Сырттан кирген асыл тукум мал менен оору да келип жатат. Ветеринардын маеги

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүОткрытие роботизированной молочной фермы на базе Кубанского аграрного университета
Открытие роботизированной молочной фермы на базе Кубанского аграрного университета - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2023
Жазылуу
Кыргызстан агрардык өлкө дегенибиз менен көйгөйлөр да жок эмес. Мал жандыктарынын оорусуна көбүнчө адамдардын жоопкерчиликсиз мамилеси себеп болот экен.
Sputnik Кыргызстан редакциясында ветеринар-хирург Улукбек Нурланов болду. Биз учурдагы жергиликтүү ветеринария жана мал оорусун дарылоо, алдын алуу жолдору тууралуу сүйлөштүк.
© Sputnik / Жоомарт УраимовВетеринар-хирург Улукбек Нурланов
Ветеринар-хирург Улукбек Нурланов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2023
Ветеринар-хирург Улукбек Нурланов
— Сиз блог ачып, элге TikTok аркылуу маалымат берип жүрөсүз. Бул кесипке кандайча келип калгансыз?
— Негизи шаарда жашасам да малга жакын болдум. Бул менин экинчи кесибим. Каракол шаарынан эмгек жолумду баштап, ошол жактан практикадан өттүм. Адам күнүнө өзүн өнүктүрүп турушу керек.
— Кыргызстанда мал чарбачылыгы боюнча эң чоң көйгөйдү атасаңыз. Кайсы оору биринчи орунда турат?
— Негизи адамдын малга болгон жоопкерчилиги көйгөйгө айланып калды. Себеби университеттеги мугалимибиз мал оорубаш үчүн эки гана эрежени сактоо керектигин айткан. Биринчиси — мал кармоо шарты. Малды жалаң эле чөп менен бакпаш керек. Микроэлементтерге бай жер-жемиш да берип турса эч кандай оору-сыркоо жукпайт. Адамдардын ден соолугу деле ушундан аксап жатат. Экинчиси — жоопкерчиликсиздик. Өлкөбүз деле миллиондогон вакцина бөлүп берет. Эл өзү кайрылбайт же аймактык ветврачтардын кээ бири өз убагында вакцина сайбай ишине шалаакы мамиле жасайт.
— Азыркы учурда кайсы оорулар көп кездешет?
— Жылкы арасында сальмонеллёз, бодо малда бруцеллез (кара сан) деген оорулар көп. Ал эми койлордо листериоз көп катталууда. Жайытта оттогон койлордун шилекейинен башка малга жугуп, экономикага көп зыян келтирип жатат. Вакцина алышат, бирок анын пайдасы тийбей калган учурлар да болот. Анткени айылдарга жеткирүүдө дары туура температурада жөнөтүлүшү керек. Бир аз жогору температурада кармалып калса эле жарактан чыгат. Эл деле кең пейилдикке салып "мейли, малга көрүнсүн" деп эч кандай талап деле кылышпайт.
© Sputnik / Жоомарт УраимовУлукбек Нурланов: Ача туяктууларда кездешкен көк мээ (цинериоз) оорусунун личинкасы күчүктөрдөн жугат. Ошол себептен ит-мышыкты убагы менен дарылатып туруу керек. Иттер чөпкө заңдап, анда калган личинка малдын ичине кирип мээсин жабыркатат.
Ветеринар-хирург Улукбек Нурланов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2023
Улукбек Нурланов: Ача туяктууларда кездешкен көк мээ (цинериоз) оорусунун личинкасы күчүктөрдөн жугат. Ошол себептен ит-мышыкты убагы менен дарылатып туруу керек. Иттер чөпкө заңдап, анда калган личинка малдын ичине кирип мээсин жабыркатат.
— Кыргызстанда көп кездешкен ооруларды алдын алуу жана айыктыруу жолдорун айта кетсеңиз?
