Биринчи кыргыз мультфильминин сценарийин жазган Борбиев тууралуу 8 факт

© Фото / Александр ФедоровАктрисалар Сабира Күмүшалиева, Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова, жазуучу Чыңгыз Айтматов, драматург Эркин Борбиев жана режиссер Төлөмүш Океев. 1981-жыл
Актрисалар Сабира Күмүшалиева, Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова, жазуучу Чыңгыз Айтматов, драматург Эркин Борбиев жана режиссер Төлөмүш Океев. 1981-жыл - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2023
Жазылуу
Эркин Борбиевдин аңгемелерден жана повесттен турган биринчи прозалык китеби 1967-жылы 148 бет көлөмдө чыккан.
Асылбаш айылынын кулуну. Эркин Борбиев 1937-жылы 12-августта Сары-Өзөн Чүйдүн Каганович (азыркы Сокулук) районуна караган Асылбаш айылында туулган. Бул айыл улуттук тарыхта аты даңазаланган алгачкы элчи Нышаа баатырдан тартып Медет Шеримкуловго чейинки атактууларды берген. Чоң энеси Карачач балага жашынан эле катуу таасир этип нускалуу калк сөзүн айтып жүрсө, атасы агартуучу болуп, элдик салт-нарктарды жакшы билген, санжыра сүрүштүргөн. Мына ушундай чөйрөдө өскөн Эркиндин жаш чагынан эле колунан китеп түшпөй, орус жана кыргыз тилдеринде бирдей сүйлөп жана жазып чоңойду. Анан калса Фрунзе шаарындагы жападан жалгыз кыргыз мектеп болгон А.С. Пушкин атындагы № 5 мектепте окуп, аны 1956-жылы бүтүрүп чыкты. Фрунзе политехникалык институтунда окуду. 1957-жылы студенттик турмуштан алып жазган алгачкы макаласы орус тилинде "Комсомолец Киргизии" газетасына басылган. Эмгек жолун 1960-жылы "Эмгек даңкы" деген райондор аралык газетада адабий кызматкер болуудан баштаган жана ал жерде 1963-жылга дейре эмгектенип, ошол мекемеден Коммунисттик партиянын катарына өткөн.
Комсомолдук жана партиялык кызматкер. XX кылымдын экинчи жарымында комсомолдук жана партиялык кызматка аябай катуу талап жана даярдык менен алчу. Эркин Бейшеналиевичти адегенде түз эле комсомолдун Калинин райондук комитетине секретардык жумушка чакырат, анан комсомолдун Борбордук Комитетинде инструктор, сектор башчы, бөлүм башчы кылып иштетишет. Арадан Кыргыз мамлекеттик университетинин журналисттик факультетин (1960-1966), Москвадан жогорку режиссёрдук жана сценаристтик эки жылдык курсту (1971-1973) да бүтүрүп чыгат. 1973-жылдан Кыргыз ССРинин киночулар союзунун секретары, 1974-жылдан Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин инструктору кызматтарын аркалап, 1976-жылдан Кыргызстан киночулар союзунда Чыңгыз Айтматов төрага болуп турганда анын орун басары болуп иштеген. Бул орундар да жогорку партиялык кызмат катары эсептелчү. 1988-жылдан Москвадан чыгуучу, кадыр-баркы жогору "Советская культура" деп аталган газетанын Кыргызстан боюнча өз кабарчысы, Республикалык маданий фонддун башкармалыгынын жетекчи орун басары катары улуттук маданиятты кеңири жайылтууда көп эмгегин сиңирген.
