Улуу-кичүүнүн сыйына татыган калемгер. Түмөнбай Байзаковду эскерүү
18:23 01.10.2023 (Жаңыртылды: 12:54 02.10.2023)
© Фото / предоставлены Динарой БайзаковойКыргыз Республикасынын Эмгек Баатыры ардактуу наамынын ээси, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, акын, котормочу Түмөнбай Байзаков. Архивдик сүрөт
© Фото / предоставлены Динарой Байзаковой
Жазылуу
Быйыл Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгы белгиленип жатат. Сүрөткер акын, керемет лирикалардын автору, котормочу адабиятка кеч келген. Кадимки акын Барпыны изилдеп, анын чыгармачылыгын азыркы муундарга жеткирген инсан.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Туяк" рубрикасында конокто Кыргыз Республикасынын Эмгек Баатыры ардактуу наамынын ээси, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, акын, котормочу Түмөнбай Байзаковдун тууганы Асанбек Моноев жана айылдашы, режиссер Рысбек Жабиров болду.
— Кепти Түмөнбай агабыздын бала чагы, ата теги тууралуу баштасак...
Асанбек Моноев: — Туулган мезгили 1923-жылдын 23-сентябры деп белгиленген. Бөкөй азыр Сузак районунун Атабеков айыл өкмөтүнө караган он жети айылдын бири.
Бала чагынан зирек эле. Чоң энеси көп жомок айтып берген. Мугалимдер жетишпегендиктен аны Сузак районундагы Надежда Крупская атындагы жети жылдык мектепке башталгыч класстын мугалими кылып жумушка алышат. Ал кезде болгону 17 жашта эле. Ушул эле жылы Александр Пушкин атындагы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайынан сырттан билим алып баштайт.
© SputnikТүмөнбай Байзаковдун тууганы Асанбек Моноев: Мугалим жетишпей аны Сузактагы Крупская атындагы жети жылдык мектепке башталгыч класстын мугалими кылып жумушка алышат. Ал кезде болгону 17 жашта эле.
Түмөнбай Байзаковдун тууганы Асанбек Моноев: Мугалим жетишпей аны Сузактагы Крупская атындагы жети жылдык мектепке башталгыч класстын мугалими кылып жумушка алышат. Ал кезде болгону 17 жашта эле.
© Sputnik
Рысбек Жабиров: — Байзак атанын Түмөнбай агага чейин 8 баласы чарчап, Түмөнбайдан кийин балдары токтойт. Байзаков 69 жыл жашап, анын 25 жылын айылында өткөрсө, 44 жылын борбордогу чоң адабий майданга арнады. Китебин жазарда алгач чыгармаларынын тандалмалар жыйнагын түзүүнү ойлодук. Өмүрүндө 14 китеби чыккан экен. Бирок Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада айрым китептеринен бирден гана экземпляр калыптыр. Ал дагы архивде экен. Ошол себептен акылдашып толук жыйнагын чыгарууга бел байладык. Ал кишиге 380дей макала арналса, өмүр баяны учкай гана жазылган экен. Бул киши багыш уруусунан болот. 14 атасын сүрүштүргөндө 15инчи атасы кадимки Тейиш кан болуп чыкты. Санжыраны сүрүштүрүп, 20 атасына чейин тактап койдук.
© SputnikРежиссер Рысбек Жабиров: Түмөнбай Байзаковдун чыгармачылыгынын уюткусу энесинде жаткан. Апасы өрөөндөгү атактуу кошокчулардан эле, кээ бир адамдар атайын суранып алып барып, кошок айттырышкан. Жомокчу, жамакчы, элдик ырларды укмуш ырдаган, дастандарды жакшы билген аял болуптур.
Режиссер Рысбек Жабиров: Түмөнбай Байзаковдун чыгармачылыгынын уюткусу энесинде жаткан. Апасы өрөөндөгү атактуу кошокчулардан эле, кээ бир адамдар атайын суранып алып барып, кошок айттырышкан. Жомокчу, жамакчы, элдик ырларды укмуш ырдаган, дастандарды жакшы билген аял болуптур.
