Захарова Хиросима тууралуу айткан фон дер Ляйендин калпын чыгарды

© AP Photo / Francisco SecoЕврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен. Архивдик сүрөт
Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2023
Жазылуу
Өзөктүк курал колдонуп АКШ биринчи кезекте саясий кызыкчылыкты көздөгөн деп айтылып келет.
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Хиросима апаатынын жоопкерчилигин Россияга жүктөп койгон Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен калп сүйлөдү. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Telegram каналына жазды.
Ал 21-сентябрь күнү фон дер Ляйен Атлантика кеңешинин сыйлыгын тапшыруу аземинде "бир топ кызык сөз" айтканын билдирген.
"Россия менен күрөшүп жаткан Киев режимине көрсөткөн колдоосу үчүн япон өкмөтүн мактап-жактады. Өкмөт башчы Хиросимадан экенин, 1945-жылы өзөктүк курал менен бомбалоодо туугандары көз жумганын эске салды. Япон шаарларына жана жай тургундарга ошол бомбаларды ким таштаганы тууралуу бир да сөз жок", — деп жазды Захарова.
Анын айтымында, "ЕБдеги ири коррупциялык жаңжалдардын фигуранты муну менен тим болбостон, Хиросима апаатынын жоопкерчилигин Россияга артып койду".
ТИМ өкүлү ЕБ жетекчисинин сөздөрүн келтирген: "Өзөктүк бомба Хиросиманы жер менен жексен кылганда канчалаган туугандарыңыздан ажырадыңыз. Сиз ошол тарыхты көрүп чоңойдуңуз. Эми Россия кайрадан өзөктүк курал колдоном менен коркутуп жатат. Бул — өтө жийиркеничтүү жана кооптуу нерсе".
"Жийиркеничтүү жана кооптуу нерсе — бул Урсула Фон дер Ляйендин калпы", — деп жазды Захарова.
Эскерте кетсек, 1945-жылы АКШ Япониянын Хиросима жана Нагасаки шаарларына өзөктүк бомба таштаган. Эки бомбанын жарылышынан 220 миң киши каза таап, дагы 200 адам радиациялык нурлануудан көз жумган. Каргашанын кесепетинен көбүнесе жай тургундар кырылган.
Бир катар эксперттер аскердик көз караш менен алганда бул бомбалоого эч кандай түшүндүрмө жок экенин айтып келишет, анткени милитаристтик Япониянын жеңилүүсүн советтик аскерлердин миллиондоп саналган Квантун армиясын талкалашы шарттаган эле.
Өзөктүк курал колдонуп АКШ биринчи кезекте саясий кызыкчылыкты көздөгөн деп айтылып келет. Биринчи кезекте өзөктүк куралды башка улуттарды коркутуучу башкы каражат катары пайдалануу менен өз күчүн көрсөтүп, стратегиялык артыкчылыгын камсыздоону максат кылган.
Баса, Sputnik колумнисти милитаристтик Япония СССРден кандайча жеңилип, ал тарыхтан Борбор Азия мамлекеттери кандай сабак алышы керектиги тууралуу жазган.
1945-жылдын 2-сентябрында Япониянын капитуляциясы жөнүндө актыга кол коюлду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2023
Россия бүгүн биринчи жолу Японияны жеңгенин расмий белгилеп жатат. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0