Медицинаны санариптештирүү кандай жүрүүдө? Министрдин орун басары менен маек
© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүКиши электрондук терминал аркылуу дарыгерге жазылып жатат. Архив
© Sputnik / Алексей Сухоруков
/ Жазылуу
Бейтаптардын кагаз түрүндөгү медициналык карталары качан жоюлат? Медицинада электрондук тутум киргизүү бейтаптардын каражатын үнөмдөйбү? Бул маселелерди саламаттык сактоо министринин санариптик өнүгүү боюнча орун басары Бакыт Жангазиев менен талкууладык.
Саламаттык сактоо тармагында бейтаптарды дарылоо жөнүндөгү маалыматтарды электрондук форматка өткөрүү жөнүндө милдети быйыл эле коюлуп жаткан жок. Санариптештирүү ооруканаларда кезек күтүү көйгөйүн чечип, медициналык кызматкерлерди да кагаз толтуруу машакатынан бошотуп, бейтаптын да Милдеттүү камсыздандыруу фонду аркылуу каражаттарына көз салып турушуна мүмкүндүк берет. Аткаминер бул багытта эмнелер аткарылганын бизге айтып берди.
— Саламаттык сактоо министрлигинин соңку коллегиясында тармакты санариптештерүү жаатында ого эле көп убадалар берилди. Маселен, жыл аягына чейин ооруканалардын 40 пайызына электрондук документ жүргүзүү киргизилери айтылды. Бул үчүн санарип инфраструктура даярбы?
— Биздин бардык иш-чараларыбыз санарип саламаттык сактоону өнүктүрүүнүн бирдиктүү "Санарип MED" максаттуу үлгүсүнүн алкагында өткөрүлүүдө. Аны 2024-жылдын аягына чейин ишке ашыруу пландалган. Бул максаттуу моделдин алкагында адамдын төрөлүшүнөн өлүмүнө чейинки жашоо контуру менен иш алып барабыз.
Азыркы тапта төрөлүү фактылары жүз пайыз ушул система аркылуу өтөт. Андагы маалыматтар ЗАГСка автоматтык түрдө жиберилип, кызматтын жаңы түрү — туулгандыгы туурасында күбөлүктү онлайн алуу мүмкүнчүлүгү жаралды.
Биздеги маалыматтар менен ЗАГСтагыларды салыштыра баштап, айрым дал келбестиктерди байкадык. Бул 7-10 пайызды түзөт. Маселен, мезгилдин бир кесиндисинде 100 бала төрөлсө, ЗАГСтагылар 90 балага гана туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилгенин айтышат. Демек, кайсы бир себептер менен 10 ымыркай документсиз калды. Алар негизги мамлекеттик кепилденген саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык коргоо жана башка кызматтарын ала албай калышат.
Ар бир балага төрөлгөндө "Балага сүйүнчү" мамлекеттик жөлөк пулу каралган. Ал эми туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алышпаса, бул жөлөк пул берилбей калат.
— Саламаттык сактоо министрлиги төрөт үйүнөн чыгарылганда дароо күбөлүк берилерин белгилеген. Ушул аткарылып жатабы? Балким ошондо балдардын 10 пайызынын дайыны билинбей калмак эместир...
— Борбор калаада ЗАГС кызматкерлери төрөт үйүндө нөөмөт өткөрүшкөн убакта документтер берилбей калбайт. Бирок туулгандыгы туурасында күбөлүк алуу — арыз жазуу менен алынат, башкача айтканда, эне арыз жазууга тийиш. Бирок ата-энелер балага ысым берүүгө даяр болбосо, алар үйлөрүнө кеткен учурлар да болот. Кийин ЗАГСка арыз жазуу үчүн райондун борборуна келүүгө шарты келбей калат.
Кыштактан район борборуна чейинки бир топ чакырым же бир тарапка эле жол кире 200-300 сомду түзгөн алыскы аймактарда ата-энелердин күбөлүк алуудан башка да көйгөйү толтура эмеспи. Кайгылуу өлүм фактысы деле ошол. Сөөктү коюп, куран окутуп жатышканда документ толтуруу менен алектенүүгө адамдарда кайдагы дарман? Бирок бул мураскерлик укугу менен байланышкан кесепеттерге кептеши мүмкүн. Ошондуктан биз өлүм жөнүндөгү маалыматтарга кызыкдар органдар, айталы, Салык кызматы, Социалдык фонд, ЗАГС менен да айкалыштыра баштадык. Ошентип андан ары иштээр система адамдын өлүмү жөнүндө кабардар болгудай жүргүзүлөт.
