Эски дүйнөнүн трагедиясы: БРИКС эки эсе кеңейүүдө

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүЙоханнесбургда өткөн БРИКС саммити. Архивдик сүрөт
Йоханнесбургда өткөн БРИКС саммити. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2023
Жазылуу
БРИКСтин 22-24-август аралыгында Йоханнесбургда (Түштүк Африка Республикасы) өткөн XV саммити Батыштын үстөмдүгүн жоюу, жаңы доорго баш багуу, жаңы дүйнө тартибин куруу маселесин кабыргасынан койгон окуя катары тарыхта каларын азыр ынанымдуу айтууга болот.
Иш жүзүндө Батыштын Россияга жарыялаган расмий согушу, өзүнүн "демократиялык" диктатурасын сактап калуу үчүн эбегейсиз экономикалык жана саясий ресурстарын жолдогонунан улам дүйнөнүн ири бөлүгү дүйнөлүк жаңы тартип эрежелери жана жаңы күчтү тандап туру. Иш-чаранын жыйынтыгына сереп салган Кирилл Стрельниковдун макаласын РИА Новости жарыялаган.
Саммиттин натыйжасынын арасынан эки негизги жана бир башкы теманы бөлүп көрсөтүү керек. Биринчиден, БРИКС алкагында өнүктүрүү жана кеңейтүү жөнүндө принципиалдуу чечим кабыл алынды. Бирикмеге мүчө болууну каалаган өлкөлөрдүн өтүнүчтөрүн кароо принциптери, жоболору жана процесстери боюнча документ иштелип чыгып, кабыл алынды. Бул БРИКСти дүйнө жүзүндө динамикалык кеңейишине, өз таасиринин өсүшүнө өбөлгө болчу ачык тутумга айлантары ырас. БРИКСтин лидерлери уюмду дароо эки эсеге кеңейтүүнү чечип, катарына Аргентина, Египет, Иран, Бириккен Араб Эмирлиги, Сауд Арабиясы жана Эфиопияны алышты. БРИКСтеги Россиянын төрагалыгы келерки жылдын 1-январынан тарта старт алып, аталган мамлекеттердин мүчөлүгүнүн расмий макамы да ошол күндөн башталат.
Саммиттин башында катарга кошулууга 20 чакты өлкө өтүнүч тапшырып, 40тан ашуун мамлекет уюмга кирүүгө кызыгуусун билдирген. Мындай статистиканы Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин: "БРИКСке жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу топту чыңдап, уюмдун өнүгүү динамикасын жана күчүн арттырат. Ошондой эле бир топ өлкөлөрдүн көп тараптуу дүйнө түзүмүнө ишеничти бекемдейт", – деген сөздөрү тастыктап турат.
Кезегинде БРИКСтин түптөлүшүнө Батыш мыйыгы менен жылмайганы маалым. Маселен, 2013-жылы Фонд Карнегинин докладында Батыш камсанабай эле койсо болору, БРИКС кандай болгон шартта да дүйнөгө жаңы, масштабдуу жана кызыктырарлык эч нерсе сунуштай албай турганы айтылган. Бирок кийин батыштык эксперттер эсептеп чыгууну чечип, БРИКС — жер жүзүнүн территориясынын 36 пайызы, планета калкынын 45 пайызы, дүйнөлүк ички дүң өндүрүмдүн 37,3 пайызы, дүйнөлүк өнөр жайдын 38 пайызы, көгүлтүр от жана мунай кенинин дээрлик жарымы, ошондой эле өндүрүлгөн азык-түлүктүн жарымы экенин аңдады. Демек, БРИКС бардык көрсөткүчтөр боюнча евро-атлантикалык октогу эң өнүккөн өлкөлөр мүчө болгон G7 уюмунан кыйла ашат. Башкача айтканда, жалпысынан БРИКС Батыштан эч нерсенин кереги жок, бирок Батышка БРИКСтен баары зарыл.
Россия президенти Владимир Путин Йоханнесбургда өткөн уюмдун саммитинде видеоконференция аркылуу катышты. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2023
БРИКС эч ким менен атаандашпайт. Путиндин саммиттеги сөзүнүн урунттуу учурлары
Экинчиден, саммитте өз ара эсептин ички тутумун түптөө жөнүндө соңку чечимди кабылдап, доллардан толук баш тартууга багытын ачты. БРИКСтин орток каржылык бирдигин, кокус мүчөлөр арасында кайсы бир өлкөнүн алтын-валюталык кору азайып кетсе, өз ара көмөктөшүү үчүн валюталык резервдер чегин түзүү, БРИКСтин Жаңы өнүгүү банкынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, өз ара эсептешүүдө улуттук валюталардын үлүшүн кескин көбөйтүү, төлөм инструменттерин жана улуттук валюталардын негизинде платформа, анын ичинде каржылык билдирүүлөрдүн бирдиктүү тутумун (SWIFT аналогун) түзүү жакынкы пландарында.
Россия президенти Владимир Путиндин айтымында, "доллардан баш тартуунун процесси күч алууда". Чындыгында эле Түштүк Африка Республикасында өткөн БРИКС жыйынындагы кабыл алынган чечим америкалык долларга алгачкы коңгуроо гана эмес, ага кош айтышуунун биринчи ыргактары жаңыргандай элес калтырды.
Ал эми БРИКС саммитинин башкы корутундусу ачык айтылган жок, бирок Россиянын саясий жеңиши экенин болжоого болот. Жалгыз өзү эски дүйнөлүк түзүмгө чакырык таштаган, Батыштын күчтүү жамааттык күчтөрү менен алышып, жеңип да жаткан Россия глобалдык коомчулукка жаңы дүйнөнүн куруучусу жана лидерлеринин бири боло аларын айгинелей алды. Жеңилген тараптын туусунун алдына эч кимдин чогулгусу жок. Россияга каршы санкцияларга көңүл бурбастан, өз ара товар айлантуунун улам жогорулашы, 2024-жылга БРИКСтин төрагалыгына Россиянын бир добуштан шайланышы, уюмдун кийинки саммитин Казанда өткөрүү, кошулууну каалагандардын катары улам калыңдап баратышы дүйнө кай тарапка ыктап жатканын таасын тастыктап туру.
Глобалдык Түштүк менен Чыгыш Россиядан жаңы, туруктуу жана адилет дүйнө мүмкүнчүлүгүн көрүүдө. Анда бардык тараптын кызыкчылыктары эске алынып, өз жолу менен өнүгүүгө укуктары колдоого алынат. Батыштын Россияга каршы согушу жана БРИКСке каршы чыгышы — мурдагы гегемондордун аргасынын түгөнгөнү. Алар колунда болгонун бүт ушуга арнады, бирок алардын дүйнөгө согуштан, деградациядан, саясий жана экономикалык диктатурадан башка нерсе бере албайт. Ал эми дүйнөнүн калган бөлүгү тарабында – чындык, адилеттүүлүк жана темирдей бекем эрк, демек, жеңиш ким тарапта болору айдан ачык.
Йоханнесбургда үч күнгө созулган БРИКС саммити - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2023
БРИКСтин кулачы кенен жайылды. Саммиттин эң маанилүү учурлары
Жаңылыктар түрмөгү
0