БУУ Канададагы окуядан кийин нацисттерди даңазалоого каршылыгын билдирди

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүБУУнун желеги. Архивдик сүрөт
БУУнун желеги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2023
Жазылуу
Жума күнү Канада парламентине ССтин "Галичина" дивизиясынын мурдагы аскерин чакырып, ага сый-урмат көрсөтүшкөн.
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун расмий өкүлү Стефан Дюжаррик Канададагы чатактан кийин нацисттерди даңазалоого каршы чыкты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Биз Экинчи дүйнөлүк согуштун учурунда нацисттик иштерге жигерүү катышкандарды урматтап даңазалоого каршы чыгабыз", — деген Дюжаррик.
Эске салсак, Зеленскийдин Канадага болгон сапарынын алкагында парламенттин отурумуна чакырылгандардын арасында 98 жаштагы Ярослав Хунка болгон. Общиналар палатасынын спикери аны "Дүйнөлүк экинчи согуштун учурунда Украинанын көз карандысыздыгы үчүн орустарга каршы согушкан" адам катары көрсөтүп, айткандары залдын кол чабуусу менен коштолгон. Хунка ССтин "Галичина" дивизиясынын ыктыярдуу мүчөсү болуп чыккан.
Тарыхка кайрылсак, ССтин "Галичина" дивизиясы 1943-жылы 28-апрелде түптөлгөн. Кийинки жылдын жай айына, Кызыл армия аларды украиналык Броды шаарынын жанынан талкалаганга чейин иштеген. Дивизияда кызмат өтөгөндөр жай жашоочуларга карата аскердик кылмыштарды жасашкан. Андан сырткары, еврейлерге, польшалыктарга, словактарга жана беларустарга жырткычтык менен мамиле кылганы тарыхта маалым.
Дивизия Польшага караган Гута Пеняцкая кыштагында 500 адамдын өмүрүн кыюуга катышкан. "Галичина" кийин Нюрнберг трибуналынын чечими менен кылмыштуу уюм деп табылган.
Общиналар палатасынын спикери Энтони Рота аталган адамдын өмүр баяны менен жакшы тааныш болбогондугун айтып, катасын мойнуна алып, Хункага көрсөтүлгөн урмат-сый үчүн кечирим сурады. Ал эми Канададагы оппозиция лидери Пьер Пуальевр премьер Трюдодон нацистти чакырганы үчүн анын жеке өзүнүн кечирим суроосун талап кылды. Канадалык өкмөт башчы ал өзү да, Владимир Зеленскийдин делегациясы да Хунканын парламентке чакырылганы боюнча маалыматы болбогондугун билдирген.
Канада премьер-министри Жастин Трюдо жана Украина президенти Владимир Зеленский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2023
Россия Канададан нацистке көрсөтүлгөн сый-урмат боюнча түшүндүрмө сурады
Жаңылыктар түрмөгү
0