КРдин өкүлдөрү Новосибрскидеги "Технопром" форумуна катышат

© Sputnik / Ростислав Нетисов / Медиабанкка өтүүНовосибрскидеги "Технопром" форуму. Архивдик сүрөт
Новосибрскидеги Технопром форуму. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2023
Жазылуу
Новосибрскиге БАЭ, Сауд Арабия, Бразилия, Түркия, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Беларусь жана башка мамлекеттердин өкүлдөрү чогулат.
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. 25тен ашык мамлекеттин өкүлдөрү Новосибрскидеги "Технопром" форумуна катышат. Бул тууралуу Бишкектеги Русский дом билдирди.
Иш-чара 22синен 25-августка чейин өтөт. Новосибирск облусунун илимий-технологиялык өнүктүрүү фондунун директору Сергей Санников белгилегендей, "Технопром" эл аралык чөйрөдө ишенимге татып, чет элдик мамлекеттер кызыга баштады.
Форумга БАЭ, Сауд Арабия, Бразилия, Түркия, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Беларусь жана башка мамлекеттердин өкүлдөрү катышат. 2023-жылдагы форумдун вектору: "Технологиялар — аймактарды өнүктүрүү фактору". Максаты — импортту алмаштыруу жана технологиялык суверендүүлүккө жетишүү үчүн аймактар аралык жана эл аралык кооперациялардын аянтчасын түзүү үчүн реалдуу аянтчага айлануу.
Иш-чарада алдыңкы жана аэрокосмостук технологиялар жаатындагы келишимдерге кол коюлат.
 Армия-2023 форумунун катышуучулары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2023
Көп кырдуу Р-177М. "Армия-2023" форумунда жаңы сооттолгон машина көрсөтүлдү
Жаңылыктар түрмөгү
0