Өтүнүч, эч ким оорубасын. Акылбек Жапаров аткаминерлерге кайрылды

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архивдик сүрөт
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2023
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы келе жаткан айда эл аралык иш-чаралар өтө тургандыгын белгиледи.
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып, алдыда КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери катышкан эл аралык иш-чаралар өтө тургандыгын эскертти.
Жапаров белгилегендей, 11-октябрда Россия президенти Владимир Путин мамлекеттик иш сапары менен келет. Ал эми 12-октябрда КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын саммити өтөт.
"25-октябрда КМШ, ЕАЭБ жана ШКУнун алкагында премьер-министрлердин баары келет. Ошондо өкмөттүн бардык мүчөлөрү ар бир делегацияга бекитилет. Ошондуктан өтүнүч, эч ким оорубасын. Мага сиздер менен иштешүү жагымдуу", — деди министрлер кабинетинин төрагасы.
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2023
Чемпиондор жакшы тосулган жок. Жапаров Байсалов менен Максутовго нааразы болду
Жаңылыктар түрмөгү
0