Эл токойдун маанисин түшүнүп жерди ижарага ала баштады. Токой кызматынын иши

© Sputnik / Игорь Подгорный / Медиабанкка өтүүТокойчу жумуш учурунда. Архив
Токойчу жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2023
Жазылуу
Жакында токойлорду коргоо, айлананы жашылдандыруу тармагына 49 миллион сом каражат бөлүнгөн. Экологиялык коопсуздукту камсыздоо максатында "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгү да ишке кирди. Мунун баары табиятты сактап калуу үчүн көрүлгөн камылга.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын директору Алмаз Мусаев болду. Биз өлкөнүн жалпы токой чарбасы жана жасалып жаткан иштер тууралуу сүйлөштүк.
— Токой тармагын өнүктүрүү багытында экологиялык долбоорлорду дүйнөлүк деңгээлге көтөрүп, Кыргызстан ушул багытта өзгөрүштөрдү жасай турганы айтылды...
— Былтыр токой кызматкерлеринин айлыгы үч эсе көтөрүлдү. Республикалык бюджеттен Токой кызматына жалпы 700 миллион сом каралса, анын 600 миллион сому — эмгек акы. 2022-жылы Токой кызматынын бюджети 200 миллион сом боло турган. Токойду өстүрүү, көбөйтүү, коргоо жаатына жылына 90 миллион сом каралган, анын 72 миллион сому бөлүндү. Эмдиги жылга карата бюджет дагы көбөйөт деген үмүттөбүз. Анткени заманбап техника алуу мерчемделүүдө. Ошондой эле жакшы иштеген токойчуларга сый акы ыйгарууга жол ачылып жатат. Токойчулар түшкөн каражатты жашырууга муктаждык болбой калды. Анткени министрлер кабинети Токой кызматынын ар кандай төлөмдөрдөн түшкөн каражатын өз алдынча пайдаланууга мүмкүндүк берүүдө.
— Азыр кандай иштер жасалып жатат?
— Токой кызматы толугу менен санариптештирилүүдө. Алсак, өлкөнүн токой баскан карталарынын 98 пайызы санариптештирилип, электрондук базага киргизилди. 42 токой чарбасындагы отчет, төлөмдөрдү толугу менен аралыктан жүргүзүүгө шарт түзүлдү. Отургузулган көчөттөр ошол электрондук базада болот. Жылдын аягына чейин "Жашыл мурас" кампаниясындагы отургузулган бардык көчөт массивдерди сайтка кирип карагыдай кылабыз.
© Sputnik / Асел АкматМусаев: былтыр токой кызматкерлеринин айлыгы үч эсе көтөрүлдү
Директор Госагентства лесного хозяйства при Минсельхозе Алмаз Мусаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2023
Мусаев: былтыр токой кызматкерлеринин айлыгы үч эсе көтөрүлдү
— Демек, инвентаризация да жыйынтыкталып калган экен...
— Токойлорду инвентаризациялоонун алдын ала жыйынтыгы чыккан, ага ылайык, өлкөнүн токой баскан аянты алты пайыздан аша турганы болжолдонуп жатат. Жалпы бир миллион 200 миң гектарды токой баскан аянт катары белгилеп жатабыз. Ошонун ичинен 700 миңи токой чарбаларынын, 300 миңден ашыгы айыл өкмөттөрүнүн карамагында, ал эми 40 миң гектарга жакын жер өзгөчө корголуучу аймактардын категориясында турат. Улуттук инвентаризация 2018-жылдан баштап жүргөн. Сентябрдын аягында камералдык иштеп чыгуудан кийин акыркы маалыматтарды жарыялайбыз. Өзгөрүүлөрдү аныктап, сан жана сапат жагынан анализдейбиз. Алдын ала маалыматтарга караганда, токой баскан аянттардын көбөйүп жатканы байкалууда.
— Маяна көтөрүлгөнү менен штат жетиштүүбү?
