https://sputnik.kg/20231005/ajtuuchuluktun-ordu-chon-1079150785.html
Манасчы: айтуучулук жоголсо эпосторубуз "өлүк" чыгармага айланат
Манасчы: айтуучулук жоголсо эпосторубуз "өлүк" чыгармага айланат
Sputnik Кыргызстан
"Манас" улуттук академиясынын президенти, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору Талантаалы Бакчиев айтуучулук өнөрдүн ошол элдин... 05.10.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-10-05T10:25+0600
2023-10-05T10:25+0600
2023-10-05T10:25+0600
радио
кыргызстан
айтуучулук
эпос
өнөр
тарых
келечек
талантаалы бакчиев
https://sputnik.kg/img/104352/19/1043521963_0:116:3067:1841_1920x0_80_0_0_ff334be2ac3ed4e4c2d64bc648cf3d1e.jpg
Манасчы: айтуучулук жоголсо эпосторубуз "өлүк" чыгармага айланат
Sputnik Кыргызстан
Манасчы: айтуучулук жоголсо эпосторубуз "өлүк" чыгармага айланат
Сибирь, алтай, хакас элдеринде айтуучулук өнөр зор мааниге ээ. Бул өнөр ээлерине ошол элдин кодун алып жүрүүчүлөр катары мамиле күтүшөт. Бул тууралуу Талантаалы Бакчиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, кыргыздар азыр деле айтуучулук өнөрдүн жашоодогу ордун анчейин аңдап-түшүнбөй келет.Ал улуттун иденттүүлүгүн сактап калууда калк өзү айтуучулук өнөрүнө өзгөчө көңүл буруусу керектигин кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104352/19/1043521963_215:0:2944:2047_1920x0_80_0_0_9e62361544aefcbb03947ba99c035368.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, айтуучулук, эпос, өнөр, тарых, келечек, талантаалы бакчиев, аудио
кыргызстан, айтуучулук, эпос, өнөр, тарых, келечек, талантаалы бакчиев, аудио
Манасчы: айтуучулук жоголсо эпосторубуз "өлүк" чыгармага айланат
"Манас" улуттук академиясынын президенти, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору Талантаалы Бакчиев айтуучулук өнөрдүн ошол элдин келечек тагдырында орду өтө маанилүү экенин белгиледи.
Сибирь, алтай, хакас элдеринде айтуучулук өнөр зор мааниге ээ. Бул өнөр ээлерине ошол элдин кодун алып жүрүүчүлөр катары мамиле күтүшөт. Бул тууралуу Талантаалы Бакчиев
Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кыргыздар азыр деле айтуучулук өнөрдүн жашоодогу ордун анчейин аңдап-түшүнбөй келет.
"Мындан жүздөгөн жылдар мурда айтуучулук өнөр жогору бааланып, касиеттүү, ыйык деп эсептелген. Аны алып жүрүүчүлөр саясий иштерге активдүү аралашып, лидерлерди жандап жүрүшкөн. Бул жөн жерден чыга калган эмес. Анткени айтуучулук өнөр ээлери ошол элдин генетикалык кодун алып жүрүүчү катары кабылданат. Ошол эле Россия Федерациясынын субъектилери болгон, айтуучулукту алып жүргөн республикаларды карасак ушул күндө да аталган өнөр ээлерин өтө жогору баалашат. Биздин да уучубуз куру эмес, айтуучуларыбыз бар. Бирок азыркыга чейин эле анын жашообуздагы ордуна, маани-маңызына анчейин көңүл бурбай келгендейбиз. Биздин Манастын мисалында же башка эпосторубузду деле саамга айтуучулук өнөрүсүз элестетип көрөлүчү. Ал байыркы гректердин "Илиадасындай" жөн гана кагаз бетинде калган "өлүк" эпоско айланат", — деди Бакчиев.
Ал улуттун иденттүүлүгүн сактап калууда калк өзү айтуучулук өнөрүнө өзгөчө көңүл буруусу керектигин кошумчалады.