Күүлөнүп алган сүрмө топту жеке кызыкчылыкка пайдалануу оңой. Психологдун маеги

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOБишкектеги апрель окуясы учурундагы митингдер. Архив
Бишкектеги апрель окуясы учурундагы митингдер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2023
Жазылуу
Көпчүлүктүн психологиясы өзүнчө иликтенген илим. Көпчүлүк топтошкон жерде адамдар эмоцияга алдырып, акылга сыйгыс иштерди жасап жибериши толук мүмкүн. Анткени мындай учурда анализдөө, эки жакты байкоо жөндөмү төмөндөйт.
Sputnik Кыргызстан редакциясында конокто психология илимдеринин кандидаты, доцент Маматали Мурзаев болду. Биз көпчүлүктө эмоцияга алдыруунун себеби тууралуу сүйлөштүк.
— Жакында эле көк бөрүдөгү ызы-чууну баарыбыз көрдүк. Психолог катары топтошкон элдин мындай иш-аракетине кандай баа бересиз?
— Коомдо болуп жаткан ар бир процесс элдин жашоосунан кабар берет. Бирдиктүү идеологиянын жоктугунан же анын актуалдуулугу төмөндөгөндө белгилүү бир топтун жаңы мууну жаралат. Компьютерлештирүү, цивилизация, өнүгүү дегенибиз менен адамдардын инсан катары бузулганынан улам жүрүм-туруму өзгөргөнүн көрүүгө болот. Жакында эле футбол фанаттарынын да жүрүм–турумун көрдүк. Көрүүчүлөрдүн оюнчуларга аралашып кетүүсү, таш ала чуркоосу адамдагы көз алдындагы окуяга берилип, окуяга катышкысы келген инстинктинин ойгонушу менен түшүндүрүлөт. Юридикалык академияларда, ИИМде бул тыкыр окутулушу керек. Бизде башкаруу системасы илимди пайдаланбайт. Гюстав Лебон аттуу француз социологу "Элдин жана массанын психологиясы" деген китеп жазып, абдан жакшы түшүндүрүп берген. Ал "адамдардын тобу кандайдыр бир максат менен топтошуп ызылдаса, адамдагы интеллект, адеп төмөндөйт, анткени эч анализдебестен эле катуураак кыйкырып же үндөп койгондордун жетегинде кете берет" деген. Бул абалды пайдалангандар да бар. Мисалы, Наполеон Бонапарт массаны өз кызыкчылыгына колдоно билген. Анан да ал "адамдарды темир башкарат" деп ар кандай медаль, ордендерди чыгарып баарын согушка, өлүмгө айдай берген. Анын гениалдуулугу ушул эки нерсени билгенинде жатат. Муну кийин бир катар лидерлер пайдаланып, эл башкарган. Караламан топко (толпа) кошулганда эл эки жагын байкап, болуп жаткан окуяны анализдей албай калат. Анын арты менен адам өзүнүн инсандык жүзүн жоготот.
© Sputnik / Асель СыдыковаПсихология илимдеринин кандидаты, доцент Маматали Мурзаев: Көрүүчүлөрдүн оюнчуларга аралашып кетүүсү, таш ала чуркоосу адамдагы көз алдындагы окуяга берилип, ага катышкысы келген инстинктинин ойгонушу менен түшүндүрүлөт.
Психолог, кандидат психологических наук, доцент Маматали Мурзаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2023
Психология илимдеринин кандидаты, доцент Маматали Мурзаев: Көрүүчүлөрдүн оюнчуларга аралашып кетүүсү, таш ала чуркоосу адамдагы көз алдындагы окуяга берилип, ага катышкысы келген инстинктинин ойгонушу менен түшүндүрүлөт.
— Биздин коомдук башаламандыкка бат берилип кетишибиздин себеби да улуттук психологиялык өзгөчөлүк болуп жүрбөсүн?
— Балким. Бирок улутуна, расасына карабай адамдагы өзүн коргоо инстинкти хаос мезгилинде активдешет. Ал ошол кезде каршысындагы адамды автоматтык түрдө душман катары кабылдап, агрессияга алдырып жүткүнүп калат. Улак тарткандарды деле карасаңар, эмоцияга алдырып, бирөө тепселип жатса да атын чаап кете берет. Көк бөрүнү аттын кулагы менен тең чимирилип, азарт менен ойношот. Мунун баары, албетте, улуттук өзгөчөлүк.
Москвада "Спартак" менен ЦСКА футбол командаларынын күйөрмандарын эки башка отургузуп, өзүнчө чыгарат. Бири-бирине жолуктурбайт. Демек, бийликтин психология илиминен кабары бар. Ошондуктан ушундай схема түзгөн. Бул да болсо көпчүлүктү алдын ала башкаруу механизмдерине кирет.
Ал эми биздеги ызы-чуулар укук коргоо органдарынын даярдыгынын жоктугунан кабар берет. Караламан топтун колунан жаман иш менен кошо эрдик жасоо да келерин окумуштуу Левон айткан. Бул алардын чогулган максатына жана аларды башкаргандарга байланыштуу. Ошол себептен күйөрмандардын жайгашышынан баштап, оюн бүткөндө аянттан сыртка чыгышына чейин ойлонуштурулушу шарт. Чоң футболдо кайсы бир команданын фанаттарынан лидерлер шайланып, алар күйөрмандарга ырларды айттырып, чогуу кол чаптырып, бир толкунда кармап турушу да жөн жерден эмес. Аларга да акча төлөнөт. Мунун баары психология.
