https://sputnik.kg/20230823/putin-emnege-ukrainany-aligiche-tebelep-koygon-zhok-1078029623.html
АКШда Путин эмнеге Украинаны алигече "тебелеп салбаганын" айтышты
АКШда Путин эмнеге Украинаны алигече "тебелеп салбаганын" айтышты
Sputnik Кыргызстан
Макгрегор АКШ Россия менен чатакташуу үчүн болгон күчүн жумшагандыгын кошумчалаган. 23.08.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-08-23T11:56+0600
2023-08-23T11:56+0600
2023-08-23T12:13+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
россия
акш
батыш
нато
украина
владимир путин
атайын операция
https://sputnik.kg/img/07e7/08/17/1078029408_0:247:3048:1963_1920x0_80_0_0_841bcfae0ec9d3df51d3c52dd5d3e0d2.jpg
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Россиянын Украинаны басып тебелеп койгонго бардык мүмкүнчүлүгү бар, бирок Путин украиналыктарды православ христиандары деп билгендиктен андай кадамга барган жок. Бул туурасында Пентагондун башчысынын мурдагы кеңешчиси Дуглас Макгрегор Wayne Dupree Podcast басылмасына берген маегинде айтканын РИА Новости жазды.Макгрегор АКШ Россия менен чатакташуу үчүн болгон күчүн жумшагандыгын кошумчалаган. Ал буга НАТОнун кеңейип жана ракеталары менен аскерлерин Россиянын чек арасын бойлото жайгаштыруу планын мисал келтирген."Орустар баарын көрүп турду, акыры мындай нерсе болбостугун түшүндү. Алар бизге үч жыл бою "каалаганыңарды кылгыла, бирок биздин чектерге аскерлериңер менен куралыңарды жакын алып келбегиле" деп айтып келишти. Биз аны тоготпой койдук", — деген Макрегор.Аналитиктин айтымына караганда, мындай мамиленин себеби — Россиянын экономикалык, аскердик потенциалын жеткиликтүү баалай алышпаганында. Ал РФтин армиясы бүгүнкү күндө 1980-жылдарга караганда алда канча күчтүү, кубаттуу деген баа берди.Шаршемби күнү Россия президенти Владимир Путин украин бийлиги өзүнүн элин миналанган талааларга, алдыга түртүп, "чабуулга" салып берип, өз жарандары эмес сымал мамиле жасап жатканын айтты.
https://sputnik.kg/20230822/putindin-kontrchabuul-boyuncha-aytkany-akshny-sestentti-1077996362.html
акш
батыш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/08/17/1078029408_153:0:2884:2048_1920x0_80_0_0_c250437d3c88ad811b2198ae413b5f2c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, акш, батыш, нато, украина, владимир путин, атайын операция
дүйнөдө, россия, акш, батыш, нато, украина, владимир путин, атайын операция
АКШда Путин эмнеге Украинаны алигече "тебелеп салбаганын" айтышты
11:56 23.08.2023 (Жаңыртылды: 12:13 23.08.2023) Макгрегор АКШ Россия менен чатакташуу үчүн болгон күчүн жумшагандыгын кошумчалаган.
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Россиянын Украинаны басып тебелеп койгонго бардык мүмкүнчүлүгү бар, бирок Путин украиналыктарды православ христиандары деп билгендиктен андай кадамга барган жок. Бул туурасында Пентагондун башчысынын мурдагы кеңешчиси Дуглас Макгрегор Wayne Dupree Podcast басылмасына берген маегинде айтканын
РИА Новости жазды.
"Орустардын резервинде колдоно элек 300 миң аскери, миңдеген ракеталары, артиллериялык снаряддары турат. Украинаны тебелеп койгонго бардык мүмкүнчүлүгү бар. Эл "эгерде чын эле ушундай болсо, анда Владимир Путин эмнеге анысын жасаган жок?" деген суроо да берип келет. Силерге жооп берип коеюнчу, себеби ал украиндерди өзүнүн элиндей эле православ христиандары деп билет. Аларды жөн жерден өлтүргүсү келбейт. Муну пропагандага сугарылып, "Путин — апаат" деп жаткандар түшүнбөйт", — деген эксперт.
Макгрегор АКШ Россия менен чатакташуу үчүн болгон күчүн жумшагандыгын кошумчалаган. Ал буга НАТОнун кеңейип жана ракеталары менен аскерлерин Россиянын чек арасын бойлото жайгаштыруу планын мисал келтирген.
"Орустар баарын көрүп турду, акыры мындай нерсе болбостугун түшүндү. Алар бизге үч жыл бою "каалаганыңарды кылгыла, бирок биздин чектерге аскерлериңер менен куралыңарды жакын алып келбегиле" деп айтып келишти. Биз аны тоготпой койдук", — деген Макрегор.
Аналитиктин айтымына караганда, мындай мамиленин себеби — Россиянын экономикалык, аскердик потенциалын жеткиликтүү баалай алышпаганында. Ал РФтин армиясы бүгүнкү күндө 1980-жылдарга караганда алда канча күчтүү, кубаттуу деген баа берди.
Шаршемби күнү Россия президенти Владимир Путин украин бийлиги өзүнүн элин миналанган талааларга, алдыга түртүп, "чабуулга" салып берип, өз жарандары эмес сымал мамиле жасап жатканын айтты.
"Кээде каршылаш тараптын кылып жаткандарын көрүп туруп, миналанган талааларга өздөрүнүн эмес, такыр эле чоочун адамдарды жиберип жаткандай таасир калтырат. Өзүнүн атуулдары эмес сыктуу мамиле жасашат. Таң калычтуу", — деген ал.