Таланттуу кара сөзчү. Эркин Борбиевдин аңгемелерден жана повесттен турган биринчи прозалык китеби - 1967-жылы 148 бет көлөмдө чыккан "Мен жазды сагындым" деген жыйнагы. 1978-жылы "Кайрадан саат тогузда" деген аңгемелер топтому, 1983-жылы "Мала күндүн батышы" аттуу повесттер жана аңгемелерден турган китептери чыкты. Мына ушул кыргызча үч китеби жана орус тилиндеги "В четверг, после дождя" (1981), "Закат розового солнца" (1983) деген эки китеби бул автордун таланттуу прозаик экендигин тастыктады. Бирок эмнегедир кара сөз чыгармаларын өтө аз жазды. Аз жазганы менен турмушту өз алдынча көрө билгендиги жана окурмандын жан дүйнөсүнө жете тургандай айта алгандыгы, каармандарынын жандуулугу, образдарынын элестүүлүгү менен азыр да кадимкидей кызыгуу менен окулат. Алар: "Мала күндүн батышы", "Дүмүр баяны", "№ 531 каттам", "Жылмайган таш", "Бир кемпир-чал болуптур", "Бейшемби күнү жаандан соң", "Бүгүн жана күн сайын", "Агарат жалгыз жел кайык", "10-А он жылдан соң" ж.б. повесть-аңгемелери.
Китептер. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2023
Жекшен Ашубаев адабиятта сөзүн айтканга жетишпей, армандуу кеткен. Жети факт
Котормочу катары да аты таанымал. Орус жазуучулары Юрий Герман менен Семен Фарфелдин "Этих дней не смолкнет слава" деген граждандык согуштун баатырлары тууралуу китеби чыгып, өз кезегинде абдан окулган. Мына ошол китепти кыргыз тилине которуп, 1960-жылы кыргыз окурмандарына тартуулаган.
Чыңгыз Айтматовдун ишениминде жүргөн. Даңазалуу жазуучу менен Эркин Борбиев үзөңгүлөш жүргөн, республиканын киночулар союзунда бири төрага болсо, бири орун басары болуп иштеген. Чыңгыз Айтматов ага өзүнүн "Тоолор жана талаалар" деген китебин түзүүнү, чыгармаларынын негизинде "Атадан калган туяк" ("Солдатёнок"), "Сыпайчы" фильмдерине сценарий жазууну, "Чингиз Айтматов" аттуу даректүү кинолорго адабий текст даярдоону тапшырган. Алар үй-бүлөлүк катышта да болгон. Экөө тең 1984-жылы Москвадан чыгуучу "Манас" эпосунун орусча басылышын даярдоого катышкан.
Биринчи кыргыз мультфильминин сценаристи. Анын сценарийинин негизинде тартылган "Сандардын чатагы" деп аталган сөлөкөт фильм (1978, режиссер-коюучу Сагынбек Ишенов) кыргыз маданиятынын тарыхына эң алгачкы балдар үчүн мультфильм катары белгиленип калды.
Кыргыз киносунун бийиктигин жаратуучулардын бири. Эркин Борбиев таанымал кинодраматург катары да өз орду бар чыгармачыл инсан. "Солдатёнок", "Ташка баткан элестер", "Он үчүнчү небере", "Сыпайчы", "Тобокел", ж.б. көркөм фильмдерге, "Хроника суровых лет", "Автопоезд", "Кыргызстандын кинолетописи", "Сыноо" ж.б. даректүү фильмдерге сценарий жазган. 2000-жылдан тартып Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин профессору катары студенттерге кино адабиятын жаратуунун сырларын да үйрөтүп жүрдү.
Сары-Өзөн Чүй менен Баткенди жакындаштырган. Жазуучу-кинодраматург Эркин Борбиев Баткен аймагынан чыккан кыздардан эң биринчи жогорку билим алган Рахат Ачыловага үйлөнөт. Ал мезгилде мынча алыстан аял алуу жана мынча алыска турмушка чыгуу ойго келбеген иш болгон. Бул жагынан жубайлар алысты жакындатууга чоң салым кошкон. Эркин Борбиев зайыбынын Ленинград шаарында аспирантурада окуп, кандидаттык, кийин докторлук диссертациясын коргошунда колдоосун аяган эмес. Рахат Ачылова ректор, парламент мүчөсү болгон, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө барып социология, философия багытында лекцияларды окуган. Экөө бир уулду, эки кызды тарбиялашкан. 2014-жылы 11-декабрда көзү өтүп, анын атын жазган чыгармалары ар убак эстетип келет.
Режиссер студии переводов КТРК Доолот Айнаш Аширова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2023
Мультфильмдин каармандарын сүйлөткөн Айнаш Аширова: милиционер болууну самагам
Жаңылыктар түрмөгү
0