Россия Канададан нацистке көрсөтүлгөн сый-урмат боюнча түшүндүрмө сурады

© AFP / DAVE CHANКанада премьер-министри Жастин Трюдо жана Украина президенти Владимир Зеленский
Канада премьер-министри Жастин Трюдо жана Украина президенти Владимир Зеленский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2023
Жазылуу
Канадалык өкмөт башчы Хунканын парламентке чакырылганы боюнча маалыматы болбогондугун билдирген.
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Москва Оттавадан Канада парламентинде Владимир Зеленскийдин сапарынын маалында ССтин "Галичина" дивизиясынын улгайып калган ардагеринин чакырылып, сый-урматка алынышы боюнча түшүндүрмө сурады. РИА Новости бул тууралуу Россиянын Канададагы элчиси Олег Степановго таянып жазды.
"Элчилик тиешелүү расмий кадамдарды кабыл алат. Биз, албетте, Канада өкмөтүнөн түшүндүрмө сурайбыз", — деген ал.
Степановдун айтымында, ТИМге жана өкмөт башчынын кеңсесине, тышкы иштер министри Мелани Жоли менен премьер-министр Жастин Трюдонун атына да каттар тиркелет.
Дипломат сыпаттагандай, "нацисттик кылмышкерлердин уясына айланган" Канада бийлигинин реакциясы боюнча иллюзиясы деле жок.
"Тиешелүү демарштарды жасайбыз, бирок менде эч кандай деле иллюзия жок. Себеби неолибералдык фашизмдин жүзү болуп жаткан Трюдонун азыркы кабинети менен иш жүргүзүп деле кереги жок", — деди Степанов.
Россиянын Венадагы ыйгарымдуу өкүлү Михаил Ульянов ССчини көкөлөтүшү Канада үчүн өтө уят нерсе экенин белгиледи.
"Бул Канада жана анын истеблишменти (Канаданын бардык калкы эмес) үчүн уят иш. Алар антигитлердик коалициянын ролунан баш тартышты. Муну эч нерсе менен актоого да, жактоого да болбойт. Мындай нерсени жасайсың деп эч ким мажбурлаган эмес", — деп айтылган Ульяновдун X (экс-Twitter) социалдык тармактагы билдирүүсүндө.

Мурдагы ССчинин айланасындагы чыр

Эске салсак, Зеленскийдин сапарынын алкагында парламенттин отурумуна чакырылгандардын арасында 98 жаштагы Ярослав Хунка болгон. Общиналар палатасынын спикери аны "Дүйнөлүк экинчи согуштун учурунда Украинанын көз карандысыздыгы үчүн орустарга каршы согушкан" адам катары көрсөтүп, айткандарын залдагы кол чабуусу менен коштогон. Хунка ССтин "Галичина" дивизиясынын ыктыярдуу мүчөсү болуп чыкты.
Тарыхка кайрылсак, ССтин "Галичина" дивизиясы 1943-жылы 28-апрелде түптөлгөн. Кийинки жылдын жай айына, Кызыл армия аларды украиналык Броды шаарынын жанынан талкалаганга чейин иштеген. Дивизияда кызмат өтөгөндөр жай жашоочуларга карата аскердик кылмыштарды жасашкан. Андан сырткары, еврейлерге, польшалыктарга, словактарга жана беларустарга жырткычтык менен мамиле кылганы тарыхта маалым.
Дивизия Польшага караган Гута Пеняцкая кыштагында 500 адамдын өмүрүн кыюуга катышкан. "Галичина" кийин Нюрнберг трибуналынын чечими менен кылмыштуу уюм деп табылган.
Общиналар палатасынын спикери Энтони Рота парламентке Хунканы чакырып, ага көрсөтүлгөн урмат-сый үчүн кечирим сурады. Канададагы оппозиция лидери Пьер Пуальевр премьер Трюдодон нацистти чакырганы үчүн анын жеке өзүнүн кечирим суроосун талап кылды. Канадалык өкмөт башчы ал өзү да, Владимир Зеленскийдин делегациясы да Хунканын парламентке чакырылганы боюнча маалыматы болбогондугун билдирди.
Киевдеги улутчулдардын маршы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2023
Коомчулук айыптаган "Галичина" дивизиясын даңазалаган жүрүш. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0