https://sputnik.kg/20230919/sadyr-zhaparov-irandyn-prezidenti-menen-zholuktu-1078725320.html
Садыр Жапаров Ирандын президенти Эбрахим Раиси менен жолукту. Эмне талкууланды
Садыр Жапаров Ирандын президенти Эбрахим Раиси менен жолукту. Эмне талкууланды
Sputnik Кыргызстан
Ирандын лидери эки өлкө ортосунда товар жүгүртүүнүн учурдагы көлөмү аз болуп жатканын белгилеген. 19.09.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-09-19T10:31+0600
2023-09-19T10:31+0600
2023-09-19T10:31+0600
кыргызстан
саясат
садыр жапаров
иран
президент
жолугушуу
сүрөт
https://sputnik.kg/img/07e7/09/13/1078724784_0:0:2960:1665_1920x0_80_0_0_6fb7fe68e17ce79db06223ec3bed8379.jpg
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында Ирандын президенти Сейед Эбрахим Раиси менен жолугушту. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү артыкчылыктуу багыттарын талкуулашкан.Ирандын президенти эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн эки өлкөнүн жакшы мүмкүнчүлүктөрү жана жогорку потенциалы бар экендигин белгилеген.Өз кезегинде Жапаров бардык деңгээлдеги туруктуу саясий диалогду жана кыргыз-иран кызматташтыгын мындан ары да бекемдөөгө даярдыгын айткан. Ал эми өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын ишмердүүлүгүнүн маанилүү ролун белгилеп, анын кезектеги жыйынын ушул жылдын аягына чейин Бишкекте өткөрүүнү сунуштады.Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мамлекет башчылары бири-бирин ыңгайлуу учурда өз өлкөлөрүнө иш сапар менен келүүгө чакырышканы кошумчаланды.
https://sputnik.kg/20230918/prezident-zhaparov-buuoptun-administratoru-shtayner-menen-zholuktu-1078632880.html
иран
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/09/13/1078724784_93:0:2824:2048_1920x0_80_0_0_1a459d3dc74c165518cd0b16279e9782.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, саясат, садыр жапаров, иран, президент, жолугушуу, сүрөт
кыргызстан, саясат, садыр жапаров, иран, президент, жолугушуу, сүрөт
Садыр Жапаров Ирандын президенти Эбрахим Раиси менен жолукту. Эмне талкууланды
Ирандын лидери эки өлкө ортосунда товар жүгүртүүнүн учурдагы көлөмү аз болуп жатканын белгилеген.
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында Ирандын президенти Сейед Эбрахим Раиси менен жолугушту. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү артыкчылыктуу багыттарын талкуулашкан.
Ирандын президенти эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн эки өлкөнүн жакшы мүмкүнчүлүктөрү жана жогорку потенциалы бар экендигин белгилеген.
"Сейед Эбрахим Раиси товар жүгүртүүнүн учурдагы көлөмү төмөндүгүн белгилеп, аны көбөйтүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоону сунуштады. Бул контекстте ал эки тараптуу биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын ишин активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Өз кезегинде Жапаров бардык деңгээлдеги туруктуу саясий диалогду жана кыргыз-иран кызматташтыгын мындан ары да бекемдөөгө даярдыгын айткан. Ал эми өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын ишмердүүлүгүнүн маанилүү ролун белгилеп, анын кезектеги жыйынын ушул жылдын аягына чейин Бишкекте өткөрүүнү сунуштады.
Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мамлекет башчылары бири-бирин ыңгайлуу учурда өз өлкөлөрүнө иш сапар менен келүүгө чакырышканы кошумчаланды.