Бостеридеги 23 жаштагы баланын өлүмү боюнча максаттуу тергөө тобу түзүлдү

© Фото / пресс-служба МВДЧолпон-Атадагы милиция кызматкерлери. Архив
Чолпон-Атадагы милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2023
Жазылуу
Максаттуу ыкчам-тергөө тобунун курамына даярдыктан өткөн, тажрыйбалуу кызматкерлер кирди.
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облустук ИИБде таластык 23 жаштагы жигиттин өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн максаттуу ыкчам-тергөө тобу түзүлдү. Бул тууралуу аймактык милиция билдирди.
ИИБ "Золотые пески" пансионатынын жанында көз жумган бала боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын билдирди.
"Бала эмнеден улам каза болгонун аныктоо үчүн тийиштүү бардык экспертизалар дайындалды. Учурда экспертизанын расмий бүтүмү даяр эмес", — деп айтылат маалыматта.
Максаттуу ыкчам-тергөө тобунун курамына даярдыктан өткөн, тажрыйбалуу кызматкерлер кирди. Алар окуянын башка күбөлөрүн аныктап жатышат. Сотко чейинки териштирүү иши ИИМ менен Ысык-Көл облустук ИИБдин көзөмөлүндө турат.
Буга чейин интернетке "Золотые пески" пансионатынын жээгиндеги мушташтан улам бала каза болгону тууралуу маалымат тараган. Бул тууралуу маркумдун улуу агасы билдирген. Анын айтымында, экспертизадан кийин милиция баланын талмасы кармап каза болгонун кабарлаган. Эми анын жакындары окуянын күбөлөрүн издеп жатышат. Маркумдун достору анын эч качан талма оорусу болбогонун белгилеп, тергөөнү акыйкат жүргүзүүнү талап кылышууда. Милиция болсо алгачкы кароодо маркумдун денесинен кыйноонун белгилери табылбаганын, ага биринчи жардам көрсөтүү учурунда "тилин жутуп алганын байкадым" деген кишинин (өзүн медкызматкер катары тааныштырган) сөзүн келтиришти.
Ишти президент Садыр Жапаров өз көзөмөлүнө алды. Ал укук коргоо органдарына ар тараптуу жана объективдүү тергөө жүргүзүүнү тапшырды.
Ысык-Көл облусунун туристтик милициясынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2023
Бостеридеги жигиттин өлүмү. Милиция аларга карата шек саноого жооп кайтарды
Жаңылыктар түрмөгү
0