© Sputnik
— Согушка өз ыктыяры менен кеткен экен...
Р.Ж.: — Негизи туулган мезгили 1923-жыл деп жазылганы менен 1924-жылы туулган. Энеси да "Түмөкөм Ленин өлгөн жылы туулган" деп айтчу экен. 17 жашында согуш башталып, теңтуштарынын баары согушка кетип жалгыз калат. Ошол кезде "2023-жылы туулгам" деп жашын өйдөлөтүп, анан согушка кеткен. Ленинград шаарынын тегерек-четиндеги уруштарга катышып жүрүп 1943-жылы катуу жараланып, тылда иштөөгө жиберилет. Согуштан кайтып келип 1944-жылдан 1948-жылга чейин мектептеги мугалимдик ишин улантат, Сай айылында жети жылдык мектепке директор болот, 1948-1950-жылдары Сузак райондук гезитинде редакторлук кызматта иштейт.
А.М.: — Ал 1942-жылдын башында Грозный шаарындагы аскердик окуу жайына кабыл алынат да, ошол жерден Советтик Армиянын катарына чакырылып, десанттык бөлүктө кызмат кылат.
— Чыгармачылыгы согуштан кийин башталганбы?
Р.Ж.: — Чыгармачылыгынын уюткусу энесинде жаткан. Апасы өрөөндөгү атактуу кошокчулардан эле, кээ бир адамдар атайын суранып алып барып, кошок айттырышкан. Жомокчу, жамакчы, элдик ырларды укмуш ырдаган, дастандарды жакшы билген аял болуптур. Түмөнбай төрт бир тууган болгон. Иниси Моной да ыр жазган, райондук гезиттерде редактор, шаардык гезиттерде кабарчы болуп жүргөн киши. Адабиятка, маданиятка болгон кызыгуу булардын дээринде бар экен. Түмөнбай агайдын чыгармачылыгы 1937-1938-жылдары башталган. 1937-жылы борбордо филармония түзүлүп, декада өткөндө Барпы Алыкулов да келет. Ошондон кийин Түмөнбай Байзаков акындын ырларын кагазга түшүрө баштайт. Экөө жаш айырмачылыгына карабай 20 жыл дос болушат. Архивдик жазмалардын бириндеги маегинде Байзаков "беш жашымда үйгө ырдап бирөө келип калды. "Ой, апыз, кел-кел" деген атам акынды аттан түшүрдү" деп эскерет. Үйгө кирген Барпы акын Түмөнбайды көрүп аты-жөнүн сурап, анан "экөөбүз дос болобуз, ээ" деп момпосуй бериптир. Ошондо 1929-жыл экен. Кийин 1934-жылы мектепке акынды агайы ээрчитип келип "кана, балдар, бул ким, тааныйсыңарбы?" десе эч ким унчукпайт. "Мен тааныйм" деп кол көтөргөн Түмөнбайдан атын, атасынын атын сураган акын Түмөнбайды "оо, досум" деп тааныптыр. Ал кезде Барпынын көзү көрбөй калган экен. "Ошондо классташтарымдын арасында өзүмө батпай дердейе түшкөнүм эсимде" деп эскерет Байзаков. Барпы Алыкуловдун көп ырларын өз оозунан жазып алган, эл ичинен жыйнаган, китептерин даярдап басмадан чыгарууга катышкан, чыгармачылыгы тууралуу макалаларды жазып, Барпыны Барпы кылууда анын эмгеги чоң болгон. Акындын көптөгөн ырларын жатка билип, аларды кези келгенде айта коюп да жүрчү.
© Фото / предоставлены Динарой БайзаковойУлуу-кичүүнүн сыйына татыган калемгер Түмөнбай Байзаков
Улуу-кичүүнүн сыйына татыган калемгер Түмөнбай Байзаков
© Фото / предоставлены Динарой Байзаковой
— Ырлары көбүнчө кайсы багытта жазылган?
