Кыргызстан энергетикалык кризистен кантип чыгат? Адистер менен маек

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЭлектростанциянын эскертүү белгиси "Абайлаңыз! Электр чыңалуу." Архив
Электростанциянын эскертүү белгиси Абайлаңыз! Электр чыңалуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2023
Жазылуу
Суу аз келип жатканына байланыштуу өлкөдө энергетикалык кризис болууда. Муну жеңүү үчүн чакан жана ири ГЭСтерди куруу керек. Кыргызстан кризиске карабай CASA-1000 жана ЕАЭБдин алкагында бирдиктүү рынок долбооруна кирген.
Sputnik Кыргызстан редакциясында Улуттук энергетикалык холдингдин Электр станциялар башкармалыгынын башчысы Максат Жумабаев жана энергетика тармагынын ардагери Чоробай Акунов болду. Биз ЕАЭБдин бирдиктүү энергорыногун түзүү жана ага даярдыктар тууралуу сүйлөштүк.
— ЕАЭБдин алкагында 2025-жылга чейин бирдиктүү экономикалык рынок түзүү мерчемделген. Бүгүнкү күндө канчалык даярдыгыбыз бар? Эмне иштер жасалууда жана жасалып жатат?
Максат Жумабаев: — ЕАЭБдин алкагында беш документ иштелип чыгышы керек. Учурда төрт эреженин бири бекиди, экинчиси коллегияда каралган соң макулдашууга жиберилет. ЕАЭБдин бирдиктүү энергорыногу электр энергияны тоскоолдуксуз сатууга жана сатып алууга шарт түзөт. Башкача айтканда, электр энергия бирдиктүү биржага чыгарылып, келишим түзүлөт. Мисалы, Россияда 1000ге чукул сатып алуучу, 500дөй сатуучу бар. 2022-жылдан тарта ЕАЭБдин алкагында буга чейин иштелип чыккан документтердин негизинде Россиядан электр энергия сатып алынууда. Быйыл Кыргызстандын Россиядан 874 миллион киловатт-саат сатып алары боюнча келишимге кол коюлган. Анын ичинен 560 миллион кВт-саат алуу пландалган, азыркы тапта 146 миллион кВт-саат сатып алынды. Калган 314 миллион кВт-саатты 2024-жылдын биринчи кварталында алабыз. Мунун баары буга чейин иштелип чыккан документтердин негизинде түзүлүп жатат, бирок 2025-жылдан баштап бул бирдиктүү биржа аркылуу ишке ашат.
© Sputnik / Асел АкматУлуттук энергетикалык холдингдин Электр станциялар башкармалыгынын башчысы Максат Жумабаев
Руководитель департамента электростанций Национального энергетического холдинга Максат Жумабаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2023
Улуттук энергетикалык холдингдин Электр станциялар башкармалыгынын башчысы Максат Жумабаев
— Жеке жана чакан компаниялар да сатып ала алышабы?
М.Ж.: — Биржага ири компаниялар катыша алат. Ошол эле учурда бир канча майда компаниялар биригип сатып алууга мүмкүндүк түзүлүшү ыктымал.
— Россия Кыргызстанга сураган электр энергиясын толук бере аларын, бирок Казакстандын өткөрүү мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин айтты эле...
М.Ж.: — Ооба, бул маселени чечүү үчүн Казакстанга барып, бизге канча электр энергия өткөрүп бере аларын тактап, анан Россия менен келишим түзөбүз. Казакстандын көпчүлүк генерациясы түндүгүндө жайгашкан. Ал эми түштүгүндө аз. Бирдиктүү рыноктун документинде 60 барактан турган ар бир эреже так көрсөтүлүп, көйгөйлөр толук жазылган. Казакстан азыр "Бирдиктүү сатып алуучу" функциясын киргизип, энергияны сатуу, сатып алуу жагын толугу менен мамлекеттик компанияга өткөрүп берди.
Уюмдагы өлкөлөрдө электр энергияны колдонуунун жогорку чеги ар башка убакытка туш келгенин туура пайдаланууга мүмкүндүк бар. Биз ЕАЭБдин алкагында бир күн мурун төлөө ыкмасы менен иш алып барууну көздөп жатабыз. Мисалы, Россияда электр энергиясы түнкүсүн 3-4 эсеге арзан сатылат. Бизде кечки саат 6:00дөн 9:00гө чейин электр энергиясы максималдуу көп колдонулат. Россия менен айырмабыз үч саат болгондуктан бизден кийин аларда көп колдонула баштайт. Ушул убакыт аралыгында арзан сатып алууга мүмкүнчүлүк жаралат.
— Азыр өлкө электр энергиясынын кризисине кабылганын айтып жатабыз. Абалдан кантип чыгууга болот?
Чоробай Акунов: — Эки жылдан берки электр кубаттуулугунун тартыштыгына байланыштуу программа иштеп чыкканбыз. Буга чейин Камбар-Ата-1 менен Жогорку Нарын ГЭСинин куруу иши токтоп калган. Камбар-Ата-2 ГЭСинин жабдыктары алып келингени жатат. Мунун экинчи агрегаты эмдиги жылы күзүндө ишке кирип калса, бизге генерация болот. Жакында эле Жогорку Нарын жана Сары-Жаз ГЭСи боюнча Кытайдын адистери келип изилдеп кетишти. Өкмөт башчы быйыл 6 чакан ГЭС ишке кирерин айтты. Балыкчынын тегерегине шамал жана күндөн энергия алуучу станцияларды куруу долбоорлору каралып жатат. Мунун баары энергетикалык кризистен чыгууга өбөлгө.