Экинчиден, пенсиялык чегеримдер. Социалдык фонд кийин кайра кайтарууну талап кылбагыдай пенсия которууну өз убагында токтотуу үчүн пенсионер барбы же өтүп кеттиби, ыкчам түрдө кабар алууга тийиш. Бүгүнкү күндө Саламаттык сактоо министрлигинде статистика топтоо жолго коюлган. Маселен, Улуттук статистика комитети менен ЗАГСта маалыматтар кеминде эле бир ай кеч алса, бизге дал убагында түшөт. Ыкчамдык башкаруу ыкмаларын тез өзгөртүүгө мүмкүндүк берет.
— Саламаттык санарип профилиндеги адамдын бейтап баракчасы жөнүндө айтылган. Булардын баары "Санарип MED" системасына киргизилгенби?
— Кебимди адам өмүрүнүн "сызыгын" туюндурган концепциядан баштабадымбы. Медициналык карта жаран төрөлгөн маалынан тарта ачылып, аны өлүм катталган убакта жабуу абзел. Ал кайда кайрылбасын, бардык медициналык уюмдардан маалыматтарды жыйнайт. Профилге камсыздандыруу макамы, бейтапканаларга барышы, ооруканага жаткырылышы, эмдөөлөр, лабораториялык жыйынтыктары жөнүндөгү маалыматтарды топтойт.
Санарип бейтап баракчасын киргизүүгө камылга көрүп жатабыз. Айдоочулук күбөлүк алууда талап кылына турган 083 тастыктамасы алдыдагы пландарда. Бул тастыктаманын мөөнөтү — бир жыл, жаран аны электрондук форматта алууга мүмкүнчүлүгү болушу шарт. Саламаттык сактоого байланышкан бардык санарип табылгаларды санарип профилге жакындаштырууну көздөйбүз. Бул — жаран менен мамлекеттин өз ара аракеттешүүсүнүн бирдиктүү түйүнү. Адам ар кайсы сайттарга кирип убара тартпастан, баарын бир жерден табат.
Бул үчүн мамлекеттик медициналык мекеме болобу, же менчик бейтапканабы, бардык маалыматтык тутумдарды биздики менен айкалыштыруунун эрежелери жөнүндөгү талаптарды жазып жатабыз.
Эгер бейтап бейтапканага бир жолу келсе, башкасына, ал түгүл менчик мекемеге барса да саламаттыгы жагынан көйгөйлөрү бар экени, кандай кызматтарды алганы боюнча бардык маалыматтарга ээ болот. Көздөгөнүбүз ушул, системалар бири-бири менен баарлашып, маалыматтар менен алмашуусу. Натыйжада бул дарылануу жөнүндөгү маалыматтардын баары анын түздөн-түз ээсинин — жарандын өзүндө болушун өбөлгөлөйт. Биз жарандын мыйзамдуу укугун камсыз кылууга тийишпиз.
— Киши жер которуп, барган жеринде медициналык картасын сурап барса, ал же жоголуп кеткенин, өрттөнүп же суу басып жок болгонун айтышат. Бейтаптын санарип картасынын кандайдыр варианты түзүлдүбү?
— Санарип амбулатордук картаны толугу менен иштеп чыгып, Бишкекте сынамык түрүн киргизе баштадык. Июнь айында министрликтин жетекчилиги анын жүрүшү менен таанышкан. Биз бейтапты кабыл алууну баштан-аяк: каттоо бөлүмүнөн үй-бүлөлүк дарыгерге, тар бир адиске, дартты аныктоочу: рентген, ультраүндүү аппарат кабинетинен кайра дарыгерге чейинки процесс санарип форматта кандай жүрөрүн тааныштырдык.
Бул иштелме үй-бүлөлүк дарыгердин бейтаптын кайсы адистерге көрүнгөнүн, алар кандай бүтүм чыгарганын санарип форматта байкоо сала алат. Ошол бардык маалыматтардын негизинде ал диагноз коюп, андан аркы дарыланууну белгилейт.
Бирок мындай байланыш бир гана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда эмес, бардык деңгээлде жүрүшү керек. Бир жолкусунда командабыз менен Баткенге бардык. Ал жакта бул тутумдагы бейтапканалардын медициналык кызматкерлерин окутуу эбак башталган. Эмне үчүн Баткен деп сурайт чыгарсыз. Министрлик санарип табылгалар аймактарда пайдаланылышына басым жасоодо. Ушул себептүү биз эң алыскы облустан баштап, жайгашкан жерине карабастан өлкөбүздүн бүт калкын санарип ыкмалар менен камсыз болорун көрсөткүбүз келет.
