Японияны жеңген күн: Борбор Азия калкы эмнени эсинде тутканы оң

© Sputnik / Федор ЛевшинСоветтик-япондук согуш учурунда Кызыл Армиянын япон аскерлерине каршы согуштук операциясы.Архивдик сүрөт
Советтик-япондук согуш учурунда Кызыл Армиянын япон аскерлерине каршы согуштук операциясы.Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2023
Жазылуу
Борбор Азия өлкөлөрү бүтүндөй дүйнө менен мамиле түзүп, ошол эле убакта бабалардын эрдигин эстен чыгарбай, фашизм менен милитаризм тез эле кайра жанданып кетерин унуткарбоого тийиш экенин белгилейт колумнист.
Россия жана Борбор Азия калкынын жадында Улуу Ата Мекендик согуш өзгөчө орунда турат. Муңдуу окуялар эч бир үй-бүлөнү кыйгап өткөн эмес. Ал апаат сансыз жоготууларды жана фашисттик Германия менен күрөштө советтик элдин болуп көрбөгөндөй эрдигин эске салат.
© Фото / Эсен УсубалиевII Дүйнөлүк согушта шейит кеткендер эскериле турган "Ясукуни" храмы. Токио. 2020-жыл. Сүрөттүн автору
Храм Ясукуни в Токио - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2023
II Дүйнөлүк согушта шейит кеткендер эскериле турган "Ясукуни" храмы. Токио. 2020-жыл. Сүрөттүн автору
Бирок мындан 78 жыл мурун сентябрь айындагы милитаристтик Японияны жеңгени дайым эле тийиштүү деңгээлде кабылданбайт. Ошол эле учурда бул күн – 3-сентябрь Экинчи дүйнөлүк согуштун соңу болуп саналат. Фашисттик Германия менен Япониянын талкаланышын масштабы боюнча салыштырып болбойт. Ыраакы Чыгыш жана Азиядагы фашизмди жок кылууда советтик жоокерлердин баатырдыгын эч бир нерсе кемсинтпеши керек.
СССРдин Японияны жеңишинин тарыхый мааниси россиялык мыйзамда бекитилген. Ал документке РФ президенти Владимир Путин быйыл 24-июнда кол койгон. Мындан ары 3-сентябрь РФте милитаристтик Японияны жеңиш күнү катары расмий таанылат. Россияда тарыхый окуялардын маанисин калыптандыруу мамлекеттик саясаттын маанилүү бөлүгү болсо, постсоветтик мейкиндиктеги бөлөк өлкөлөрдө да тарыхый окуялар жана даталар аларга карата мамиле өңдүү эле ар кандай болушу мүмкүн.
© Фото / Эсен УсубалиевТегин эстелик эмес. 1941-жылдын 8-декабры. Япониянын премьер-министри Хидеки Тодзио радиодон императордун АКШ менен согуштун башталышы жөнүндөгү буйругун окуган. Ошол маалда Перл-Харборго бомбалар “жаай” баштаган. Андай маанилүү билдирүүнүн артынан жаңырган "Umi Yukaba" ("Биз деңизде баратканда") ырындагы "kaerimiwa seji" – эч качан артка кылчайбайм” деген саптары эстеликте жазылган. Ясукуни храмындагы музей, Токио. Сүрөттүн автору, 2020
Музей при храме Ясукуни в Токио - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2023
Тегин эстелик эмес. 1941-жылдын 8-декабры. Япониянын премьер-министри Хидеки Тодзио радиодон императордун АКШ менен согуштун башталышы жөнүндөгү буйругун окуган. Ошол маалда Перл-Харборго бомбалар “жаай” баштаган. Андай маанилүү билдирүүнүн артынан жаңырган "Umi Yukaba" ("Биз деңизде баратканда") ырындагы "kaerimiwa seji" – эч качан артка кылчайбайм” деген саптары эстеликте жазылган. Ясукуни храмындагы музей, Токио. Сүрөттүн автору, 2020
Тарыхтагы маселелерди изилдөө кийинки муун кандай дүйнөдө жашай турганына тыгыз байланыштуу. Азыр Япония менен алаканы кайра карап чыгууга эч кимдин чакырык таштап же Түштүк-Чыгыш Азия, Тынч океан чөлкөмүндөгү өлкөлөр сымал согуш убагындагы кылмыштар үчүн кечирим суроону талап кылган жери жок. Бирок өсүп келе жатка муун тарыхты изилдейт. Бул өткөн жолубуз туурасында билим гана бербестен, болочокко даярдайт.

