Дыйкан биринчи кадамын топуракты анализдөөдөн башташы керек. Адистин маеги

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүТалаада иштеген аял. Архив
Талаада иштеген аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2023
Жазылуу
Айдоо жерлер эгемендик алгандан кийин үлүшкө берилген. Натыйжада жер иштетүү маданияты түшүп, топурак кунардуулугун жоготту. Бул түшүмгө түз таасирин берет. Учурда кайрадан топуракты байытуу маселеси көтөрүлүүдө.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Айыл чарба министрлигине караштуу Топурак агрохимиялык станциясынын директору Кутман Исаев болду.
—1990-жылдардан кийин эл жапырт жер иштетүүгө багыт алып, бара-бара топурактын кунардуулугу жоголду. Эми кайрадан айдоо жерлерди жакшыртуу талапка ылайык болууда. Учурда агрохимиялык абал кандай?
— Колхоз тарагандан бери жер иштетүү маданияты бир топ түшүп кеткен. Бүгүнкү күндө дыйкандар мунун маанилүүлүгүн өздөрү деле түшүнүп калды. Алгач топуракты агрохимиялык анализге өткөрүү керек. 2012-жылдарга чейин биздин лабораторияга республика боюнча 15-20 эле адам кайрылчу. Бул көрсөткүч акырындан өсүп отуруп, быйыл 9 айдын жыйынтыгы менен топуракты изилдөө үчүн 3 527 үлгү келип түшкөн. Бизге көбүнчө Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облусунан келишет. Өлкөдөгү айдоо жерлердин пайызы менен алсак бул кыйла аз, бирок топуракка анализ кылдыргандар жакшы натыйжага жетишүүдө. Жер семирткичтерин убагында берип, сугарып, зыянкеч чөптөрдөн арылткан дыйкандар азыр гектарына 70-80 центнерден түшүм алышууда. Жазгы талаа иштерине даярдыктар күзүндө оруп-жыюу бүткөндө эле башталышы керек. Кээде “эки-үч күндөн кийин жер айдайт элем, текшерип бериңиз” деп анализге топурактын үлгүсүн алып келген дыйкандар болот. Бул туура эмес.
— Топурак кыртышынын кунардуулугу кандай болууда?
— 2019-жылы жалпы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ФАО) менен иштешип, республика боюнча 37 миң гектар сугат жерлерин изилдеп чыктык. Топурактын асылдуулугун гумустун көрсөткүчүн текшерип билебиз. Биздин жерлерде гумустун камтылышы 34-37 пайызды түзөт экен. Демек төмөн. 1990-жылдарга чейин деле айрым жерлерде гумус аз болчу, бирок кийин андан да түшүп кетти. Азыр жалпы жерибиздин гумус менен орточо камтылышы 49 пайызды түзсө, анын 17 пайызы гана талапка жооп берет. Мындан тышкары, фосфор азыктары да абдан маанилүү. Жерлерибиздин фосфору 80-90 пайызга төмөн же жокко барабар. Фосфор — бул өсүмдүктөрдүн сапатын, тамырын жакшыртып, түшүмүн мол кылат. Муну менен катар калий азыктары да төмөн деңгээлде, топуракта камтылышы 19 пайызды түзүүдө. Ал эми орточо деңгээли 42 пайызга жетет. Калий жетиштүү болсо өсүмдүктөр ар кандай климаттык шарттарга, курт-кумурскага туруштук берет. Ошондой эле топуракта гумус менен азоттун көрсөткүчү бирдей жүрөт. Топурактын гумусу канчалык жогору болсо, азотту ошончолук аз берүү керек. Бардык азык чеги менен берилет. “Азотту канчалык көп берсек, ошончолук көп түшүм алабыз” деген түшүнүк туура эмес. Жерди изилдөөнүн жыйынтыгы менен гана азыктандырабыз.
© Sputnik / Асел АкматАйыл чарба министрлигине караштуу Топурак агрохимиялык станциясынын директору Кутман Исаев
Директор Республиканской почвенной агрохимической станции Минсельхоза Кутман Исаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2023
Айыл чарба министрлигине караштуу Топурак агрохимиялык станциясынын директору Кутман Исаев
— Күзгү оруп-жыйноодон кийин топуракты азыктандыруу процесси кандай жүрүшү керек?
— Топуракты анализге алганда да туура алуу шарт. Мисалы, жериңиз квадрат түрүндө болсо, төрт бурчунан жана ортосунан (конверт түрүндө — К.Исаев.) 25 сантиметрге чейин казып аласыз. Ушул беш чекиттин топурагын абдан аралаштырып, бир килограммга жакынын лабораторияга өткөрөсүз. Эгер жериңиздин узундугу узун, туурасы кыска болсо Z формасында ар кайсы жеринен топурак алынат. Канчалык көп чекиттен алынса анализ ошончолук туура болот. Жыйынтыгында канча өлчөмдө кайсы жер семирткич керек экени аныкталат. Ал эми мөмө–жемиштер үчүн бакчанын үч жеринен топурак үлгүсү алынат. Бири 10-15 сантиметр тереңдикте бактын түбүнөн, экинчиси 60-70 сантиметр ары. Мындан тышкары, бак тигиле турган жерди 70-80 сантиметрге чейин казып, андан да үлгү алынат. Себеби мөмө-жемиш бактары эң биринчиден тузга дуушар болбошу керек. Туздуу топуракка көп жылдык малина, карагат өңдүү мөмө-жемиштерди отургузууга болбойт. Туздуу топурак өсүмдүктөргө бычак. Биздин жердин топурагы негизинен нейтралдуу же бир аз шакардуу болот.