Жыл соңуна чейин алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөткөн саламаттык сактоо мекемелеринин 40 пайызына санарип карта киргизүү милдети коюлган. Кыргызстанда андай 71 мекеме бар, демек, 30 чактысында ушул нерсени ишке ашыруубуз зарыл.
— Бейтаптын маалыматтарын көрүү кандайча көзөмөлдөнөт?
— Биз маалыматтарга кирүү деңгээлдерин чектедик. Дарыгер көрө алган гана бөлүгү бар. Дарыгерлердин баары эле профилдеги болгон маалыматты көрө алышпайт. Ар бир дарыгер өз багытынын чегиндеги гана маалыматты окуй алат. Системага кирүүдө бейтаптын өзүнүн уруксат деңгээли болот. Ал дарылануу жөнүндөгү негизги гана маалыматтарды, атап айтканда, диагноз, стационардагы убакыт, кандай операция жасалганын, кандай процедуралар жазылганын көрөт. Бул элдик көзөмөл деп аталат.
Эгер бейтап албаган медициналык жардам профилде жазылуу турса, ал бул тууралуу кабарлай алат. Себеби ар бир манипуляция, жатып дарыланышы үчүн ооруканага Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан төлөнөт. Эмне болуп жатканын эл көрүп тургудай, калктын бул программага кызыгуусун арттырууга умтулабыз.
— Бардыгын бейтаптардын илдеттери жана дарыланышы жөнүндөгү маалыматтардын коопсуздугу, корголушу кызыктырат.
— Башка мамлекеттердин тажрыйбасынан айырмаланып, биз тутумга каттоо үчүн адам алгачкы документин — туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алганда бериле турган жеке идентификациялык номер колдонууну чечтик. Айрым өлкөлөрдө салык төлөөчүнүн, камсыздандыруучу, пенсиялык жана башка номерлер пайдаланылат. Анан адам башка уюмдарга кайрылганда ошол номерлердин баарын жатка билиши шарт. Биз ПИНди пайдалануу менен башка жолду тандадык. Бул мамлекеттик системаларды айкалыштырууга мүмкүндүк бергендиктен ЗАГС, Социалдык фонд жана башка органдарга кам санабастан бере алабыз.
© Sputnik / Жоомарт УраимовЖангазиев: санарип амбулатордук картаны толугу менен иштеп чыгып, Бишкекте сынамык түрүн киргизе баштадык
Жангазиев: санарип амбулатордук картаны толугу менен иштеп чыгып, Бишкекте сынамык түрүн киргизе баштадык
— Эгер жаран бейтапкананы алмаштырса кандай болот? Медициналык картасын флешка менен алып жүрүштүн кажети жоктур?
— Жок. Адам башка медициналык мекемеге катталып жатканда өз маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугун берет. Ал эми мурда көрүнгөн бейтапканасы анын картасына кире албай калат.
— Ыңгайлуу экен. Санарип медициналык карта дагы кандай көйгөйлөрдү чечип берет?
— Мамлекеттик бейтапканалардын дарыгерлери бейтаптарды жеке лабораторияларга жиберген учурларды этикага сыйбаган маркетинг дейбиз. Биз аналитикага көз салып турабыз: эгер бейтапкананын дарыгер белгилеген анализди жасаган, болгондо да акысы эки эсе аз лабораториясы бар туруп менчикке жиберилсе, жетекчилик буга чара көрүшү шарт.
— Дарыгерлердин санарип форматтагы ишти өздөштүрүүсү кандай болууда?
— Даттануулар көп түштү. Маалыматтардын баарын кол менен жазып чыгып, кайра аларды системага киргизүү ыңгайсыз дегендери да негиздүү. Быйыл июлдун аягында жобо кабыл алынган. Электрондук түрдөгү медициналык документацияны киргизүүдө документ жүргүзүү кандай болору белгиленген.
Биз негизинен, эгер санарип формасы болсо кагаз түрүндөгү документтерди жоюу үчүн күрөштүк. Дарыгер мындан ары кагаз толтурбайт. Эгер бейтапка кагаз түрүндө керек болсо, анын өтүнүчү менен маалыматтык тутумдан кагазга чыгарып беришет. Бирок министрлик үчүн кол менен кайра толтуруп чыгыштын кажети жок. Мындай жол менен дарыгерлердин убактысын коротпойбуз. Кол жазмасын окуй албай кыйналышпайт, бейтаптар үчүн да бул ыңгайлуу.