Р.Ж.: — Түмөнбай Байзаков негизи поэзия майданына кеч келген акын. 1941-жылдардан берки ырлары гана сакталып калган. Басма сөзгө жарыяланган биринчи чыгармасы – Жалал-Абад облустук "Большевиктик жол" гезитине 1946-жылы чыккан "Тилегим" деген ыры. Бирок архивден таппай койдум.
Биринчи ырлар жыйнагы 1968-жылдары 45 жашында чыгат. Апыздын аманатын алып калган адам катары көп жыл Барпынын ырларын кагазга түшүрүү, жыйноо менен алек болот. 1949-жылы 9-ноябрда Барпы каза болгон. Түмөнбай Байзаков 7-ноябрда майрамда ооруканага келип жолугат. Ошондо "Түмөке, түндө түш көрдүм. Экөөбүз ак боз атка минип, чоң тойго бардык. Ошол тойдо мен ырдап калдым. Сен атты минип кеттиң. Буюрса, аброюң күчтүү болот. Мен сага ишенем" дейт. Бирок "дары менен жөөлүп жатат го" деген таризде Байзаков ага маани бербейт. Эртеси түнү акын каза болуп калат. Түмөнбай таңга маал ооруканага барса керебети бош экен. Өтүп кеткенин айткан медайымдар "Барпы акын түндө керебеттен жерге түшүп, чөк түшө отуруп төрт сааттан ашык ырдады да, анан үзүлдү" дейт. Түмөке кийин "эмнени ырдаганын укпай да, жазбай да калдым" деп арман кылып, көзүнө жаш алган экен.
1955-жылы "Ала-Тоо" журналына жооптуу катчы болуп кызматка келет. Ошондон баштап Барпынын ар бир ырын ирети менен тизмектеп топтойт. Түмөнбай Байзаков Барпынын тилинин диалектикалык өзгөчөлүгүн түшүнгөн. Жердеш болгондуктан котормочу, жазуучу Узакбай Абдукаимов менен да жакшы мамиледе болот.
Байзаков мыкты котормочу да болгон. Алгач орус тилинен "Карышкыр менен жети улак" жомогун которот. Кийин өзбек акыны Хамид Алимжандын "Зейнеп менен Аман" поэмасын кыргызчалаган. Ал 1956-жылы өзүнчө китеп болуп чыгат. 1979-жылы "Моабит дептери" деген ат менен жарыялаган котормолору узак жылдардан бери мектепте окутулуп келди. Максим Рыльскийдин, Кудус Мухаммадийдин, Касым Тангрыкулиевдин, Зульфиянын, Миртемирдин, Рахим-заде Бокинин ыр жыйнактарын, орус эл жомокторун, ырларын, макалдарын таржымалап, бир чети өзүн акын катары өстүрсө, экинчи жагынан кыргыз окурмандарына башка элдердин адабияты менен таанышууга мүмкүнчүлүк жаратып берди. Акын чыгыш поэзиясын өзгөчө кызыгып окуган, Саади Ширази, Абдурахман Жами сыяктуулардын чыгармаларын кыргызчага которгон. Баш-аягы 400дөн ашык котормосу бар. Түмөнбай Байзаков сүрөткер акын. "Кыргыз жери" деген ырындагы "Ала-Тоо ак калпагын кийген кезде, аскасы көк асманга тийген кезде, мен дагы жолго чыгам таңды тосо, кучактайм ой-кырларын нурга кошо, улуусуң, кыргыз жери, нурдан бүткөн, сулуусуң, кыргыз жери, ырдан бүткөн" деген саптары не деген керемет. Бул ырга Апас Жайнаков обон жараткан.
© Фото / предоставлено Рысбеком ЖабировымЖабиров: Түгөлбай Сыдыкбеков менен Аалы Токомбаев экөө тең Түмөнбай Байзаковду жакын көргөн. Анча-мынчаны жактырбаган Байдылда Сарногоев да Түмөнбайды баалаган. Мейман тосконду абдан жакшы көрчү экен. Үйүнө Чыңгыз Айтматов да далай конокко барган.
