Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украинанын "америкалык кыялы": эки айга жетерлик гана каражат бар

© Пресс-служба президента УкраиныАКШ жана Украинанын желектери. Архивдик сүрөт
АКШ жана Украинанын желектери. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2023
Жазылуу
Кандай гана армия болбосун "булчуңду" акча чыңдайт. Россиялык атайын аскердик операция зонасындагы украиналык аскерлер АКШнын аскер-каржылык колдоосунун эсебинен гана каршылык көрсөтүп жаткан. Бирок Батыштын берешендигине чекит коюлганы турат.
Себеби Украина үчүн каралган америкалык акча түгөнөйүн деп калганын белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Бул сапар автор Батыштын Украинага каржылык колдоосуна баам салган. Вашингтондун планы боюнча мындан ары НАТОнун Россия менен прокси согушунун жүгүн европалык союздаштары көтөрүүгө тийиш. Анткен менен алардын бөлөктөргө көмөк көрсөткөнгө дарманы жок. "Украиналык долбоор" болду-болбоду афган сценарийи боюнча кыйрайт окшоп калды.
АКШнын Ак үй администрациясы 3-октябрда киевдик режимди толук масштабдуу каржылык жана аскердик колдоо үчүн эки айга жетерлик гана каражаты турат. Болжол менен декабрдын башында түгөнүшү мүмкүн. Пентагон мурдагы күнү союздаштарына колдоо каражаты тартыш экенин эскертти. Болгону 5,4 млрд. доллар калган, ал эми АКШ Конгресси Украинага кошумча акча бөлүүнү колдогон жок. Буга дейре Америка Россия менен прокси согушка 113 млрд. доллар сарптаган.
АКШ президенти Жо Байден көзөмөлүндөгү мамлекеттердин лидерлерине телефон аркылуу Украина Куралдуу күчтөрүн каржылоонун тийиштүү параметрлери жөнүндө көрсөтмө берген. Сап башында Улуу Британия, ФРГ, Франция, Польша, Румыния, Япония бар.
Европа өлкөлөрү өз коопсуздугуна зыян келтирбестен Киевди курал менен жабдый албайт. Европа биримдиги Украина Куралдуу күчтөрүн колдоого жетишерлик өндүрүштүк кубаттуулугун күчөтө алышкан жок. Британия да аскердик жабдуунун жетер чегине жетип калды, Украинада өз эски куралдарынын акыркыларын жок кылууда. Маселен, 1962-жылы чыккан FV432 Bulldog бронетранспортерлор. Латвия Россияга каршы NAMEJS 2023 аскердик машыгууларын өткөрсө, Эстония коргоо өнөр жай кубаттуулугун "согуштук кырдаал масштабында" арттырууга ниеткер. Литванын ТИМ башчысы Габриелюс Ландсбергис НАТОну Украинаны "өзөктүк калкалоого" алууга чакырды. Адатта аскердик парадда майда барабанчылардын добушу катуу чыгат эмеспи.
Вашингтондогу АКШнын Ак үйү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ бийлиги Украинаны узакка колдоо үчүн акча жоктугун айтышты
Киевдик режим аргасыз абалда. Батыштан алган "инвестицияларды" актоого акыркы күчүн жумшоодо. "Украинага берилген жардамдын" көп бөлүгү АКШнын кызыкчылыгына жана анын территориясында эле сарпталат. Европада Россия менен прокси согуш америкалык аскер өнөр жай комплекси үчүн пайдалуу. Кандай болсо да Пентагон согуштук аракеттер башталган 20 айдан бери Украина Куралдуу күчтөрүнө 2 млн. артиллериялык дүрмөт берген, ал эми ушундай эле өлчөмдө кайрадан өндүрүүгө узак жылдар зарыл.
Украиналык согуштук аракеттер театрында ок-дары ушундай тездик менен түгөнүп, арсенал заматта бошой түштү.
АКШ менен альянс же киевдик режимге аскердик колдоо көрсөтө албай, же өзөктүк эмес курал жаатында аргасыздыгына моюн суна албай турган чактары. Анан Украина Куралдуу күчтөрүнүн донор өлкөлөрүнүн ортосундагы ажырымды Вашингтондогу саясий пикир келишпестиктер жана Европадагы шайлоолордун согушка каршы акценти (Польша – ноябрь, Испания – декабрь) да курчутууда. Россияга каршы "биримдикке" Венгрия, Сербия, Словакия да доо кетирүүдө. Будапешт 2024-2027-жылдары Украинага европалык жардам топтомун эки эсеге – 25 млрд. еврого кыскартууну сунуштады. АКШ менен Европа лидерлеринин ортосундагы ажырым да айдан ачык.
Европалык дипломатия башчысы Жозеп Боррель 3-октябрда Киевде өткөргөн 27 донор өлкөнүн өкүлдөрүнүн кезексиз кезигүүсү дээрлик майнапсыз. The American Conservative: "Москванын стратегиялык максаты – Украинаны АКШ менен НАТО өлкөлөрүнүн Россияга каршы аскердик күчү чагыла турган аянтчага айланышына жол бербөө", – деп белгилеген.
Кошмо Штаттар менен НАТО 2022-жылы украиналык согуштук аракеттер театрына Россияны "стратегиялык кыйратуу" үчүн болгон ресурстарын салган. Бүгүнкү күндө түгөнүп бараткан "демократия арсеналы" жана саясий бөлүнүү жамааттык Батыштын пландары кыйраганын айгинелеп турат. Россия койгон талаптарга төп келген жаңы дүйнө курулар күн алыс эмес.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram- каналына жазылыңыздар.
Россия аскерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Россия Украинадагы атайын операциянын бардык максатына жетет
Жаңылыктар түрмөгү
0