— Ача туяктууларда кездешкен көк мээ (цинериоз) оорусунун личинкасы күчүктөрдөн жугат. Ошол себептен ит-мышыкты убагы менен дарылатып туруу керек. Иттер чөпкө заңдап, анда калган личинка малдын ичине кирип мээсин жабыркатат. Болбосо ал паразитке каршы дарынын бир таблеткасы 15-20 сом эле турат. Аны алты айда бир жолу итке берип турса оорубайт. Бул адамдын жоопкерчилигинен көз каранды. Малга деле алдын ала вирустарга каршы вакцина жасаш керек. Ивермек же мерадок деген дарыны сайып койсо болот. Бул малдын ички органдарында же сырткы териде жүргөн вирустарды жоготот. Союз кезинде дарылоо мүмкүн эмес деп келишкен көк мээ дартын биздин клиникада дарылап жатабыз. Цинериоз болгон бодо малдын мээсинен личинканы операция жолу менен алуу ыкмасын таптык. Бул операцияны жасаган клиникабыздын хирургу патент алган. Операциялар жасалып жатат, жыйынтыктары жакшы. Кээде паразиттер ар кандай жайгашып калат. Мисалы, мээнин оң же сол жагында болсо оңой эле чыгат. Эгер курт жүлүнгө жайгашкан болсо, анда бир аз кыйын. Ийгиликтүү операция хирургдан эмес, анын жайгашкан жеринен көз каранды.
— Биздин малчылар ооруп калган малды дарылатпастан эле дароо союп салууну адатка айлантышкан го...
— Кээде малдын чөбү ичинде калып эле жатында чирий берет. Ошол учурда аорта артериясына дары сайса болот. Ал дары жатынга түз барып ичин дарылайт. Чириген калдыктар өзү эле түшүп калат. Буга операциянын кереги жок. Ушундай оору менен жабыркаган малды дароо эле союп колбасага айдабай, бизге кайрылса болот.
Азыр ит-мышыгын алып келгендер да бар. Бирок туудурбай турган дары берип турушат. Бул зыян. Себеби рак клеткаларын ойготот.
Кээ бир адамдар малды дарылатып, операция жатсаткандан уялышат экен. "Союп эле салбайсыңбы" деп кошуналары же теңтуштары деле айта берет. Сойгонго арык. Андан көрө дарылаган оң. Кээде мал тууй албай кыйналат. Ошол учурда кесарево жолу менен туудурабыз. Муну да көбү жактырбай малды колбасага өткөрүп салат. Кызык окуялар да болот. Бир ирет Ысык-Көлдүн Чолпон айылында уйга операция жасап, улуу баласына карматып тигип жатсам ээси ооп жыгылды. Аны эптеп эс алдырып, экинчи уулун чакырып кармап турган. Бир аздан кийин ал да теңселип отуруп калса болобу. Көрсө, канды карай алышпайт экен.
© Sputnik / Жоомарт УраимовУлукбек Нурланов: бир ирет Ысык-Көлдүн Чолпон айылында уйга операция жасап, улуу баласына карматып тигип жатсам ээси ооп жыгылды. Аны эптеп эс алдырып, экинчи уулун чакырып кармап турган. Бир аздан кийин ал да теңселип отуруп калса болобу. Көрсө, канды карай алышпайт экен.
Ветеринар-хирург Улукбек Нурланов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2023
Улукбек Нурланов: бир ирет Ысык-Көлдүн Чолпон айылында уйга операция жасап, улуу баласына карматып тигип жатсам ээси ооп жыгылды. Аны эптеп эс алдырып, экинчи уулун чакырып кармап турган. Бир аздан кийин ал да теңселип отуруп калса болобу. Көрсө, канды карай алышпайт экен.
— Сиздерге көбүнчө кандай көйгөйлөр менен кайрылышат?
— Жаныбарлардын ички органдарынын оорусу менен көп кайрылышат. Мал талаадан ар кандай таштандыны жей берип ашказанына толуп калышы мүмкүн. Кээде малдын ичинен 50-60 метрлик аркандар чыгат. Бул көп кооптуу эмес. Буга караганда 5 сантиметрлик мык коркунучтуу. Оор зат карындын ылдый жагындагы чөйчөк карынга түшүп, тешип кете берет. Андан боорду тешип, жүрөктүн иштешине тоскоолдук жарата баштайт. Көбүнчө уйларда кездешет. Жүздүк мыктарды операция жолу менен да эптеп алып чыгабыз. Мал табиятты таза сактабагандыктан да жабыркайт. Витамин жетишпегенден айрым адамдар топурак жеп, бензиндин жытын жактырып жатпайбы. Мал деле ошол, витамин жетишпегендиктен ар кандай желим баштыктарды, таштандыларды жей берет. Тоюттун сапатына көңүл буруу керек.
— Малды кантип сапаттуу тоюттандыруу керек?
