибиз керек. Алар да бизге келгенде өз жумушун абдан кымбат баалап коёру шексиз. Алардын катарына биздин адистер, компаниялар да кирип, экономикабызга үнөм болсун. Экинчи жагынан, эң негизгиси, өзүбүзгө да технология, тажырыйба керек. Бизге бул жаатта жүздөгөн майда ишкана эмес, 3-4 чоң ишкана болсо жетиштүү. Майда компаниялар бириксе чоң корпорация болуп күчү, капиталы да чоңоёт. Бизге келе турган корпорацияларга атаандаштык жарата ала тургандай түзүү керек. Бул жагынан япондордун тажрыйбасын алсак жаңылышпайбыз. Алар жеке фирмаларды да өнүктүрүп, аны банк системасы аркылуу мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн да пайдаланышат. Алтын казуу жаатында туруктуулукту орнотуп, өркүндөтүү үчүн болгон аракетти жумшашыбыз зарыл.
— Алтындын запасы деле аз. Кичинекей Кыргызстан үчүн алтын туруктуу экономикалык таяныч болуп бере албайт го?
— Бере албайт, бирок буга чейин кайсы бир деңгээлде таяныч болуп келген. Ошол эле учурда экономикасы кичинекей мамлекетпиз. Алтынды бирге бир иштетпей, жаңы инструменттерди чыгаруу керек. Батыштын жетишкендиктеринин бирден-бир себеби англосакстар алтынын катып коюп, ага баалуу кагаздарды чыгарып жатышат. Экинчиден, булар баалуу кагаздарды көп чыгарып жиберишкендиктен тең салмактуулугун жоготкон. Бул эки контурлуу экономика да. Азыр мунун экономисттердин арасында жакшы тарабай жаткан себеби — ал Батыштын экономикасына каршы келет. Анткени АКШ бизди бир контурлуу (долларлык) экономикага отургузуп койгон, аларга экинчи контурдун кереги жок. Советтер Союзу, Япония, Кытай мамлекеттери ушул эки контурлуу экономиканы жабык түрдө өнүктүрүшкөн. Алтынды ушул экинчи кабатка көтөрүп, өзүнчө экономикалык система түзүүгө болот. Алтынга таянган баалуу кагазды чыгарып, аны ликвиддүү активге (ликвиддүү активдер – акчага оңой айланган каражаттар — ред.) айлантып сырткы соодага деле жумшасак болот. Баалуу товарыбыз жок болсо, баалуу кагаздардын мааниси да жок болуп калат. Өз убагында Германия, Англия баалуу кагаздарды алгач ички экономикасына салып инвестициясын, корпорацияларын, заводдорун өстүрүшкөн. Жакшы продукция чыгарып, аны экспортко чыгарууну көздөшкөн. Мындай мисалдар тарыхта толтура. Алгач башында кыйын болгону менен бара-бара ыгы табылат. Бул келечектеги жемиштүү саясат. Ал Улуттук банктын статусунан да көз каранды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү, Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун (СУАР) партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2023
Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып калыш керек. Кыргыз-кытай кызматташуусу эмне берет
Жаңылыктар түрмөгү
0