Ошол эле Жалал-Абаддын ат майданындагы окуяда эл урушкан жок, болгону кайсы бир масса эмоцияга алдырып койду. Майрамдарда бир эле топ жыргап кубогун да, сыйлыгын да ала бергени туура эмес. Улуттук оюндарды аймактарга бөлүп ойнотуп, жыл сайын кайсы бир топту сыйлай бербестен, адабиятка, маданиятка, жан дүйнөгө да көңүл бөлүнүп турганы жакшы.
Негизи аш-тойлорубуздун көптүгү да кыргыздардын өксүк комплексинен кабар берет. Ошондуктан кыргыз жылкы союп, өзүн-өзү сыйлаганды жактырат. Атыбызды чыгарып, көпчүлүктүн көңүл чордонунда болуудан ырахат алабыз.
© Sputnik / Асылбек БактыбековПсихология илимдеринин кандидаты, доцент Маматали Мурзаев: Кан көргөн элдин психикасы да бузулуп калат. Мунун баарын комплекстүү карап чыгуу керек. Митингде бирөөнүн же мамлекеттин менчигин өрттөп жиберүүнү баатырлык катары кабылдаган түшүнүк кирип калды.
Психолог, кандидат психологических наук, доцент Маматали Мурзаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2023
Психология илимдеринин кандидаты, доцент Маматали Мурзаев: Кан көргөн элдин психикасы да бузулуп калат. Мунун баарын комплекстүү карап чыгуу керек. Митингде бирөөнүн же мамлекеттин менчигин өрттөп жиберүүнү баатырлык катары кабылдаган түшүнүк кирип калды.
— Көк бөрүдө президент, башкы прокурор да окуяга күбө болуп турду. Алар элди тынчтыкка чакырса башаламандык токтойт беле?
— Жок, мындай күүлөнүп алган топ эч кимди укмак эмес. Негизи күч органдарынын аймактык жетекчилери да жооп бериши керек эле. Алардын социалдык психологияны билбегени да себеп болду. Күүлөнгөн топ себепсиз эле бирөөнү ура берет жана билбей адамды өлтүрүп алышы да мүмкүн. Аны өздөрү да аңдабай калат. Социалдык психология муну аныктаган. Экинчиден, бара-бара улуттук менталитет да бузулуп, коом ушундай көрүнүштөрдү норма катары кабыл алып калбашы үчүн мындайга жол берилбеши керек. Кан көргөн элдин психикасы да бузулуп калат. Мунун баарын комплекстүү карап чыгуу керек. Митингде бирөөнүн же мамлекеттин менчигин өрттөп жиберүүнү баатырлык катары кабылдаган түшүнүк кирип калды. Эми мунун туура эмес экенин аңдаган коомду тарбиялап өстүрүү кажет.
— Үй-бүлө институтуна мамлекет кадимкидей кам көрүшү керек болот го?
— Үй-бүлөгө дайыма кам көрүү керек. Анын пайдубалы канчалык бекем болсо, мамлекет да ошончолук күчтүү болот. Үй-бүлө алсыз болсо, арты абдан коркунучтуу. Кыргыздын ден соолугу чың, мыкты кыздары чет өлкөлүк жаранга турмушка чыгып кетүүдө. Бул 20 жылдан кийин өтө чоң көйгөй жаратат, мындай көрүнүштөрдү көзөмөлгө алуу керек.
Ошол эле кыргыз үй-бүлөсүндөгү тарбиянын таасири спортко тийип жатат. Биз балдарды өзүнө ишенимдүү болууга тарбиялашыбыз керек. Учурда биздин спортчуларга да психолог керек. Көбү күчтүү болуп турса да психологиялык даярдыгынын жоктугунан утулуп калат. Болбосо 1-2-беттеште утуп келип эле үчүнчүсүндө эмоцияга алдырып же бошоп, жеңилип калышат. Машыктыруучулар кыйын болгону менен спорттук психологдор жок. Мисалы, кыздарыбыз япон же кытай балбандарынан ашса ашып, кем калбаганы менен үчүнчү-төртүнчү беттеште эле алдырып жиберишүүдө. Мунун өзү психологиялык жактан жол көрсөтүүгө муктаж дегенди билдирет. Ошончо адамдын сүрөөнү, кармаштагы күйөрмандардын, каршы тараптын шыкагы, ар кандай ойлор таасир этет. Демек, мамлекеттик деңгээлде спорттук психологго штаттар ачылышы зарыл. Спорттон кеткен балдарды психолог кылып даярдаса болот. Мен бул ишке жардам бермекмин. Ошол эле көк бөрүнүн жигиттери да көпчүлүктүн психологиясын билиши абзел.
Спортчу Нурзат Нуртаева. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2023
II КМШ оюндарынын чемпиону Нурзат: спортко жеңишке жетүү максаты менен келдим
Жаңылыктар түрмөгү
0