© Sputnik / Асель СыдыковаЭнергетика тармагынын ардагери Чоробай Акунов
Член Правления ЗАО Верхне-Нарынские ГЭС Чоробай Акунов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2023
Энергетика тармагынын ардагери Чоробай Акунов
— Максат мырза, бизде бирдиктүү энергорынокко электр энергиясын чыгаруучу ири компаниялар деле жок. Сатып алуучулардын эле катарын толуктап калат окшойбуз...
М.Ж.: — Жаңы станция курулуп калса, эң биринчи кыргызстандыктарды электр менен камсыздоо керек. Андан артса сатыкка чыгара берсе болот. Алгач ички муктаждыкты жабышыбыз зарыл. Азыр жетпей калганын сатып алабыз.
— Баа маселеси да келип чыгууда. Электр энергиясын алууга кошумча дотация төлөнөбү же саткандар баасын түшүрөбү?
М.Ж.: — Биржада ар бир сатуучу тарап жана алуучу тарап өз баасын сунуштайт. Ошентип ортодон бир баа чыгат. Кадимки эле базардай соодалашуу жүрөт. Сатуу графигине жараша жеткирүү графиги да так түзүлөт. Ошол себептен баа саат сайын өзгөрүп турушу мүмкүн. Бул компаниялардын ич ара келишимине жараша болот. ЕАЭБдин алкагында үч рынок бар. Эки тараптуу келишимдер рыногу, кечиктирилгис келишимдер рыногу жана бир сутка мурун төлөө рыногу. Үчөөнүн бирөөсүн тандап иштей берсек болот. Мисалы, бизге жогоруда айткан режим менен алдын ала келишүү рыногу ыңгайлуу.
Жумабаев: ЕАЭБде электр энергияны тоскоолдуксуз соодалоого шарт түзүлөт
— Экономикалык жактан күчтүү мамлекеттер менен бирдиктүү рынокко кирүү бизге пайдалуубу?
М.Ж. — Пайдалуу жагы биржадан бааны карап, эч кандай тоскоолдуксуз электр кубаттуулугун сатып ала алабыз. Камбар-Ата-1 ГЭСи курулуп бүтмөйүнчө сатып алууга мажбурбуз. Былтыр деле ички керектөөнү жабуу үчүн 2 миллиард 800 миллион кВт-саат электр кубаттуулугун алдык. 2026-жылы Камбар-Ата ЖЭБи толук ишке киргенде гана электр энергиясын биржага чыгарууга, Токтогул суу сактагычында суу топтоого мүмкүнчүлүк жаралат. Быйыл былтыркыга караганда 2 миллиард метр кубга суу аз топтолду. Ал эми электр энергиясын колдонуу былтыркыга салыштырмалуу 1,5 миллиард кВт-саатка көбүрөөк болот.
— Бул көрсөткүч дагы өсөт да?
М.Ж. — 2022-жылы Кыргызстанда жылдык керектөө 16 миллиард киловатт-сааттын тегерегинде болсо, быйыл 17,5 миллиардды түзөт. Ошондо ички керектөө 10 пайызга өсүп жатат. Суунун аз келиши да бизге тоскоол болду. Былтыр суунун келиши 107 пайызды түзсө, быйыл 93 пайыздын тегерегинде. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыр 13,6 миллион куб метр болсо, быйыл 11,6 миллион куб метрди түзүп жатат. Барган сайын суу тартыш. Азыр Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан да Россиядан электр кубаттуулугун сатып алууда.
— Кыргызстанда генерация линиясын кеңейтүү жүрүп жаткандыктан "келечекте бул кризистерди басып өтөбүз" деген кептер айтылып жатат. Бирок ири ГЭС деле курулган жок го?
Чоробай Акунов: — Ооба, чакан ГЭСтер курулуп жатат. Ал эми чоң ГЭСтерди куруу боюнча өкмөт аралык макулдашуулар жүрүүдө. Мисалы, Сары-Жаз, Жогорку Нарын ГЭСи боюнча Кытайдын адистери келип, бир жума жүрүп изилдеп кетишти. Жакында Куланак каскад ГЭСинин адистери келери айтылууда. Мындан тышкары, чакан ГЭСтердин эң чоңу Куланак ГЭСи курулуп жатат. Буга чейин инвесторлор Кыргызстанга ГЭС салуудан чочулаган. Кеткен чыгым акталабы деген бүдөмүк суроо бар болчу. Мындан тышкары, тариф саясаты да бар. Учурда тарифти жөнгө салуучу мамлекеттик мекеме так эсептеп жатат. Азыр чакан ГЭС курууга кызыкдар инвесторлор келе баштады. Бирок мындай долбоор менен келишим түзгөндө экономикалык жагынан мамлекеттин кызыкчылыгын да эске алып, тыйынынан бери эсептөө керек.
Электр линияларынын артында күндүн чыгышы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2023
Кыргызстан ЕАЭБдин энергетика рыногунда негизги өлкө боло алат. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0