Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Тарыхчы: фашисттик Германиянын СССРге кол салуусу күтүүсүз болгон эмес

© Sputnik / Асель СыдыковаКусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин окутуучусу, педагог, тарых илимдеринин кандидаты Саламат Малабаев
Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин окутуучусу, педагог, тарых илимдеринин кандидаты Саламат Малабаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2023
Жазылуу
Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин окутуучусу, педагог, тарых илимдеринин кандидаты Саламат Малабаев Ленинград курчоосу кандайча башталганын эскерип, айрым маанилүү учурларды айтып берди.
Коммунисттик жана нацисттик идеологиянын кагылышынан Улуу Ата Мекендик согуш башталып, 1941-жылы 22-июнда СССРдин эӊ алдыӊкы шаарлары болгон Ленинград, Москва, Сталинградды немецтик-фашисттик армия курчоого аракет кыла баштайт. Себеби борбордук шаарлар колго алынса СССР кулап, тарыхы башкача болмок. Бул тууралуу Саламат Малабаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Тарыхчы: фашисттик Германиянын СССРге кол салуусу күтүүсүз болгон эмес
Анын айтымында, айрым орус илимпоздору айтышкандай, немец армиясынын кол салуусу күтүүсүз болгон эмес. СССР Эл Комиссарлар Советинин төрагасы Вячеслав Молотов мемуарларында согуш болорун алдын ала билгенин жазган.
"Немец армиясы "Борбордук" аскер тобу, "Украина" аскер тобу, "Ленинград" аскер тобу болуп үч топко бөлүнгөн. Бардыгын теӊ генерал-маршалдар жетектеген бирдей деӊгээлдеги армиялар болгон. Ленинградга каршы армиянын башында фельдмаршал фон Лееб турган. Булар Ленинград, Москва багыты боюнча басып кирип баратканда Смоленск шаарында душмандар Кызыл Армиядан катуу сокку жейт. Ошентип жалпы багытты Лениград тарапка бурушат. Кийин айрым маалыматтар белгилүү болуп, жаӊы тарых барактары ачыла баштады. Алмашуу учурунда СССРге каршы анча-мынча каралоо саясаты жүргөн. Мисалы, Климент Ворошиловго карата начар кептер айтылып, Семен Буденныйды сабатсыз деп сындашкан. Ал эми Ворошилов июнь-июль айларында Ленинград фронтун башкарыптыр. Негизи тарыхты карасак, Гитлер 1-2 ай, жадагалса бир жуманын ичинде эле кээ бир мамлекеттерди басып алган. Мисалы, Польшаны 1,5 айда каратып алганы маалым. Ошол аскер башчы Ворошилов Сольцы шаарында Эрих Гёпнер башында турган биринчи келген немец армиясына катуу каршылык көрсөтүп, аларды курчоого алган экен. Ушундан улам немецтер Ленинградга бир ай бою бара алышкан эмес. Бул тарых барактарында "Сольцы шаары үчүн салгылаш" деп айтылып, башчысы аталбай калган. Андан тышкары, ошол учурдагы өлкө жетекчилигинин, анын ичинде Сталиндин жана шаар жетекчилигинин курчоонун алгачкы айларындагы аракеттерине түрдүү пикир айтылып, массалык ачарчылыкты болтурбоого же анын масштабын кыскартууга совет өкмөтүндө мүмкүнчүлүк бар беле, балким багынып берсе көп адам каза болбойт беле деген сыяктуу суроолор берилип келет. Жок, андай мүмкүнчүлүк жок болчу. Себеби Гитлердин максаты шаарды басып алып, туткундагы адамдардын баарын кыруу, Ленинградды тыптыйпыл кылуу болгон", — деди Малабаев.
Ал Ленинград үчүн салгылашта 4,5 миңден ашуун кыргызстандык көз жумса, согуш жылдары блокадада калган шаардан Кыргыз ССРине 16 миңден ашуун адам эвакуацияланып келгенин кошумчалады.
Эскерте кетсек, 1941-жылы 8-сентябрда Улуу Ата Мекендик согуштагы эң трагедиялуу этаптардын бири — Ленинград курчоосу башталган.
Жаңылыктар түрмөгү
0