Кутурмага кабылгандарды "жин кирди" деп молдого алып баргандар болот. Маек

© Sputnik / Табылды КадырбековАла Тоо аянтындагы жолбун иттер. Архивдик сүрөт
Ала Тоо аянтындагы жолбун иттер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2023
Жазылуу
Жакында эле Ош шаарында 12 жаштагы окуучу бала кутурма оорусунан көз жумду. Кутурма айыкпас дарт, бирок убагында эмдөө жүргүзүү менен кишини аман алып калууга болот. Өлүмгө көп учурда кайдыгерлик, билбестик кептейт.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулардын республикалык борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Бектурдиев жана Ветеринардык кызматтын эпизоотияга каршы иштерди көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы инспектору Дайыркул Саткынов болду.
— Кепти кутурма оорусу боюнча өлкө ичиндеги жалпы абал тууралуу баштасак?
Кубанычбек Бектурдиев: — Франциядан чыккан окумуштуу, иммунолог Луи Пастер дүйнө жүзүндө эң биринчилерден болуп кутурмага каршы вакцина ойлоп тапкан. Кутурма — бул өтө коркунучтуу дарт. Ал кутурган малдан адамга жугат. Убагында ооруканага кайрылып эмделбесе, инфекция жугузган адам каза болуп калат. Ушул күнгө чейин дүйнө жүзүндө бир да адам же жаныбар бул оорудан айыгып кете элек. Анткени дароо кайрылбай убакытты өткөрүп жиберишет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, жер бетинде ар бир 10 мүнөттө бирден адам кутурмадан каза болуп турат. Көбүнчө Азия өлкөлөрүндө катталат. Айрыкча Индияда жыл сайын кутурмадан 35-40 миң адам өлөт. Бирок бул беш континенттин баарында тең кездешкен оору. Айрым мамлекеттерде чанда гана катталат. Бизде жылына бир-эки учур өлүм менен аяктайт. Мындан 20 жыл мурун жылына 14-15 адам кутурманын курмандыгы болчу. Бара-бара 6-7ге түштү. Азыркы учурда статистикабыз абдан жакшы. Барган сайын ветеринардык көзөмөл жакшырып, акыркы учурда кутурма азайды. 2020-жылы пандемия маалында бир да учур катталган эмес. Демек, жылдан жылга жылыш бар. Акыркы он жылда 14 адам каза болсо, анын баары тең — ит тиштегенден жабыркаган жана медициналык жардам алууга кайрылбаган адамдар.
© Sputnik / Асель СыдыковаКарантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулардын республикалык борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Бектурдиев
Заведующий отделом эпидемиологии РЦКиООИЗ Кубанычбек Бектурдиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2023
Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулардын республикалык борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Бектурдиев
— Кутурма деле мезгил-мезгили менен козголуп турса керек?
Дайыркул Саткынов: — Ооба, анын вирусу жапайы жаныбарлардан тарагандыктан, бул инфекциядан толук арылуу мүмкүн эмес. Карышкыр, түлкүлөр тоодон жакага түшүп үй жаныбарлары менен алышканда жугат да, бир-эки ай өтпөй "баланча аймакта кутурма чыкты" деп угуп калабыз. Биз Айыл чарба министрлигине байланышып, биргеликте көзөмөлгө алууну сунуштап жатабыз.
— Оору бир гана тиштегенде эле жугабы?
К.Т.: — Туура, киши тиштегенден эле ооруп калбайт. Кутурма үй жана жапайы жаныбарлардын шилекейи аркылуу жугат. Кээде ооруган мал кожоюнун жалап койсо да денесиндеги тырыгы же ачык жарааты аркылуу өтөт. Ал эми кутурган жаныбарлар 10 күндүн ичинде өлүп калышат. Биздин практикада адамдардын 15 күндүн ичинде каза болуп калган учурлары болду.
Жолбун иттер да көбөйдү. Аларга жылына вакцина сайып туруу керек. 2021-жылы 42 385 ит атылган. Андыктан ит же жапайы жаныбар тиштегенден кийин дароо дарыгерге кайрылып, вакцина алуу абдан маанилүү. Эгер тиштеген соң убакыт өтүп кетип, бейтапта кутурманын клиникалык көрүнүштөрү байкалса, анда аны аман алып калуу мүмкүн эмес. Эмдөө алып жаткан учурда да атайын эрежелерди сактоо керек. Оор жумуштарды жасап, күн ысыкта сыртта жүрүп, ичимдик ичип же кеч эмделсе вакцина натыйжа бере бербейт.
