АКШ карызынын айынан инвесторлордун ишеничинен чыгып калчудай... Сереп

© AFP / JIM WATSONАКШ президенти Жо Байден. Архивдик сүрөт
АКШ президенти Жо Байден. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2023
Жазылуу
Дүйнөнүн эң ири экономикасы ондогон жылдардан бери насыялык рейтингдин алдыңкы сабында эле. Бирок карызы жана бюджетинин тынымсыз өскөн таңсыктыгынан улам анын эбак ылдыйлаганын байкабай коюуга мүмкүн болбой калды.
Fitch эл аралык агенттиги 30 жылдан бери быйыл АКШнын төлөм жөндөмүнүн көрсөткүчүн төмөндөттү. Ак үй апкаара түштү. Бул америкалыктарга кандай таасир этерине Наталья Дембинская сереп салган. Автордун бул туурасындагы макаласын РИА Новости сайты жарыялаган.

Арааны ачылып...

АКШ эмитентинин дефолтунун узак мөөнөттүү рейтинги ААА сабынан АА+ көрсөткүчүнө түшүрүлдү. Мындай көрүнүш акыркы жолу 1994-жылы катталган. Суверендүү насыялык рейтинг — мамлекеттердин өзүнүн каржылык милдеттенмелерин өз убагында жана толук көлөмдө аткарууга даярдыгын, иш жүзүндө дефолт ыктымалдыгын баалоо инструменти.
AAA – төлөм жөндөмүнүн деңгээли жана карыз дефолтунун эң төмөн тобокелдигин туюндурган белги. Fitch агенттиги жыл сайын бул көрсөткүчтү АКШга энчилеп келген. Быйылкы чечими менен агенттик кырдаал начарлаганын моюндады. Ошондой эле Fitch эл аралык агенттиги олчойгон карыз, анын чеги да жогорулап, бюджет таңсыктыгынын өсүшү жана рецессия ыктымалдыгы өңдүү негизги себептерди белгилеген. Талдоочулардын пикиринде, бул факторлор мамлекеттин төлөм жөндөмүн төмөндөтүп, бюджетти көзөмөлдөөнү аксатат.
Рейтингдин түшүп кетиши жакынкы үч жыл аралыгында бюджеттин абалы начарлап кетиши мүмкүн экенин айгинелейт. Ошондой эле мамлекеттик башкаруу секторунун карыз жүгү улам көбөйүп, соңку эки жыл ичинде мамлекеттик каржыны тескөөнүн сапаты да начарлап кеткенин туюндурат", — деп түшүндүрөт Fitch.
АКШ Каржы министрлиги буга айран таң калып, Fitch агенттигинин чечими негизсиз жана маңызсыз деп билдирди. Ак үйдөгүлөрдүн да кыжыры кайнап, агенттиктин чечимине макул эместигин, анткени ал "эски маалыматтарды" пайдалануу менен ушундай бүтүм чыгарганын айтты.

Баары айкын

Кандай болгон күндө да көрсөткүчтөр баарын ачык айгинелеп турат. Июнда конгресс кызуу талкуудан соң карыз алууну улантуу үчүн мамлекеттик карыздын чегин ички дүң өндүрүмдүн 120 пайызына чейин чыгарды. Эл аралык валюталык фонддун божомолунда келерки жылы бул көрсөткүч – 125, 2025-жылы — 129, ал эми 2028-жылы 136 пайызга жетет.
Жылдын экинчи чейрегинде бюджеттин таңсыктыгы ички дүң өндүрүмдүн 8,4 пайызына чукулдады. Байдендин администрациясы сегиз аптада мамлекеттик карызды 1,8 триллион долларга арттырды.
АКШ кыйын кырдаалга тушугуп турат, таңсыктыкты жоюу үчүн карызды көбөйтүү абзел, ал эми карызды тейлөө чыгымдары эмитен эле 970 миллиард долларга (ички дүң пайыздын 3,6 пайызына) чыкты.
"Облигациялардын пайызын төлөөгө триллионго чукул каражат сарпталууда. Жакында бул үчүн өлкөдө жыйналган салыктын дээрлик жарымы жумшалып калары ажеп эмес. 2024-жылы карызды тейлөө бюджеттин кирешесинин он беш пайызын "кемирери" бышык", — дейт Capital Lab өнөктөшү Евгений Шатов.
Ички дүң өндүрүмдүн 120 пайызына чыккан карыз мындай рейтингдеги өлкөлөрдүн орточо көрсөткүчтөрүнөн 2,5 эсеге жогору жана бул экономиканын чабалдыгын тереңдетерин кошумалайт талдоочу. Мунун баары экономикадагы "жумшак рецессия" жылдын соңку чейрегинде күтүлүп жаткан чакта байкалууда.
Россиянын Америкадагы элчиси Анатолий Антонов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ элчиси АКШга Украинаны калыбына келтирүү чыгымын көтөрүүнү сунуштады

Көпкө күтүп...

Fitch чечими чынында эбак эле бышып жетилген. Сыягы, мамлекеттик карыздын чеги жөнүндөгү саясий талкуулардын жүрүшү анын акыры ачыкталышына түрткү болду көрүнөт. "Карыздын чегин көбөйтүү же тоңдуруп коюу жөнүндө өлкөнүн көпкө чейин бир чечимге келе албаганы АКШнын өз милдеттерин убагында аткарарынан шек санатты" деген пикирди карманат Capital Lab.
"Көйгөйлөрдү чечүү үчүн бюджеттик, айрыкча социалдык программалардын чыгымдарын кыскартып, байларга жана корпорацияларга салыкты жогорулатуу, ошондой эле салык төгүмдөрүн көбөйтүү, экономикалык өсүштү өбөлгөлөө керек. Фискалдык консолидация чаралардын топтомун акырындап турукташтырып, карызды азайтат. Бирок эч кимдин аны менен алектенгиси жок", — деп эсептейт BitRiver каржылык талдоочусу Владислав Антонов.
"Альфа-Форекс" компаниясынын башкы директору Гузель Проценконун пикиринде, агенттик АКШ фондулук рыногу жана долларга доо кетет деп чочулап, рейтингди түшүрүүдө кечиккенин белгилейт. Канткен күндө да америкалык көйгөйлөр эбактан бери эл аралык агенттиктердин байкоосунда. Маселен, S&P холдинги 2011-жылы эле АКШнын насыялык рейтингин төмөндөткөн. Moody"s али жогорку баа бергени менен божомолдору он жылдан бери начар.

Тобокелдиктердин саны артууда

Fitch агенттигинин чечиминен кийин АКШ фондулук рыногу, анын артынан дүйнөлүк фондулук жана товардык рыноктордун абалы туруксуз боло баштады. Бирок жалпысынан, анын ичинде Россия муну кадыресе кабылдаганын белгилеп коюу керек.
"Доллар мурдагы эле макамын сактап, АКШнын насыялык рейтинги жана дүйнөлүк үлкөн экономикадагы ставкалары адаттагыдай эле дүйнө жүзү боюнча негизги ориентир бойдон кызмат кылат", — деп түшүндүрөт Евгений Шатов. Анткен менен институционалдык инвесторлор үчүн бул – өтө жаман белги. Себеби мындан ары АКШнын суверендүү карызына салым салуу тобокелдүү.
Вашингтондогу Капитолий имаратында киши АКШнын желектерин тууралап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2023
АКШнын убактысы аз: Вашингтондун "саналуу гана айы калды"
Жаңылыктар түрмөгү
0