"Эч качан артка кылчактабайм" — Япония согушту кантип эскерет

Жакында эле Хиросима менен Нагасакини ырайымсыздык менен бомбалоо эскерилди. Желеде япон жаштарынан аталган калааларды ким бомбалаганын сурамжылаган тасма тарады. Анын жыйынтыгы кейитет. Жаштардын жарымы атомдук бомбаларды дал ким таштаганынан кабары жок. Бул — идеологиялык иштин натыйжасы, курмандыктар бар, алар эскерилет, бирок аны кимдин кылганын эмкилер билишпейт.
Албетте, муундардын эсинен чыгарып, өткөндү тарых барактарынын бүктөмүндө калтыруу кимге пайдалуу экени түшүнүктүү. Бирок Япония болочок муунга маанилүү нерсени сактоонун өзгөчө механизмдерине ээлик кылбаса, уникалдуу мамлекет болмок эмес.
"Ясукуни" храмы жана анын алдындагы мемориалдык музей – Япония өз тарыхы жөнүндө эскерүүлөрүн дайым сактай турган өзгөчө орун. Бирок мында бир эскертүү бар: "Азияда тынчтык жана өнүгүү мейкиндигин орнотуу" деген жамааттык максатты орундатуу үчүн жеке эрдиктерге жык аскердик тарыхтын өздөрүнө керектүү версиясы. Япон милитаристтери тынчтык, демократия жана Азиядагы антиколониализмге каршы дал ушундай күрөшкөн. Бирок Европанын колониализмин жок кылуу менен алар анын япониялык түрүн жаратып алышкан. Ошентип Япония согуш жөнүндөгү эскерүүлөрүн кылдаттык менен тандап сактайт.
Эгер башка мамлекеттер "демократия менен өнүгүүнү" ураан чакырган азыркы дүйнө менен салыштыра турган болсок, "бул ааламда эч нерсе жаңы эмес" экени дароо түшүнүктүү боло түшөт. Жогоруда айтылгандарды жалпылаштырсак, япониялыктар АКШга карата терс мамиле жарата турган жагдайларды тарыхтан алып салат. Тек гана – "согушкан, утулган" деген тейде фактыларды тизмелейт.
Ал эми кеп Россия менен Кытай Эл Республикасына келгенде, абал таптакыр башка. Аларды эстеп, элге улам эскертип, өз саясатына туура келген нукта оңдоп келишет. Маселен, Нанкиндеги (Кытайдын ошол убактагы борбор калаасы) апаатта, тагыраак, туткундагылар жана жайкын калктан 300 миңден ашуун кишинин ырайымсыз өлтүрүлүшү. Япон булактарында ал окуя туурасында "шаардагы башаламандыкты токтотуу үчүн япон аскерлери кийлигишип, күч колдонууга аргасыз болгон", — деп жазылган.
© Фото / Эсен Усубалиев1937-жылдын 13-декабрында япон армиясы уюштурган Нанкин кыргынындагы курмандыктардын элесине мемориалдык музей-көргөзмө. Нанкин, фото автордуку. Эстеликте монах өлтүрүлгөн баланын көздөрүн жаап, жаны жай алышын каалап жаткан кези чагылдырылган.
Мемориальный музей-выставка в память о жертвах нанкинской резни - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2023
1937-жылдын 13-декабрында япон армиясы уюштурган Нанкин кыргынындагы курмандыктардын элесине мемориалдык музей-көргөзмө. Нанкин, фото автордуку. Эстеликте монах өлтүрүлгөн баланын көздөрүн жаап, жаны жай алышын каалап жаткан кези чагылдырылган.
