Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

ЕАЭБге кирүү мигранттардын жашоосун кандайча жеңилдетти?

© Sputnik / Асель СыдыковаНачальник управления по делам миграции Минтруда, соцстрахования и миграции Жыпара Мамбетова
Начальник управления по делам миграции Минтруда, соцстрахования и миграции Жыпара Мамбетова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2023
Жазылуу
Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин миграция маселелери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Жыпара Мамбетова өлкө ЕАЭБге мүчө болуп киргенден бери мигранттарга кандай артыкчылыктар берилгенин айтып берди.
2015-жылдын 12-августунда Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болду. Сегиз жылдын аралыгында Кыргызстандан барган мигранттар Россияда уюмга кирбеген өлкөлөрдөн келгендерге салыштырмалуу иштеп, белгилүү бир артыкчылыктарга ээ болушууда. Бул тууралуу Жыпара Мамбетова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
ЕАЭБге кирүү мигранттардын жашоосун кандайча жеңилдетти?
Анын айтымында, учурда мигранттар РФте иштөө үчүн уруксат кагазын албай эле эмгек келишими менен иштей алат.
"Кыргыз мигранттары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Россия жана Казакстанда көп. Акыркы алты айдын жыйынтыгы боюнча, Россияда 578 миӊ адам, ал эми Казакстанда 45 миӊ жаран иштеп жүрөт. Өлкө ЕАЭБге мүчө болуп киргенден бери бир топ жеӊидиктер болуп жатат. Алсак, мигранттардын каттоого турушу жөнөкөйлөштүрүлүп жатат. Россияга киргенде жети, ал эми Казакстанга киргенде беш күндүн ичинде каттоого турушу зарыл болчу. Бул мөөнөт бир айга узартылган. Былтыр Кыргызстандын ЕАЭБдеги төрагалыгында 27-28-сентябрь күндөрү Бишкекте "Эмгек рыногу боюнча Евразия диалогу" деп аталган эл аралык форум өтүп, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү келип, анын алкагында бирдиктүү эмгек рыногунун ыңгайлуу системасын түзүү талкууланган. Анда мигранттардын каттоого турушу жаатында маселелер ортого коюлган. Жыйынтыгында федералдык мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, 26-октябрдан тарта Россияда мигранттар онлайн-каттоого туруу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Кыргызстандыктар Россияда иштөө үчүн эмгек патентин албайт (аны толтуруу, ал үчүн акча төлөө деген жок). Россиялыктар сыяктуу эле алар эмгек келишиминин негизинде иштей алышат. Мындай келишимди түзүү үчүн кыргызстандык мигранттын паспорту жана миграциялык картасы болушу керек. Ал эми мурда диплом, квалификациялык документтерди мыйзам чегинде сертификациядан өткөрүү керек болсо азыр бул документтер ЕАЭБ өлкөлөрүндө таанылат. Ошондой эле эмгек мигранттары жумушка орношкон соң медициналык милдеттүү камсыздандыруу полисин толтурууга жана анын негизинде медициналык кызматтарды акысыз алууга укуктуу. Азыр эми иштебеген үй-бүлө мүчөлөрүнө да полис берүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Кыргызстандыктар үчүн киреше салыгы Россиянын жарандары менен эле бирдей, 13 пайыз болууда. КР жарандарынын Россиядагы эмгек тажрыйбасы пенсияны каттоодо жана аны чегерүүдө эсепке алынат", — деди Мамбетова.
Ал Москвада кыргызстандык эмгек мигранттарына ар тараптуу көмөк көрсөткөн борбор (иштеген жеринен маянасын ала албай калган жарандар, каттоого туруу, соттук-укуктук иштер, жүк-200 боюнча) иштеп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0