Жабиров: Түгөлбай Сыдыкбеков менен Аалы Токомбаев экөө тең Түмөнбай Байзаковду жакын көргөн. Анча-мынчаны жактырбаган Байдылда Сарногоев да Түмөнбайды баалаган. Мейман тосконду абдан жакшы көрчү экен. Үйүнө Чыңгыз Айтматов да далай конокко барган.
© Фото / предоставлено Рысбеком Жабировым
— Өзүнүн мүнөзү кандай болгон?
А.М.: — Агабыздын адамгерчилиги, ички дүйнөсү абдан таза эле. Бизге дайыма "адам болгула" дечү. Тамашакөй эле. Кандай учур болбосун, адамдарды ынандыра алчу. Студенттерди чогултуп китепканага алып барчу экен. Ички дүйнөсүнүн тазалыгынан көп тоскоолдуктардан чыгып кеткен.
— Ал кишини абдан азилкөй, ошол кездеги аткаминерлер тууралуу турган жеринен анекдот чыгара койгон, аския айткан адам болгонун эскеришет...
Р.Ж.: — Биздин өрөөндө аския деген чоң түшүнүк болгон. Музыкасы, комузу жок эки кишинин айтышы. Ал ушул өнөрдү жакшы өздөштүргөн. Түгөлбай Сыдыкбеков менен Аалы Токомбаев экөө тең Түмөнбай Байзаковду жакын көргөн. Анча-мынчаны жактырбаган Байдылда Сарногоев да Түмөнбайды баалаган. Мейман тосконду абдан жакшы көрчү экен. Үйүнө Чыңгыз Айтматов да далай конокко барган. Эң негизгиси, байлыкка эмес, китепке, анан саякатка кызыккан киши болуптур. Анын юмору 1968-жылы балдар үчүн чыгарган "Азимжандын апыртмалары" деген китебинде гана бир аз көрүнгөн бойдон калды. Бул өнөрү өзү менен кетти.
— Жубайы тууралуу да айтып калышат. Ал киши менен качан кантип таанышкан?
Р.Ж.: — Софья Султановна менен 1952-жылы таанышат. Софья эже врачтар менен туберкулез оорусун изилдеп Баткенден келе жатып, Жалал-Абад станциясына токтоп калышат. Ошол кезде Фрунзеге окууга бара жаткан Түмөнбай экөө таанышып калышат. Жанындагы врач экөө мурдатан тааныш экен. Себеби Байзаков 1950-жылдары райондук гезитти башкарып, мектепте директор болуп калган. Борбордо чоң-чоң акындар менен иштешип, Жазуучулар союзу менен кызматташып калган убагы эле.
Ошентип кыздын жүрөгүн багындырып алат. Софья эженин айтымында, сүйлөшкөнүнө эки ай болбой эле анын паспортун сурап алып, ЗАГСтан өткөрүп келе калат. Ал "сага ким уруксат берди? Ушундай да болобу?" деп абдан таң калган экен. Софья алгач ата-энеси менен эмес, эжеси, Исхак Раззаковдун жубайы Рауза Ибрагимова менен тааныштырат. Исхак Раззаков ошондо Түмөнбай агабызга "бул кыз сени өмүр бою кор кылбайт" деген бир сөз айтыптыр.
© Фото / предоставлено Рысбеком ЖабировымТүмөнбай Байзаков саясий кызматтарды да аркалаган
Түмөнбай Байзаков саясий кызматтарды да аркалаган
© Фото / предоставлено Рысбеком Жабировым
— Саясий кызматтарга да барган экен...