— Оорунун өнүгүү процесси тууралуу айтсаңыздар?
К.Т.: — Жыл сайын жүзгө жакын адамды жаныбарлар тиштеген учур болот. Кутурма жуктурган кишиде оорунун белгилери 14 күндөн 90 күнгө чейин, кээде бир жылга чейинки убакытта байкалат. Оору адамдын жашына, жаныбар тиштеп алган жерине, жаракаттын оор же жеңил экендигине байланыштуу өнүгөт. Мисалы, жаракат баш же бетте болсо кыска, ал эми бут жакта болсо оорунун өнүгүү мезгили узак убакка созулат. Оорунун өнүгүүсү үч этапка бөлүнөт. Башында тиштелген жер ачышып, кызарып, шишип чыгат. Вирус нерв жолдору менен жүрүп отуруп, мээни жана жүлүндү катуу жабыркаткандыктан адамдын ички дүйнөсүндө жана психикасында өзгөрүүлөр пайда болот. Суудан, үндөн, жарыктан корко баштайт. Элден бекинип, көпчүлүктү жактырбай жалгыздыкты самайт. Башы ооруп, алсырап, тамакка табити тартпайт. Экинчи этапта кутуруп, ары-бери чуркап, көзү кызарып, шилекейи агып, тер басат. Бул учурда адам башкаларга кол салышы мүмкүн. Кийинки этапта ооруган адам тынчтанып, коркунуч сезими жоголот, өзүнө келип, денеси шал болуп каза табат.
© Sputnik / Асылбек БактыбековВетеринардык кызматтын эпизоотияга каршы иштерди көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы инспектору Дайыркул Саткынов
Главный инспектор отдела эпизоотического контроля Ветеринарной службы Минсельхоза Дайыркул Саткынов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2023
Ветеринардык кызматтын эпизоотияга каршы иштерди көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы инспектору Дайыркул Саткынов
Д.С.: — Дайыма оорунун очогу кармалып турган аймактар болот. Бул кооптуу. Негизинен оорунун 30 пайызы жолбун иттерден, калганы ар кандай жаныбарлардан жугат. Кээде талаалап жүргөн эшек, жайытта жүргөн жылкы же уй кутуруп калат. Мындан эки ай мурун Сузакта 1,5 жаштагы тай ооруп калып, лабораторияга изилдөөгө тапшырышты. Анын натыйжасында аймакты жолбун иттерден тазалоо иштери жүрүүдө. Борбордо деле үйдө баккан иттерге вакциналар сайылууда. Ал эми жолбун иттерди бирден кармап эмдөө мүмкүн эмес. Шаар эли, айыл башчылары демилге көтөрүп мындай иттерди жок кылбаса, коркунуч абдан чоң.
— Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 2030-жылга чейин кутурмадан каза болгондордун санын кыскартуу планы бар экен. Бул жаатта кандай иштер аткарылууда?
К.Т.: — Ооба, 2030-жылдан баштап бир да адам кутурмадан каза болбошу керектиги айтылууда. Кутурма жугузгандан кийин дароо ооруканага кайрылса аман калышы мүмкүн. Бизде деле мурункуга караганда оору азайып калды. Иттин да ден соолугуна кам көрүү керек. Эрежелерди так аткарсак оорудан арылышыбыз мүмкүн. Буга чейин деле сенек, чечек өңдүү илдеттер көп адамдын өмүрүн алып келсе, кийин жок болду да. Демек, баарыбыз тең жапа тырмак иш алып барышыбыз керек. Бизде кутурма оорусунан каза болгон адам катталбай калат. Кайдыгерликти таштайлы. Кээде кутурманы "жин кирди" деп молдолорго дарылаткан учурлар болот. Алгач бети албырып, дене табы ысып, көздөрү кызарат. Убагында ооруканага кайрылбаса өлүм менен аяктайт. Бирок жыл сайын алты миңдей адамга вакцина сайып жатабыз.
Майыптыгы бар кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2023
19 жаштагы балдар инсульт болууда. Кыргызстанда майыптык кантип аныкталат?
Жаңылыктар түрмөгү
0