Батыш чарчап бүттү. Украина колдоосуз калчудай...

© AFP / PETRAS MALUKASНАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг (оңдо) жана Украинанын президенти Владимир Зеленский. Архив
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг (оңдо) жана Украинанын президенти Владимир Зеленский. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2023
Жазылуу
Батыш басылмалары келерки жылдын аягында Киев АКШ менен Евробиримдиктин аскерий колдоосунан куру калышы ыктымал экенин жазып чыгышты.
Батыштан көрсөтүлгөн колдоо токтой турган болсо аскердик аракеттердин ыргагын басаңдатып, Россия менен сүйлөшүүлөр жөнүндө олуттуу түрдө акыл калчоого туура келет. Андай жагдай эмнеге алып келерин РИА Новости сайтына жарыяланган макаласында серепчи Михаил Катков божомолдоп көргөн.

Ийри отуруп, түз кеңешүүгө мезгил жетти

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба алдыдагы күз абдан оор болорун моюнга алды. Себеби союздаштардын арасында Москва менен диалогго үндөөлөр улам катуу жаңыра баштады. Ал эми Глобалдык Түштүктүн өкүлдөрүн Киевди бир өңчөй колдоого көндүрө албай келишет. Ошол эле учурда министр эртеби-кечпи, сүйлөшүүлөр башталарын да четке какпайт. Болду-болбоду, ортомчу аркылуу өтөт.
Былтыр күздө украиналык бийлик мыйзам деңгээлинде Москва менен бардык саясий байланыштарга тыюу салганы маалым. Бирок кырдаал өзгөрүүдө. Албетте, Киев ачууга алдырып территорияларды тынчтыкка алмашуу мүмкүндүгүн караманча уккусу келбей жаткан чыгар. Мындайды сунуштап жаткандар өзүнүн көнгөн бизнесин тезирээк ишке салууну гана ойлошот. Ал эми Украина өзүнүн территориялык бүтүндүгүн, коопсуздук кепилдиктерин калыбына келтирүүгө тийиш.
Москва сүйлөшүүлөргө алдын ала коюлган шарттарсыз, бирок "учурдагы реалдуулуктарды" эске алуу менен даяр. АКШ Мамлекеттик департаментинин басма сөз кызматынын башчысы Мэттью Миллердин айтымында, Вашингтон мындан таптакыр баш тартууну эч качан талап кылган эмес.

Каражат жок

Украина Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуулунан майнап чыкпай, Зеленскийдин командасы убада кылгандай жеңиш алып келе алган жок. Бул Батыштын шаабайын суутту. Эми Европа биримдиги менен АКШдагылар Украинаны акча, курал менен камсыздоону улантуунун кажети бар-жогун талкуулоого киришти. Себеби баары бир ал жактагылар алынган ресурстарды туура пайдалана алышпастыгына көздөрү жетти.
Олаф Шольц жаңжалдын дипломатиялык жөнгө салынарына үмүттөнгөнүн билдирди. Ошол эле учурда Сауд Арабиясында кырк чакты мамлекет Москва менен Киевдин ортосундагы тирешти талкуулаганын да кыстара кетти. Германиянын канцлери ошол форумду Россияга кысым көрсөтүү элементи катары көрсөтүүгө тырышты.
Германиялык Bild басылмасы Украина Куралдуу күчтөрү ийгиликке жетише албаса Россия чабуулга өтөрүн эскертет. Ошондо союздаштарда "балким, согуштук аракеттерди токтотуп койгон оң чыгар" деген суроо туулат. Die Welt газетасы да ушундай эле ойдо.
Украина менен АКШнын ортосундагы алакада деле баары тегиз эмес. Ак үй конгресстен Киевге чукул аскердик көмөк берүү үчүн 13 миллиард доллар сураган. Акча 30-сентябрга дейре керек. Бирок Өкүлдөр палатасын тескеген республикачылар азырынча бул маселеде арсар болууда. Көпчүлүгү Дональд Трамптын көз карашын эп көрүүдө. Америкалык мурдагы президент жаңжалды тезирээк токтотуу үчүн жардамды көбөйтпөй, курал менен жабдууну кыскартууга чакырууда. Ал эми CNN маалыматы боюнча, америкалыктардын 55%ы Конгресс Ак үйдүн өтүнүчүн четке кагууга тийиш деп эсептешет. Ошол эле учурда 48%ы, тескерисинче, аскердик жардамды көбөйүүнү жакташат. Киевди Польша президенти Анжей Дуда колдоп чыкты. The Washington Post жазгандай, ал курал менен жабдуунун зарылдыгын белгилеген.
Украиналык жоокерлер Артемовскинин жанындагы позицияларында турушат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыштагылар Украинанын айынан жаңы көйгөйдөн кооптоно башташты. Ой толгоо

Убакыт келди

Украиналык саясат таануучу Вадим Карасевдин оюнда киевдик бийлик Стамбул келишимине макул болушу керек эле... "Акыры Кулеба сүйлөшүүлөр жөнүндө эстептир. Эч болбогончо кеч болсун. НАТО Украинага контрчабуулга авиациясыз кирүүгө көндүргөн. Ошол себептен эми Россиянын жооп иретиндеги соккусун күтө берели. 2022-жылдын апрелинде Арахамия президенттин кеңсесин тегеректеп, орустар менен макулдашканын, шампан ачууга болорун айтып жүргөн. Бирок Байден менен Жонсондун кысымы менен Москвага сокку урган", — деп айткан ал жергиликтүү медианын бирине берген маегине.
Россиялык эксперттер азырынча Киевдин сунуштары Москва үчүн маанилүү эместигин боолголошот. Саясий аналитик Родион Мирошник Кулеба келе жаткан мезгил эң оболу өзү жана бирге башкарып жаткан элита үчүн оор өтөрүн айткан көрүнөт деп болжойт.
"Алар үчүн Украинанын макамы Батыш өлкөлөрүнүн көзүндө өзгөрүшү — нагыз трагедия. Кулеба, Резников, Зеленский жана башкалар Россия менен куралдуу тирештен башка эч бир режимде башкара алышпайт. Ошол эле учурда контрчабуулдун майнапсыздыгынан улам АКШ менен Европа биримдигинин бул кишилерге карата мамилеси бир топ сууй түштү", — деп белгилейт эксперт.
Мындай пикирге Россия өкмөтүнүн алдындагы Финансылык академиянын доценти Денис Денисов да кошулат. Украинада жакында Москва менен диалогго баруу жөнүндөгү талкуу башталарын боолголойт. Башка арга жок экенин баары түшүнүп турарын айтат аналитик. Бирок согуштук аракеттердин аякташына али көп бар. Мындан сырткары, диверсияларды, террордук актыларды токтотууга да көп убакыт талап кылынат. Булардын баарынан соң гана тараптар жарашууну талкуулоого киришсе болот. Толук кандуу тынчтык туурасында азыр сөз да болбосо керек...
Украина президенти Владимир Зеленский. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Эксперт: АКШ Зеленскийди тез эле алмаштырып коё алат
Жаңылыктар түрмөгү
0