— Ошол жылдары СССР Жазуучулар союзунун Москвадагы кыргыз бөлүмүндө иштеп турган. Кийин Исхак Раззаковго куугунтук башталганда Байзаковго да анын кесепети тийип, бир аз убакыт иштен алынган учуру болот. Бир күнү ал Турдакун Усубалиевге жолугуп калып (экөө жакын жашачу — Р.Жабиров) ал-жай сурашканда абалын ачык айтат. Эртеси эле Усубалиев БКнын аппаратына кызматка алат. Бирок ошол жерде иштеп туруп да китептери чыкпай жүрөт. 1968-жылы "Кыргызстан" басмаканасына өзү редактор болуп келгенден кийин гана "Паризат" поэмасы чыгат. Бул чыгарма адабиятты аздектегендерге акындын атын дароо таанытат. Аны он жыл жазган. Ошондон кийин "Биз жакта" (1969), "Кар бетине жаздым кат" (1970), "Мезгил чыйыры" (1972), "Самай берем" (1973), "Оттуу курак" (1975) деген поэтикалык жыйнактары биринин артынан бири чыгып, акынды кыргыз поэзиясынын таанымал өкүлдөрүнүн катарына кошту. Бул киши сыйлык алууда да "мени коюп баланчага бербейсиңерби" деген көз карашы менен жана кыйытма бут тосуулардан улам көп кур калган.
Фрунзеде сыйлыктардан жолу болбой жүргөндө, Москва 1972-жылы СССР Жазуучулар союзу менен Советтик Армиянын жана Аскер-деңиз флотунун башкы саясий башкармалыгы Александр Фадеев атындагы сыйлык уюштурат. Ал сыйлык жана медаль Ата Мекенди коргоочуларды даңазалаган авторлорго ыйгарылган. Михаил Шолохов, Борис Полевой, Алексей Сурков, Юрий Бондарев, Николай Тихонов, Владимир Карпов, Александр Чаковский, Расул Гамзатов сыяктуу атактуу жазуучулардын катарында бул кадырлуу сыйлык биздин республикадан Түмөнбай Байзаков менен Сүйүнбай Эралиевге берилген.
© Фото / предоставлены Динарой БайзаковойЖабиров: Түмөнбай ага жубайы Софья эже менен 1952-жылы Жалал-Абаддан таанышкан. Жубайлар эки кыз бир уулдуу болушкан.
Жабиров: Түмөнбай ага жубайы Софья эже менен 1952-жылы Жалал-Абаддан таанышкан. Жубайлар эки кыз бир уулдуу болушкан.
© Фото / предоставлены Динарой Байзаковой
— Эми 100 жылдыгына кандай даярдыктар көрүлүүдө?
Р.Ж.: — Китебин чыгарып жатабыз. Түзүүчү катары терең изилдеп, ал киши тууралуу эскерүүлөрдү, эсселерди жазып томдукка киргиздим. Калганы өзүнүн чыгармаларынан турган сонун китеп болот.
А.М.: — 23-сентябрда Жалал-Абад шаарында мааракеси белгиленип, ысымы берилген паркка эстелиги коюлду. Каза болгондон кийин Эмгектин Баатыры ардактуу наамы берилди. Туугандар абдан сүйүнүп жатабыз. Жалал-Абад шаарындагы чоң көчөгө анын ысымы ыйгарылган. Агам тууганчыл, байлыкка кызыкпаган, колунда барын туугандардан аянбаган инсан болгон. Мен шогураак болгондуктан ал кишиге жолуккандан кача берчүмүн. Абдан чынчыл эле. Бир ирет туугандарыбыздын бири Түмөнбай агабызга барып "бир уй берейин, жалгыз баламды партияга киргизип кой" десе, "акмактар, силер билимди акчага сатып аласыңарбы, келбе экинчи" деп кууп чыккан экен.
Түмөнбай агабыздын эки кыз, бир уулу болгон. Уулу Айбек Софья Султановнанын жолун жолдоп мединститутту бүтүп, дарыгерлик кесипти аркалаган. Айбек да оорудан кайтыш болуп калды. Кыздары Тамара, Дамира да өтүп кетишти. Кыздарынын бири бухгалтер, экинчиси тарыхчы эле, университетте мугалим болчу. Байбичеси Софья Султановна мындан эки жыл мурун 97 жаш курагында көз жумду.