Алматы облустук полициясынын башчысы Кыргызстанга жер алды менен качканын айтышты

© Sputnik / Сергей КимМурдагы генерал, Алматы облустук полициясынын башчысы Серик Кудебаев. Архив
Мурдагы генерал, Алматы облустук полициясынын башчысы Серик Кудебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2023
Жазылуу
Экс-генералга берилген 10 жылдын үстүнө чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн дагы жаңы мөөнөт кошулмай болгон.
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Мурдагы генерал, Алматы облустук полициясынын башчысы Серик Кудебаев Кыргызстанга жердин алды менен качканын Sputnik Казакстан билдирди.
Казакстандын Башкы прокуратурасы качуунун жаңы жагдайларын ачкан. Прокурордун орун басары Жандос Умиралиевдин айтымында, Кудебаев көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу өткөн эмес.
"Анын жообуна караганда, Кеген районунда Казакстандын чек арасынан темир тордун алды жагынан көтөрүп туруп өтүп кеткен", — деген ал журналисттерге.
Качып кетүү боюнча иш козголуп, сотко өткөн. Күнөөлөнүп жаткан киши — Кудебаев.
"Ал Казакстандан Кыргызстанга өткөн. Аны чек арага жеткирген автоунаанын айдоочусу Кудебаевдин пландары тууралуу билген эмес. Мындан улам жоопко өзү гана тартылат", — деген Умиралиев.
Ал экс-генералга берилген 10 жылдын үстүнө чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн дагы жаңы мөөнөт кошуларын айтты.
Буга чейин 23-мартта Кудебаев казак-кыргыз чек арасынан өтүп, ошол эле күнү "Манас" аэропортунан Стамбулга учуп кеткени айтылган. Соттун чечими чыга электе өлкөнү таштап кеткен Кудебаевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп (камакка алуу), ага карата эл аралык издөө жарыяланды.
Кудебаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана январь башаламандыгы учурундагы кыйноо иштерине айыпталууда. Прокурор аны 9 жылга эркинен ажыратууну сунуштагандан кийин сотко келбей коюп, сот отурумдары беш жолу жылдырылган.
Кудебаев Алматы облустук полициясын 2020-жылдын январынан 2022-жылдын январына чейин жетектеп турган.
Милиция кызматкеринин фуражкасы жана кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2023
Таңгак акча, курал. Массаж салону боюнча кармалган милиционерлердин видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0