Өз кезегинде биз андай тандалма тарыхка жол бере албайбыз. Биз Кытайдагы басып алынган территорияда, атап айтканда, Маньчжурияда биологиялык лабораториялар иштетилгенин, "айтылуу" № 731 менен 100 отряддары СССР жана башка өлкөлөргө каршы бактериологиялык куралды иштеп чыгып, сынаганы маалым. Ошол сынамык тажрыйбалардын натыйжасында үч миңден ашуун киши (советтик жана кытайлык жарандар) азап чегүү менен ажал тапкан. Тарыхтын кайталанма табияты бар. Украинанын аймагында да эмнеликтен биологиялык лабораториялар иштегенин аңдай билишибиз керек.
Тарыхтагы окуяларды унутуп калышыбызды каалашат, бирок баары биздин эсибизде. Евразиялык мейкиндиктин ченемдери түмөн. Евразия өлкөлөрүндө — Беларусь менен Россиядан тарта Борбор Азия менен Кытайга чейин тарыхка болгон жалпы мамиленин калыптанышы өткөндүн сабактары унутулбай турганын кепилдей алат.
Фашисттик Германиянын СССРдеги кылмыштары, милитаристтик Япониянын Кытайдагы (анын ичинде советтик жарандарга каршы) жырткычтыгы бир улуттун өзүн башкалардан артык санаган кооптуу демилгесине негизделген. Албетте, евразиялык мейкиндикте андай демилгелердин пайда болушу мүмкүн эмес. Анан да 2022-жылдын 15-декабрында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы Россия сунуштаган нацизмди даңазалоого каршы күрөш жөнүндөгү резолюцияны кабыл алган. Ошол документти 120 өлкө колдоп, 50 мамлекет каршы чыгып, он республика арсар калганын эсиңиздерге сала кетели. Айтмакчы, нацизмди айыптаган ошол резолюцияга АКШ, Германия, Австрия, Италия, Япония, Украина, Польша, Улуу Британия жана башкалар каршы добуш берген.
Документтин маанилүү чакырыгы — "Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыктарын кайра карап чыгууга, адамзатка каршы жана аскердик кылмыштарды жокко чыгарууга" жол бербөө үчүн чара көрүү. Мурдагы союздаштар гана эмес, согушта жеңилгендер да колдобогонуна күбөбүз. Бул тарыхты өзгөртүп, башка мамлекеттердин фашизмге каршы күрөштөгү ролун тарыхтан өчүрүп салууга умтулуу экени айдан ачык. Ушуга байланыштуу фашизмди жеңүүдөгү СССРдин ролун азайтып, СССР, КЭР, Азия жана Тынч океан аймагынын башка өлкөлөрүнүн көп миллиондогон жай жарандарынын набыт болгонун унуттурууну көздөшөт.
Фашизм милитаризмсиз, милитаризм фашизмдин идеологияларысыз толук кандуу иштей албайт. Милитаристтик Япониянын жеңилиши бүтүндөй аалам үчүн Германиянын фашисттик режиминин жок кылынышы сымал эле чоң мааниге ээ. Ал эми 9-май менен 3-сентябрь – адамзаттын фашизмдин кооптуу идеологиясынан арылган датасы катары бирдей орунда.
Улуу Ата Мекендик согуштун бурмаланган фактылары. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2023
Улуу Ата Мекендик согуштун бурмаланган фактылары. Видео