— Эсептеп чыктыңыздарбы, бул жол менен канчалык сарамжалдуу боло алабыз?
— Жыл сайын кагаздан баш тартуу менен 20-30 миллион сом үнөмдөй алабыз. Биринчи кезекте бул лабораториялык маалыматтык тутумга тиешелүү. Биздин эсебибиз боюнча, кагазга чыгым көбөйүп кетти. Мунун керектөөгө тиешеси жок, бул кагаздын баасы кымбаттап кеткенине байланыштуу көрүнүш. Ушул тапта кагазды былтыркыга караганда 20 пайызга азыраак сарптап калдык.
© Sputnik / Евгений Самарин / Медиабанкка өтүүЖангазиев: жыл соңуна чейин алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөткөн саламаттык сактоо мекемелеринин 40 пайызына санарип карта киргизүү милдети коюлган
Жангазиев: жыл соңуна чейин алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөткөн саламаттык сактоо мекемелеринин 40 пайызына санарип карта киргизүү милдети коюлган
© Sputnik / Евгений Самарин
/ — Тез жардам кантип санариптештирилип жатат? Ал жакта баары ыкчам, кырдаалга жараша жүрөт эмеспи?
— Бишкекте Тез жардам кызматы эбак санариптештирилген. Алардын өзүнүн санариптик табылгасы болгон, алардын тажрыйбасын бул багыттагы көч баштоочу деп атасак жарашат.
Мындай аракет чакырууну иштеп чыгуу, бейтаптарга жетүү жана башкаларга сарпталган убакытты кыйла кыскартты. Буга борбор калаанын мэриясы жакшы жардам берди. Тез жардам жеринде толтурган "сигналдык баракча" деген документ бар. Биз аларга телефон сатып бергенбиз, иштин ыңгайлуулугу үчүн планшет сатып берүүнү ойлонуштуруп жатабыз.
Маалыматтар саламаттык санарип профилине берилип, бейтапкананын дарыгери өз бейтабына Тез жардам жөнөп кеткенин көрөт. Эртеси күнү, камкордук көрүүгө бөлүнгөн убакта, ал анын акыбалын сураганы барат. Бул медициналык кызматкерлердин ишинне байкоо салууга да шарт түзөт. Мисалы, бала төрөлгөндө дарыгер аны барып көрүүгө тийиш. Биз дарыгер эне-баладан кабар алган-албаганын, качан барганын көрө алабыз. 40 жаштан ашкандардын баары бейтапканага качан келишпесин, артериялык кан басымын өлчөө керек.
Профилде мунун баары: ченелип-ченелбегени, көрсөткүчтөрү кандай экени чагылдырылат. Мындай жол менен саламаттык сактоонун ар бир мекемесинде кызматтар толук көлөмдө аткарылып жатканын тактай алабыз. Бул башкарууда чечим кабыл алууга мүмкүндүк берет.
— Иштин электрондук форматка өтүшү тийиштүү техника жана интернет менен жабдуусуз мүмкүн эмес. Бул жагынан даярдык толукпу?
— Ар бир бейтапкана жана оорукана интернетке туташтырылган. Бөлмөлөргө киргизүүдө гана айрым көйгөйлөр бар. Заман менен кадамдаш башкы дарыгерлер, менеджерлер ар бир врач интернетти пайдаланууга тийиш экенин түшүнүп, аны камсыздап беришет. Кээ бирлери өзүнүн, орун басарларынын, бухгалтеринин, кадрлар бөлүмүнүн кабинеттерин гана туташтырып тим болот, бирок андайлар аябай аз.
— Мындай прогрессивдүү пландарга карабастан, ооруканаларда алигүнчө электрондук кезек пайда боло элек. Буга эмне жолтоо болууда?
— Ооба, туура. Калкты тейлөө борборлорунун үлгүсү бизди шыктандырды. Бирок ишибиздин өзгөчөлүгүнөн улам баарын заматта ишке ашырып жиберүүгө болбой жатат. Терминал сатуучулар менен келишим түзүп, аларды биздин тутумга айкалыштырууну баштап турабыз.
Азырынча мындай тейлөө бейтапканалардын биринде сыналууда. Адам телефонуна көчүргөн тиркеме аркылуу электрондук кезекке турат. Бейтапканага келгенде терминалдан номерин терип, үй-бүлөлүк дарыгерин тандап, колуна талон алат. Терминалдар аркылуу бейтапканада акы алына турган кызматтарды да көрсөтүүнү пландоодобуз.