— Лабораториялык анализдердин баасы канча?
— Жалпы анализ 1 550 сомду түзөт. Эгер дыйкан топурактын шорун же туздуулугун өзүнчө дагы текшертүүнү кааласа, анда 800 сом кошулат. Нормасы боюнча бир анализ сугат жерлерге үч жылга чейин жарайт. Кайрак айдоо жерлериники беш жылдан жети жылга чейин болот.
— Аймактар географиялык жактан бири-биринен айырмаланат эмеспи. Бир эле өсүмдүктү бир жерге өстүрө берүүнүн натыйжасы кандай болот?
— Ар бир өсүмдүктүн ар кандай оорулары жана зыянкечтери болот. Бир эле жерге бир өсүмдүктү өстүрө берсе, өсүмдүктүн оорусу топтоло берет. Натыйжада өсүмдүккө зыян келип, түшүмү жылдан-жылга төмөндөйт. Ошол себептен которуштуруп айдоону колдонсок абдан жакшы болот эле. Ирилештирип кооперация түзүү маселеси да жолго коюлбай жатат.
Учурда Баткенден башка аймактарда топурак кабыл алуу борборлору бар. Болгону төрт лаборатория иштеп жатат. Дыйкандар лабораторияга 100-150 чакырым жол басып келип жатышат, бул топурактын да сапатына таасир этет. Ал эми атайын чемодандын жардамы менен жеринде топурак текшерүү 3-4 эсеге кымбат. Ошол себептен дагы лабораториялар салынса жакшы болот эле.
Жерди туура иштетүү түшүмдүүлүктү жогорулатат. Жол-жобосу
— Сиздерде санариптештирүү иши кандай жүрүүдө?
— Биз “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу мамлекеттик ишканасынын филиалы болгондуктан, 2023-жылы автоматташтырылган маалымат системасын ишке бердик. Мобилдик жүктөмөдө сайтыбыз бар. Ошол сайтка кирип, анализди буюртма кылсаңыз болот. Дыйкан ал жерге жеке кабинетин ачып, логин, паролун киргизет. Google картадан өзүнүн жерин таап белгилесе эле аянты чыгып калат. Андан кийин кайсы анализдерди тапшырарын көрсөтүп, онлайн калькулятордон баасын билип, код аркылуу акчасын төлөп, анан топурагын алып барып берет. Төрт лабораториянын ичинен дыйкан өзүнө жакынын тандап алат. Эгер адистерди чакыртса, аларга кошумча акы төлөнөт.
— Өлкөдө туздуулукка чалдыккан айдоо жерлердин көлөмү канча?
— Республика боюнча 146, 6 миң гектар туздуулукка жана 98, 8 миң гектар жер шордуулукка чалдыккан. Жалпы 1 миллион 200 миң гектар айдоо жеринин мындай көрсөткүчү, албетте, көп. Туздуулук — аз, орточо жана шор деңгээлде болуп бөлүнөт. 1967-жылы Николай Баженов аттуу топурактын туздуулугун изилдеген окумуштуу “эгер топурак тузга аз деңгээлде дуушар болсо, түшүмү 15-20 пайызга чейин, орточо туздуу болсо 20дан 50 пайызга чейин төмөндөйт. Ал эми өтө туздуу жерден 80 пайызга чейин төмөндөсө, шор жерде эчтеке өспөйт” деп жыйынтык чыгарган. Бүгүнкү күндө гектарына 30 центнерден түшүм алуу керек эле. Бирок туздуулуктун айынан республика боюнча 1 миллион 17 миң центнер түшүмдү ала албай калуудабыз.
— Туздуулуктан кантип арылууга болот?
— Туз менен шорду кетирүү абдан оор процесс. Биринчиси — суу аркылуу тузду эритүү процесси, экинчиси — жерди гипстөө. Экинчиси кымбатыраак болгону менен жердин курамын да жакшыртат. Беде айдап чаап туруп, жерди кайра айдап салса органикалык жер семирткич болуп берет.
— Дыйкандарга кандай кеңештерди бересиз?
— Жалпы республика боюнча 400 миңден ашык жер пайдалануучубуз бар. Дыйкандар эң эле биринчи кадамды топуракты анализдөөдөн башташы керек. Фосфор, калий өңдүү жер семирткичтерди күзүндө чени менен топуракка чачып туруп айдап салса жазга чейин ным да топтолот. Жер семирткичтер да топуракка эрип тарайт. Ушундай ыкма менен пландаштырылган айдоонун натыйжасы да жакшы болот.
Открытие роботизированной молочной фермы на базе Кубанского аграрного университета - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2023
Сырттан кирген асыл тукум мал менен оору да келип жатат. Ветеринардын маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0