— Биздин тармакта 1 497 киши иштейт. Ошонун 1200ү токойчулар, калгандары административдик кызматтагылар болуп саналат. Бизге кызматкерлер жетишпейт. Анын үстүнө токой плантацияларын көбөйтүп жатабыз. Бүгүнкү күндө токой өстүрүүгө кеткен 90 миллион сомдон пайдаланып, адамдарды ишке тартууга аракет көрүлүүдө. Бул да жетишсиз. Себеби токой аянттары чоң, токойчулар аны кайтарып эле тим болбостон көчөт отургузуу, аянтты кеңейтүү, карап, сугаруу иштерин жүргүзүп жатат. Жаңы отургузулган көчөттөрдү беш жыл жакшы кароо зарыл. Мал жайылып эле эмгектин баары талаага кетип, дарактар өспөй калууда. Финансы министрлигинен каражат сураганыбыздын себеби да ошол. Биз отургузган плантацияларды корууга мажбур болуп жатабыз. Берки жайыттар какырап, токой отургузулуп курчалган аянттар жашыл болуп турса малчылар да кызыгышууда. Элге "5-6 жыл коё тургула, андан кийин бул жерлер өзүңөргө эле калат" деп айтып жатабыз. Такыр жайыттарды токойго айлантуу үчүн бак отургузууну да колго алдык. Себеби бак-дарактар жердин кунарын арттырууга жакшы шарт түзүп берет. Топурактын кыртышы жакшырып, ошол жерде биогумус, микроклимат пайда болот. Шамалды тосуп, нымдуулукту сактайбыз. Азыр эл да муну түшүнүп, жайыт жерлерин плантацияга айлантуу үчүн көчөттөрдү алып, агротокойчулукту да өнүктүрүп жатышат. Көбү мөмө берчү бактарды отургузууга аракет кылышууда. Бул, биринчиден, жашылдандыруу, экинчиден, пайда табууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Бизде атайын токтомдун негизинде "мамлекеттин жерине бак отургузам" дегендерге багы мөмө бергиче 5-6 жыл салыктан бошотобуз. Атайын долбоорлордун жардамы менен электр кубатын тартып, скважинасын каздырып беребиз.
Мусаев: токойчулардын маянасы үч эсе көтөрүлдү
Учурда 3000 гектар жерге токой чарбасын өстүрүп, такыр талааны бак-шакка айланттык. Жакында мисте, бадам бадалдары өстүрүлөт. Ар бир жерди белгилеп алганбыз. Мисалы, Баткендин тоолуу аймагында арча токойлору өсөт. Ылдыйкы зоналарында сөксөөлдүн, ысыкка чыдамдуу мистенин көчөттөрүн кеңири жайылтуудабыз. Ал эми Ош, Жалал-Абад облустарында жаңгак токойлорунун плантацияларын түзгөнгө, мисте, бадам тиккенге аракет жасалууда. Эл деле бак өстүрсө көп нерседен ута турганын түшүнүп калды. Мөңгүлөр климаттын өзгөрүшүнөн улам эрип жатат. Ошол себептен бак отургузуу керек. Арал деңизи кургап, учурда кумдуу, туздуу бороондор көп болууда. Тоолуу өлкө болгондуктан бизге билинбегени менен Казакстанга, Өзбекстанга жакшы байкалат. Бирок бороондун көпчүлүгү мөңгүлөргө таасир этүүдө. Ошол себептен коңшулар да Аралдын ордун токой менен толтурууга катуу аракеттерди көрүп жатышат. Жакында Кытайга иш сапар менен барып келдик. Өлкө ичинде жаратылышы биздикине окшош жерлери бар экен, алар кургап кеткен аймактарына бадалдарды өстүрүп жашылдандырышканын көрсөтүштү. Натыйжада токойдун кыртышы өзгөрүп, ак топурак кара топуракка айланып, арасына козу карын өстүрүп жатышыптыр. Ал эми кумдуу чөлгө кызыл карагай отургузушуптур. Бир миллион 700 гектар болгон чөлдү токойго айлантабыз деген абдан чоң амбициялуу дорбоорлору бар экен. Кытайлыктар жашылдандыруу жаатындагы тажырыйбалары менен бөлүштү. Ички Монголия аймагында жашылдандыруу, токой чарбасы боюнча окутуу борбору бар. Бизден бир аспирант менен эки студентти окутуп берүүгө сөз беришти. Токойлорубуз азыр бизде дээрлик адам ресурсу менен ишке ашат. Технология өнүгүп жатканда көп иштерди техника менен жасоого болот экен.
— Орто Азия чөлкөмүндө биргелешип иштөө планы барбы?
