22-сентябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүЖамгыр. Архивдик сүрөт
Жамгыр. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2023
Жазылуу
22-сентябрга караган түнү өлкөнүн айрым жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондорунда кар жаайт.
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Жума күнү республиканын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +12...+17, Талас жергесинде +11...+16, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +17...+22, Ысык-Көл менен Нарында +9...+14 градус болору айтылды.
Бул күнү Бишкек менен Ошто мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +15...+17, Ошто +20...+22 градуска жетет.
Жамгыр жааганда кол чатыр кармаган аял көчөдө бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2023
Жаанчыл болот. Бир жумага карата Кыргызстандагы аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0