Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Батыштагылар Украинанын айынан жаңы көйгөйдөн кооптоно башташты. Ой толгоо

© AP Photo / Iryna RybakovaУкраиналык жоокерлер Артемовскинин жанындагы позицияларында турушат
Украиналык жоокерлер Артемовскинин жанындагы позицияларында турушат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2023
Жазылуу
Киевге берилген аскердик жардамдын көлөмү рекорд коюуда. Бирок, калыбы, Европа менен АКШ бир жагынан тишине чейин курал менен жабдылган өлкө кайра өздөрүнө тап береби деп чочулагандай.
Давид Нармания
Айтор, союздаштар андай көрүнүшкө жол бербөө үчүн кандай чара көрүп жатышканы боюнча РИА Новости сайтына жарыяланган Давид Нарманиянын макаласынан окуңуздар.

Жаңжалдын алгачкы күнүнөн тарта

Былтыр жазда эле: "Замбиректердин добушу токтоор замат мыйзамсыз куралдын агымы башталат. Муну билип эле турабыз, анткени көптөгөн жаңжалдардан кийин ошондой окуяларга күбө болуп жүрөбүз го", — деп эскерткен Интерполдун башчысы Юрген Шток.
Маалымат каражаттарындагы материалдарга карап баам салсак, согуштук аракеттердин аякташы күтүлбөйт. "Польша, Румыния жана Украина менен чектешкен өлкөлөрдө согуштук аракеттерди жүргүзүү үчүн Киевге биз берип жаткан куралга толуп кетти. Командирлер көбүнчө генерал эмес, куралдын партияларын кабыл алып, кайра саткан полковник жана башкалар", — деген RT каналына берген маегинде америкалык журналист Сеймур Херш.
CNN да Пентагондун башкы инспекторунун отчетунда катталган окуялар туурасында маалымдайт. Атап айтканда, былтыр июнь айында атайын кызматтар уурдаган куралдарын сатуу менен алектенген бир нече коммерсант аралашкан схемасын бөгөттөшкөн. Ошондой эле өздөрүн ыктыярчы атап, 17 миң долларлык ок өткөрбөс жилеттерди кымырып алгандарды да кармашкан. Мындан сырткары, украиналык улуттук батальондун 60 автвомат жана миңге чукул ок-дарыны уурдап алган жоокерлерин камакка алышкан. Аталган телеканалдын баамында, баарын кампада сактап, "сыягы, көмүскө рынокто сатууну" көздөшкөн.

Байкоо салуунун татаалдыгы

Жогоруда аталган отчетто 2022-жылдын февралынан сентябрга чейинки мезгил аралыгы камтылган. Ал убакта Украинада америкалык инспекциялар жүргүзүлгөн эмес. Ошол себептен негизинен Киев билдирген малыматтарды гана пайдаланышкан. Демек, алардын чындыгы шек туудурбай койбойт. "Курал согуш башаламандыгына кирген соң алардын кайда экенин так биле албайбыз. Бул – эбегейсиз кара туңгуюк", — деген америкалык чалгындоо кызматынын өкүлү СNN каналына берген маегинде.
Ошону менен бирге эле Military басылмасы америкалыктар сегиз айдан бери биринчи ирет Украина Куралдуу күчтөрүнө миңдеген "Стингер" жана "Жавелин" ракеталарын, гаубицаларын, он миңден ашуун гранатомет, С-4 жардыргычтарын, 59 миллион патрон берди. NASAMS, HIMARS, Phoenix Ghost дрондору өңдүү кубаттуу оор техникаларды айтпай эле коелу.
"Натыйжалуу көз салуу ошол жеринде болбосо кыйын", — деп белгилейт басылма. Текшерүүнү алар ноябрда гана колго алышты. Бирок миңдеген курал бирдиги жана ок-дары менен жабдуунун механизми суроо жаратпай койбойт", — деп боолголойт июнь айындагы отчетто Коргоо министрлигинин башкы инспектору. Ошентип Киевге берилген курал-жарактын 60 пайызы тийиштүү деңгээлде көзөмөлдөнгөн эмес. Кээде коштоочу документтер дегеле берилбей, эмне жөнөтүп жатышканын америкалык аскерлер кутуларды ачып, карашкан.
Отчеттун авторлору уурдоого же багытталган тараптан башка жакка жөнөтүүгө америкалыктардын катыштыгы туурасында далил жоктугун белгилешет. Бирок океандын ары жагындагылар киевдик өнөктөштөрүнөн катуу эле шек санашат. Конгресстегилер дайым аудитти күчөтүүгө чакырып келери белгилүү эмеспи.
Европалыктар да бул жаатында өтө этият болууга тийиш. Голландиялык NRC Handelsblad басылмасы: "Эгер аскердик жардамды сынга алсаңыз, дароо сизди Россияга ыктагандарга кошо салышат. Биз курал менен жабдууга дайым эле каршы эмеспиз, алар кээде өмүрлөрдү сактап кала алат. Бирок бул кеңири талкууланышын туура көрөбүз", — деген Stop Wapenhandel ("Курал сатууну токтотуу") кыймылынын активисти Венделу де Вристин сөзүн чыгарган.
Нидерланд бийлиги жөнөткөн куралы эмне болгонуна түк көз салбайт. Жергиликтүү басылмаларда атын жашырган америкалык изилдөөчүнүн пикири жарыяланды. Анын айтымында, баңгизат сатуучулар куралданышат. Эксперт оор техника АКШнын касташкандарынын колуна тийип калышы ыктымал. Куралды мыйзамсыз сатуу – Киевдин эбактан, тагыраак, 1990-жылдан берки көйгөйү.
2014-жылдан кийин, Global Organized Crime Index сайты белгилегендей, Украина Европанын ири кара рынокторунун бирине айланган. Товардын бир бөлүгү өлкө ичинде – жарым-жартылай мыйзамдуу түзүмдөрдүн колунда калган. Ошондо эле эсепке кирбей калган куралдардын саны миллиондоп эсептелчү. Азыр кырдаал курал менен жабдууну көзөмөлдөөнүн ачык системасынын жоктугунан улам кескин түрдө курчуп кетти.
Вашингтондогу Капитолий имаратында киши АКШнын желектерин тууралап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2023
АКШнын убактысы аз: Вашингтондун "саналуу гана айы калды"
Жаңылыктар түрмөгү
0