"Отун камдоо" далалаты. Евробиримдиктеги энергетикалык ресурстар жагдайы

© AP Photo / Bela SzandelszkyВенгрияда жаратылыш газын ташуу иштери
Венгрияда жаратылыш газын ташуу иштери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2023
Жазылуу
Учурдагы эң белгилүү америкалык журналист Такер Карлсон өзүнүн европалык турнесин улантууда. Сапар убагында Сербия президентинен маек алууга үлгүрдү. Ал эми апта ортосунда Венгрия лидеринен алган маеги жарык көрдү.
Айрым европалык лидерлердин учурдун урунттуу окуялары туурасындагы көз караштары, энергетикалык ресурстар жаатындагы жагдайдан салган кептерин Сергей Савчук талдап чыккан. Серепчинин макаласын РИА Новости сайты жарыялады.
Виктор Орбан өз позициясынан тайбаптыр, анан заматта эле ички европалык саясий жаңжалдын чок ортосунда калды. Анан да ал Венгрия менен Сербия россиялык газды алуунун маршруттарына кийлигишүү аракеттеринин баарын согушка шылтоо катары карай турганын билдирди.
Дипломатиялык тилден которгондо бул кимдир бирөө "Түркиялык агым" магистралын жардырууга же кандайдыр бир жол менен иштен чыгарууга аракет кылса, Будапешт менен Белград газ түтүгү үчүн колуна курал алып, ок өткөрбөс техникасын тартып кармашууга даяр экенин туюндурат. Сөзүнүн аягында Орбан кайрылуусу "кимге жолдонгон болсо", баарын туура түшүнөрүнө да үмүт артарын билдирди.
Европалык элдер тобунун ичинде ушундай сүйкүмдүү дипломатия. Эки жүздүү Батыш күн тартибиндегилердин көз карашында козголоңчу, тынчтыкты бузуучу саналганы менен Виктор Орбан башка мамлекеттер жана Европа биримдигинин саясатчылары үн катпай коюуну туура көргөн реалдуу фактыларды гана айтууда.
Венгриялык лидердин маеги менен катар эле Financial Times басылмасына Global Witness эл аралык уюмуна шилтеме менен төмөнкүдөй маанини камтыган бир макала чыкты: быйыл жыл аягына чейин европалык зонадагы өлкөлөр Россияда өндүрүлгөн суюлтулган табигый газды рекорддук көлөмдө сатып алат.
Ошол талдоодо россиялык суюлтулган көгүлтүр отту сатып алуучулардын баш сабында Кытай турары, жыл башынан июль айына дейре аталган державага жөнөтүлгөн көлөм дароо 62,7 пайызга өсүп, 4,46 миллион тоннага жеткени боюнча маалыматтар келтирилген. Ушундай эле процесс каржылык планда да байкалып, бул россиялык энергетикалык ресурстардын экспортунун наркы 20 пайыздан ашуун кымбатташына байланыштуу экени айтылат. Мунай сатуучулардын да тапкан кирешеси үч миллиард долларга чукулдап барганы жазылган.
Украиналык аскер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш Украинадан афган сценарийи менен "кутулгусу" бар. Ой толгоо
Кытай Эл Республикасы бул ролго сыйымдуу эле, анткен менен тизмедеги кийин оюнчулар таптакыр күтүүсүз болду. Россиялык суюлтулган газды сатып алуу көлөмү боюнча экинчи орунда – Испания, үчүнчү сапта — кенедей Бельгия. Атайын өлкөлөрдө россиялык импорттун чыгышынан улам суюлтулган газдын жалпы көлөмү Европа биримдигинин ичинде заматта 40 пайызга жогорулады.
Financial Times да, Global Witness да ачыкка чыккан мындай көрүнүштөн, Россияга каршы санкциялардын бир жылын да көтөрө албаган европалык мамлекеттердин чабалдыгынан улам көңүлдөрү катуу калганын жашырбайт. Эки жаңылыкты бир түйүнгө неге байланыштырганыбыз да тегин жерден эмес. Энергетикалык ресурстардан баш тартып, россиялык коргоо бюджетин түбүнө чейин какшытып бүтүрүү менен Европа Москваны катуу жазалай турганы боюнча кепти бөлөк планетадагылар гана уга элек болсо керек. Шашылыш тыюу салуу, эмбарго киргизүүнүн натыйжасында бардык негизги товардык позицияларда Россия башкы оюнчу болгон эл аралык рынок өзү кыйрап, ал эми баалар асман чапчып кетти. Мындай жагдай бир нерсеге чоң түрткү болду, атап айтканда, былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча россиялык мунай, көгүлтүр от, көмүр жана аларды иштеп чыгуудан кийинки өндүрүмдөр мамлекеттик бюджетке дээрлик 300 миллиард доллар алып келген.
Дүрбөлөңгө түшкөн европалыктардын арты менен "жол боюнда" баары, дегенибиз, Норвегия менен АКШ өңдүү башка камсыздоочулар да пайдасын көрбөй калышкан жок. Споттук келишимге өтүү, газ түтүктөрүнөн баш тартуу өңдүү жагдайлар соода флотторунун жүк ташуучулары жана ээлери өндүрүшчүлөрдөн да көп таба башташына алып келген.
Рыноктун объективдүү реалдуулугу санкциялык согуштун эки жылга чукул мезгили аралыгында экономикасы эң күчтүү деген Германияны да түйшөлтүүдө. Брюссель ар бир өлкөнүн керектөө үлүшүнө жараша энергетикалык ресурстарды бирдиктүү сатып алууну жөнгө салууга аракет кылды. Бирок андай конструкция иштеп кете албай, натыйжада бүгүн ар бир мамлекет өз резервуарларын өз алдынча акырындан толтура берүүгө тырышууда.
Дүйнөлүк коомчулуктун көзүнө россиялык энергетикалык ресурстардан баш тартымыш болуп жериген менен иш жүзүндө Европа аларды Чыгыштан сатып алууну улантууда. Башка багыттар боюнча газ менен жабдуунун көлөмү же чектелген, же ашкере кымбат көрүнөт, Европа биримдигинин мамлекеттери бири-биринен да газ түтүктөрүн жана терминалдарын курал кармап коргоо даяр экен.
Президент США Джо Байден (слева) подписывает гостевую книгу во время встречи с президентом Украины Владимиром Зеленским (справа) в Киеве. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Баарын Украинага айырбаштап... АКШ союздаштарынан ажыраганын моюндоодо
Жаңылыктар түрмөгү
0