— "Эң кургакчыл жер — Африка" деп ойлогонубуз менен кургакчыл, шарты да катаал аймак — бул Орто Азия чөлкөмү. Бийик тоолуу шартта өсүмдүк да жай өсөт. Ошого байланыштуу саясий рычагдар да бар. Өткөндө Орто Азия менен Кытай жолугушууларды өткөргөндө деле экологиялык маселелер айтылды. Си Цзиньпин да "бирдиктүү тармак түзөлү, иш-чараларды алып барып, маалымат алмашып туралы" деген сунуштарын айткан. Мындан тышкары, Шанхай кызматташтыгы уюмунун алкагында да мамлекет башчыларынын сүйлөшүп чечүүчү аянтчасы бар. Биргелешип, эл аралык донор мекемелерге пландарыбызды көргөзсөк алар да каражат табууга кызыкдар болот. Анткени 4-5 мамлекеттин бирге иш алып барганы көбүрөөк инвестиция тартат. Кыргызстан акыркы жылдары экологияны коргоо, сактоо боюнча жигердүү иштеп жатат. Бийик тоолуу жерлерге бак-дарак өстүрүү да оңой эмес. Буга көп эмгек жана убакыт талап кылынат. Ал эми микроклимат бузула баштаса эң ириде биз кыйналабыз. "Жашыл мурас" улуттук кампаниясынын башталышы бизге дем берет. Өзбекстан, Монголия да ушундай ураандар менен иш алып барышууда. Алар миллиарддаган бак-дарактарды, сөксөөлдөрдү чөлдөргө отургузуп жатышат. Биз 50 сантиметрден өткөн стандарттык көчөттөрдү гана санайбыз. Бир кезде элибиз токойлорду кыркып, жакшы эле пайдаланды. Эми ошонун ордун толтуруп коюу керек. Түшүндүрүү иштерин да жүргүзүп, ижарага жер берип жатабыз. Анын ичинде 300 гектар жер кокон гилас өстүрүүгө берилип, тегеретесин тосконго жардам берүүдөбүз. Эл да анын мөмөсүн күтүп отурбай, бактын түбүнө коон-дарбыз эгип коюп жатат.
© Sputnik / Эркин СадыковМусаев: Токой кызматы толугу менен санариптештирилүүдө
Представитель Государственного агентства охраны окружающей среды и лесного хозяйства (ГАООСЛХ) Алмаз Мусаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2023
Мусаев: Токой кызматы толугу менен санариптештирилүүдө
— Питомник маселеси да көйгөй экенин белгиледиңиздер эле. Бул жагы кандай болууда?
— Көбөйтүү жагы каралууда. Баарын анализдеп чыгып, 2024-жылга тапшырмалар берилген. Ар бир токой чарбада 3-4 көчөткана болушу керек. Учурда 39 дарактын түрү өстүрүлөт. Каржылык жагын эске алып, мөмө-жемиш бактарынан тышкары шаарды көрктөндүрө турган декоративдүү дарактарды да өстүрүп жатабыз. Былтыр 700 миңдей көчөт сатылды. Бул 30 миллион сомдун тегерегиндеги каражат. Ошол каражатты көчөтканаларды кеңейткенге жумшайбыз. Былтыр Кореядан да эксперттер келип, базалык дагы эки питомник уюштуруп бергенге макулдаштык. Беш токой чарбасын пилоттук долбоор катары тандап алышты. Эми Ош, Жалал-Абад облустарында да долбоорлор ишке кирет.
— Жасалма токойлорду көбөйтүү боюнча кандай иштер жасалууда?
— Астананын тегерегине шакекче түрүндө жасалма токой түштү. Ал шаардын шарты биздикинен да кыйын. Бизде 80 миң гектарга жакын жерди жасалма токой ээлейт. Жылына 400 гектар жерди токой баскан аянтка которобуз. Былтыртан бери бизде италиялык бир компания өз каражатына плантация уюштуруп, сайтыбызга катталып, өзү иш алып барып жатат. "Кумтөр" ишканасы да "Жашыл мураска" кошкон салымы катары Жети-Өгүздөн жер алып, техника сатып берип, токой чарбасын өстүрүүдө.
Ысык-Көлдүн жээгинде ат минип бара жаткан адамдар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2023
Жан багуу туризминен көтөрүлүшүбүз керек. Максат Чакиев өнүгүү жолу тууралуу
Жаңылыктар түрмөгү
0