Абакта дасторкон четиндеги казакстандык экс-генералдын сүрөтү талкууга түштү

© Sputnik / Жанна Етекбаева Мурдагы генерал, Алматы облустук полициясынын мурдагы башчысы Серик Кудебаев. Архивдик сүрөт
Мурдагы генерал, Алматы облустук полициясынын мурдагы башчысы Серик Кудебаев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2023
Жазылуу
Ортодо 2022-жылдагы январь окуясында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып жана өлкөдөн качып кеткени үчүн 10 жыл 3 айга эркинен ажыратылган Серик Кудебаев отурат.
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Мурдагы генерал, Алматы облустук полициясынын мурдагы башчысы Серик Кудебаевдин түрмөдө чогуу отургандар менен түшкөн сүрөтү казакстандыктардын талкуусун жаратты.
Sputnik Казакстан редакциясы жазган маалымат боюнча, сүрөт социалдык тармакка тарап, аны жүктөгөн автор "булар мурдагы орган кызматкерлери, Конституция күнүн майрамдашууда" деген билдирүү калтырган. Ошондой эле ал дасторконго көңүл буруп, түзөтүү абагында шарт жакшы экенин белгилеген.
Кудебаев 2022-жылдагы январь окуясында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы жана өлкөдөн качып кеткендиги үчүн 10 жыл 3 айга эркинен ажыратылган.
Казакстан ИИМине караштуу Жаза аткаруу системасы боюнча комитет сүрөткө байланыштуу билдирүү тараткан. Маалыматта сүрөт Чыгыш Казакстан облусундагы №22 абакта тартылганы айтылат. Соттолгондордун смартфон колдонгондугу боюнча кызматтык иликтөө башталганын айтышты. Ошондой эле комитет дасторкондогу тамак-ашты жаза өтөп жаткандардын жакындары алып келишкенин, анын ичинде спирттик ичимдиктер болбогонун билдирген.
"Смартфон колдонуу жана көзөмөл камерасынын объективин жаап коюу фактысы боюнча кызматтык иликтөө дайындалды", — дешти комитеттен.
Ошондой эле соттолуучуларга жакындары тамак-аш алып келүүгө уруксат берилерин, алардын бош убактысында атайын жайда тамактанууга укугу бар экендигин кошумчалашкан.
Айта кетсек, Кудебаев ушул жылдын март айында Түркияга Кыргызстан аркылуу качкан. Ал Кеген районунда Казакстандын чек арасынан темир тордун алды жагынан аны көтөрүп туруп өтүп кетип, Кыргызстанга жер алды менен киргени маалымдалган. Мурдагы аткаминерди Түркиядан кармашкан.
Ал Алматы облустук полициясын 2020-жылдын январынан 2022-жылдын январына чейин жетектеп турган.
Баңзигатты жутуп, түрмөгө алып кирүүгө аракет кылган жаран кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2023
Баңгизатты жутуп, түрмөгө алып кирүүгө аракет кылган жаран кармалды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0