00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Медиация как способ не доводить дело до суда. Как это работает в КР?
08:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
5 мин
Будь в курсе
Кыргызстан ожидает маловодье: что происходит с климатом и как управлять водой?
10:05
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Зергерлик тармакты жөнгө салуу: жеке ишкерлер үчүн жаңы талаптар
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
13:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Физиотерапия простыми словами: польза, риски и мифы - — беседа со специалистом
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Наполеоновские» планы на науку и инфраструктуру — ректор о развитии КРСУ
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Тарыхтын көмүскөсүндө калган Ташбек датка
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жыргалаң көмүр кени кайрадан иштей баштады. РКӨФ ага 1,7 млн. доллар бөлдү

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевЖыргалаң көмүр кени. Архивдик сүрөт
Жыргалаң көмүр кени. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2023
Жазылуу
Артем Новиков кен 11 жылдан бери иштебей турганын, бирок президент тапшырма бергенден кийин аны ишке киргизүүгө даярдыктар көрүлө баштаганын эске салды.
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду "Бизнес Инвест Компани" ЖЧКсына жабдуу менен атайын техника сатып алуу үчүн 1,7 миллион доллар жеңилдетилген кредит берди. Кеп Ысык-Көлдөгү эң ири Жыргалаң көмүр кенинин ишин жандантуу жөнүндө болуп жатат.
Бул кен 1959-жылы иштей баштаган, анын запасы 18 миллион тонна деп бааланууда. 2012-жылдын сентябрь айында ишканада өрт чыгып иш токтоп калган.
"Кендин борбордук, батыш жана чыгыш участкаларында үч шахта бар. 2022-жылдын май айында биздин ЖЧК чыгыш участогунда даярдык иштерин баштаган. Компания электр өткөрмө линияларын орнотуп, подъезддик жолдорду оңдоду. Учурда вахталык шаарча куруп жатат. Муну менен катар шахтадан күнүнө 100-120 тонна көмүр алынууда. Болочокто өндүрүш кубаттуулугу жылына 50 миң тоннага жетет. Долбоорду жүзөгө ашырууга РКӨФ бизге 1 миллион 733 миң доллар бөлдү. Бул каражатка биз биринчи кезекте россиялык жабдууларга буйрутма бердик", — деди ЖЧКнын директору Кубатбек Керимов.
РКӨФ башкаруучулугунун жетекчиси Артем Новиков кен 11 жылдан бери иштебей турганын, бирок президент тапшырма бергенден кийин аны ишке киргизүүгө даярдыктар көрүлө баштаганын эске салды. Долбоор импортту алмаштырып, 126 жумушчу орун түзүүгө багытталган.
"Бул участокту 2017-жылы суу басып калган. Ошого байланыштуу суу сордургучтар орнотулган (азыр 2,5 миң куб метр суу сордурулуп, 420 метр органикалык масса алынды). Учурда бургулоо иштери жүрүп, көмүр сыртка чыгарылууда. Алгачкы 1,2 миң тонна көмүр Каракол жылуулук электростанциясына жеткирилди", — деди Новиков.
Кенди "Бизнес Инвест Компани" ЖЧКсы мамлекеттик "Кыргызгеология" ишканасы менен биргеликте ишке киргизип жатат. Өндүрүлгөн көлөмдүн 20 пайызы, башкача айтканда, ар бир тоннадан мамлекеттик ишканага 255 сомдон берилет.
Эске салсак, кечээ жакында министрлер кабинети Ысык-Көлдө 11 жылдан кийин Жыргалаң кенинин иши жанданганын жарыялаган. Бирок кээ бир кыргызстандыктар, анын ичинде облустун мурдагы башчысы Эмилбек Каптагаев мунун баары калп экенин билдирген. Алардын айтымында, Жыргалаңдын эски шахтасын суу басып калган. Ал эми министрлер кабинети жеке компаниянын мурдатан бери иштетип келе жаткан мини-шахтасын көрсөткөнүн белгилешкен. Кийинчерээк президент Садыр Жапаров бул билдирүүлөрдү төгүндөгөн.
Тигүү цехинин кызматкери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2023
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду кыргызстандык тигүүчүлөргө кандай жардам берүүдө? Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0