Түмөнбай Байзаковдун өмүр баяны
© Фото / предоставлены Динарой БайзаковойТүмөнбай Байзаков
© Фото / предоставлены Динарой Байзаковой
Жазылуу
Акын жана котормочу Түмөнбай Байзаков 1923-жылы 23-сентябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Бөкөй айылында туулган.
Айылдагы мектептин 7-классын ийгиликтүү аяктагандан кийин Сузак районундагы Надежда Крупская атындагы жети жылдык мектепте башталгыч класстын мугалими болуп иштеп, ошол эле жылы Жалал-Абад шаарындагы педагогикалык техникумга сырттан окууга өтөт.
1941-жылы каардуу согуш башталганда Байзаков да согушка жөнөтүүнү өтүнөт. 1942-жылдын башында Советтик Армиянын катарына чакырылып, десанттык бөлүктөрдө аскердик милдетин аткарат. Ленинград багытындагы салгылашууларга катышып, 1943-жылы катуу жарадар болуп, өз айылына кайтып келет да мугалимдик ишин улантат. Кийин КМУнун филология факультетин бүтүрүп, Сузактагы райондук гезитте редактор, Кыргызстан КП БКнын алдындагы партиялык мектепте окутуучу, Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында адабий кеңешчи, кыргыз адабияты боюнча Москвада адабий кеңешчи, "Кыргызмамбаста" түркүн кызматтарда иштеп, редакторлукту да аркалайт.
© Фото / предоставлены Динарой Байзаковой1941-жылы каардуу согуш башталганда Байзаков да согушка жөнөтүүнү өтүнөт
1941-жылы каардуу согуш башталганда Байзаков да согушка жөнөтүүнү өтүнөт
© Фото / предоставлены Динарой Байзаковой
Жашынан өзбек, орус тилин мыкты өздөштүрүп, чыгармачылыгынын башатын котормолор менен баштайт. Чет өлкөлүк авторлорду кыргызчага которуп, анын ичинде Муса Жалилдин ырларын классикалык деңгээлде кыргызчалаган устат котормочу болгон.
1946-жылдан баштап ырлары чыга баштаган. Ошол жылы “Тилегим” деген ыры Жалал-Абад облусунун “Большевиктик жол” гезитине алгач басылган. Ал эми "Паризат" аттуу ырлар жыйнагы 1958-жылы жарык көргөн. Кийин анын көптөгөн ырлар жыйнагы кыргыз жана орус тилдеринде, котормолору өзүнчө китеп болуп чыккан. Барпы Алыкуловдун ырларын жыйноодо акындын чоң салымы бар.
Байзаковдун орус тилинде "Наедине с мечтой", "Зеленая карусель", "Осень и любовь" деген китептери чыккан.
1958-жылы СССР Жазуучулар союзунун, СССР Журналисттер союзунун мүчөсү болгон.
Александр Фадеев атындагы адабий сыйлыгы, Ата Мекендик согуштун I даражадагы ордени, көптөгөн медалдар, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Басма сөздүн отличниги, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.
© Фото / предоставлены Динарой Байзаковой1958-жылы СССР Жазуучулар союзунун, СССР Журналисттер союзунун мүчөсү болгон
1958-жылы СССР Жазуучулар союзунун, СССР Журналисттер союзунун мүчөсү болгон
© Фото / предоставлены Динарой Байзаковой
Акын 1993-жылы 70 жаш курагында бул дүйнөдөн кайткан.
Түмөнбай Байзаков кыргыздардын мекенчилдик сезимин ойготкон, экинчи гимнге айланган “Кыргыз жери” ырынын автору. Анын ысымы Жалал-Абаддын бир районундагы сейил паркка жана Жалал-Абаддын Барпы айылындагы мектепке ыйгарылган.
Акынга жакында эле (көзү өткөндөн кийин) Кыргыз Республикасынын эмгек баатыры ардактуу наамы ыйгарылды.