Жаанчыл болот. Бир жумага карата Кыргызстандагы аба ырайы

© AFP / SVEN GRUNDMANNЖамгыр жааганда кол чатыр кармаган аял көчөдө бара жатат. Архив
Жамгыр жааганда кол чатыр кармаган аял көчөдө бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2023
Жазылуу
Келерки жумада көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Катуу шамал болору да айтылды.
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, шейшемби жана шаршембиде кээ бир аймактарда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Бишкек шаарында дүйшөмбүдөн шаршембиге чейин жаан жаайт. Бейшембиден тарта күн ачылып, аптанын аягына чейин бузулбайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй облусу

18-19-сентябрда айрым жерлерде, 20-сентябрда көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт. 21-сентябрда дагы кээ бир райондордо жаан жаашы ыктымал. Андан соң 22-23-сентябрда күндүн көзү ачылат.

Талас облусу

18-19-сентябрда айрым жерлерде, 20-сентябрда көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт. Ал эми 21-23-сентябрь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт.

Ош облусу

18-сентябрда тоолуу аймактарда жаан жаайт, бирок өрөөндөрдө күндүн көзү бузулбайт. 19-сентябрда күн ачык болот. 20-сентябрда көпчүлүк аймактарда, 21-22-сентябрда айрым жерлерде жамгыр жаап, күн күркүрөйт.
23-сентябрда тоолуу райондордо жаан жааса, дыйканчылык аймактарда күн ачык бойдон турат.
Лампа чыгарган Жалал-Абад облусундагы Майлы-Суу заводун кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2023
Советтик Кыргызстандан чыккан товар Германияга сатылган. Архивдик сүрөттөр

Жалал-Абад облусу

18-сентябрда тоолуу райондордо жаан жаап, бирок өрөөндөрдө жаабайт.
19-сентябрда айрым жерлерде, 20-сентябрда көпчүлүк аймактарда жамгыр, бийик тоолорго кар жаашы күтүлөт. 21-сентябрда тоо этектеринде жамгыр жаайт.
22-23-сентябрда асман ачык болору айтылды.

Баткен облусу

18-19-сентябрда жаан-чачын болбойт. 20-сентябрда көпчүлүк аймактарда, 21-сентябрда айрым жерлерде жамгыр жаайт. Андан кийин күн ачылып, жуманын соңуна чейин турат.

Ысык-Көл облусу

Алдыдагы апта облуста жаанчыл болот. Маал-маалы менен жамгыр жаап, бийик тоолорго кар түшөт.

Нарын облусу

Теңир-Тоодо дагы бул жумада күндүн көзү ачылбайт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолорго кар түшөт.
Кыргызстандык ырчы Россиядагы конкурста жарым финалга чыкты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2023
Кыргызстандык ырчы Россиядагы конкурста жарым финалга чыкты. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0