— Малды жакшы багып, сапаттуу эт алууну каалагандар микро жана макроэлементтерди бериши керек. Мисалы, жемдин өзүн эле эмес, ага алма, кызылча, сабиз, картошка жана башка жашылча-жемиш кошкону оң. Азыр балыктын майын жемге аралаштырып берүү жакшы жыйынтык көрсөтүүдө. Кыргызстанда арашан тукумундагы койлор абдан мыкты. Билгендер булардын жемине сабиз менен балыктын майын аралаштырып берет. Ал эми уйларга азыр седимин деген витамин сайдырып коюшат. Операциядан кийин мал көп көңүл бурууну деле талап кылбайт. Бирок көк мээ дартынан улам операция болгон малдын башы сокку албай, күнгө калтырылбашы зарыл.
Малды баккан максатына жараша тоюттандырабыз. Мисалы, семиртүү үчүн күнүнө бир эле жолу чөп берип, аштоого дайыма жем толтуруп коюу керек. Бирок бул режимге да акырындан көндүрүү кажет. Дароо эле антип берсе мал күптү болуп өлүп калышы мүмкүн. Ача туяктуулардын кепшеп турушу үчүн бир ирет чөп салынат. Сүт багытындагы уйлардын тоютунан, вакцинасынан тышкары кармоо шартынан да көп нерсе көз каранды. Алды дайыма жумшак болушу шарт. Салмагы оор болгондуктан буттары шишип, артрит же полиартрит боло баштайт. Кээде уйлар да тамакка ууланат. Анткени аштоосунда калып калган суу сасып, көк пайда болот. Аны ичип алышат. Анан да турган жери желдеп турушу керек. Себеби заарасы менен заңынан аммиак бөлүнүп чыгат.
© Sputnik / Жоомарт УраимовУлукбек Нурланов: малды баккан максатына жараша тоюттандырабыз. Мисалы, семиртүү үчүн күнүнө бир эле жолу чөп берип, аштоого дайыма жем толтуруп коюу керек. Бирок бул режимге да акырындан көндүрүү кажет.
Ветеринар-хирург Улукбек Нурланов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2023
Улукбек Нурланов: малды баккан максатына жараша тоюттандырабыз. Мисалы, семиртүү үчүн күнүнө бир эле жолу чөп берип, аштоого дайыма жем толтуруп коюу керек. Бирок бул режимге да акырындан көндүрүү кажет.
— Асыл тукум малды кымбат баага сатып келип баккандар бар. Сиздин практикаңызда ушул малга да жоопкерчиликсиз мамиле жасагандар болдубу?
— Пандемия маалында кыргызстандыктар Тоолуу Алтайдан жана Россиядан мал ташып, экинчи сорттогу мал келип жатты. 2020-жылы мал да шарп менен катуу оорду. Бизде ал дарттын эки эле түрү жашайт. Негизи дүйнө жүзү боюнча жети түрү бар. Тоолуу Алтайдан ошол мал менен кошо шарптын башкача түрү келди. Бул да алып келген адамдардын жана бажыдагы ветеринардык инспекциянын жоопкерчиликсиз мамилесинен. Азыр адамдар түшүнүп асыл тукум жылкыларды, сүт багытындагы уйларды алып келип башташты. Бирок этият болушса дээр элем.
— Тоюттун түрү да көбөйүп кетти. Сырттан кирип жаткан тоютту тандоодо эмнеге көңүл буруу кажет?
— Жаңы тоюттардын бизге кереги деле жок. Анткени биздин жайыттар бай эле. Бул климатка байланыштуу. Быйыл бир аз кургакчыл болду. Ошондуктан чөп тартыш. Жеке кеңешим — жүгөрү себүү кажет. Витаминдүү азык болгондуктан жүгөрүдөн соң чөптү бир гана маал берүүгө болот. Биздин малдын этинин сапаты жакшы, сатуу менеджменти гана өнүкпөй жатат.
— Ветеринарияда дайыма эле дары-дармек менен катар адистердин жетишсиздиги айтылат...
— Ветврачтар көп, бирок жалкоолуктанбы же жоопкерчиликсизденби, көбү өзүн өстүрүп изденбейт. Азыр ветеринария деле бир орунда турган жок. Интернетте маалымат көп. Аны окуп, ошонун негизинде эле дарылоого болот. Сезонго жараша малга тийиштүү вакциналар сайылышы керек. Буга аймактык ветеринар милдеттүү. Анткени өкмөт тийиштүү дарыны жеткирип турат.
Азыр аарыларды дарылган адистер менен ихтиологдор жок. Өткөн жылы балыктар кайсы бир илдет менен ооруп миңдеп кырылды. Аны таба албай койдук.
Этти лабораторияда текшерүү. Архивдик сурөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2023
Кыргызстанда ветеринария тармагы башаламан болуп калды. Академиктин маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0