Япония милитаризминин соңу

1945-жылдын 9-августунан 2-сентябрына чейин созулган Маньчжурия стратегиялык чабуулдук операциясы япон Квантун армиясын талкалап, Түндүк-Чыгыш Кытайды (Маньчжурия), Түндүк Кореяны бошотуп, Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташын ылдамдаткан. 640 миңден ашык япон аскери туткунга түшкөн. СССРдин аларга кылган гумандуу мамилесин согуш убагындагы япондордун өз туткундарына көрсөткөн кордугуна салыштырып болбойт. Лагерлерде өлүм саны 30 пайызга чыгып, кээде андан да ашкан. Кытайлык аскерлерди болушунча тезирээк, анан калса эң ырайымсыз ыкмалар менен өлтүрүүгө аракет кылышкан.
Токио Борбор Азия өлкөлөрү жана Япониянын ортосунда "терс тарыхый тажрыйбанын жоктугу" жакындашуунун маанилүү фактору экенин дайым белгилейт. Борбор Азия өлкөлөрүндө жаш муун СССР Япония менен согушканын чындап эле билбейт. Ал согуш туурасында туткунга түшкөн япон аскерлеринин согуштан кийинки өлкөгө көмөктөшүү үчүн жөнөтүлгөнү жөнүндөгү маалыматтарда гана кездешет.
Россиядан тышкары япон аскердик туткундары Казакстанга (50 миң), Өзбекстанга (20 миң) жана чөлкөмдүн бөлөк өлкөлөрүнө да жиберилген. Кыргызстанга ар кандай маалыматтар боюнча үч миңдей япон аскер туткуну келген. СССРдин тарыхындагы кызыктуу көрүнүш – туткундагы немецтерге караганда япон аскерлерине жакшы мамиле кылышкан деген коомдук пикирдин түзүлгөнү. Орто Азия калкы япондорго жан тарткан. Тарых жергиликтүү эл колунда калган акыркы азыгын япон туткундарына карматып, кийим, бут кийимдеринен бөлүшкөн. Бул жөнүндө көптөгөн документалдык тасмалар, япониялыктар туткунда кармалган жерлерге, бирге кызмат өтөгөн жолдошторунун күмбөздөрүнө жасаган зыяраттары боюнча сюжеттер тартылган.
Эгер бул жөн гана турмуштук окуя болсо да, агартуучулук мүнөзгө ээ. Бирок дал ошондой сюжеттер аз. Көбүнесе япониялыктардын оор шартта кармалганын, жазаланганын, тамакка жетпей калганын, коммунисттик пропаганда, саясий иш жана башка жагдайлар чагылдырылган. Бүгүнкү күндө Россия жана Орто Азияда туткундагы үрөй учурган учурлар туурасындагы жүрөк тилген баяндар катары берилүүдө. Алар элди тилектеш болууга гана үндөбөстөн, өлкөбүздүн тарыхынын ошол учуру туурасында терс пикир жаратууну көздөйт. Эң жаманы – андай сюжеттер жаш муундун бурмаланган маалыматтардын негизинде өткөн тарых үчүн жүзү кызарышы. Ал эми ошол тасмаларды жайылтуу андан да зыян алып келери бышык.

Евразиялык тилектештик

Кыргызстан Япония менен тарыхый карама-каршылыктан ажыратылган жана дүйнөлүк коопсуздук үчүн ири стратегиялык мааниге ээ болбогон алака курат. Бирок согуш, советтик жоокерлердин эрдиги туурасында өсүп келе жаткан муунга айта жүрүүгө милдеттүүбүз.
Келечекте Евразияда фашизмге, улутчулдукка, экстремизм жана терроризмге, дин жана тил сабырсыздыгына, милитаризация менен куралдануу жарышына орун болбошу керек. Тилекке каршы, учурда андай болбой турат. Фашизм менен милитаризмдин кайра баш көтөрүшү жайкын жарандардын өмүрүн ала баштады.
Европа менен АКШ орус искусствосун, маданиятын, советтик тарыхты түп-тамырынан бери жок кылууга атаандашууда. Андай дүйнөнүн бизге кереги жок. Жаңы ааламда фашизм менен милитаризмге орун жок, антпесе бул дүйнө биротоло жок болот.
АКШнын Ак үйү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2023
Ак үй Экинчи дүйнөлүк согуш АКШнын жеңиши менен аяктаганын жар салды
Жаңылыктар түрмөгү
0