https://sputnik.kg/20230730/kyrgyzstan-zer-buyum-import-1077434180.html
Пакистандагы жардыруудан 35 киши каза таап, 200ү жаракат алды
Пакистандагы жардыруудан 35 киши каза таап, 200ү жаракат алды
Sputnik Кыргызстан
Полициянын алдын ала маалыматы боюнча, терактыны жан кечти жасаган. 30.07.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-07-30T23:25+0600
2023-07-30T23:25+0600
2023-07-30T23:39+0600
пакистан
дүйнөдө
теракт
террорчу
жардыруу
видео
https://sputnik.kg/img/07e7/07/1e/1077434400_0:54:2192:1287_1920x0_80_0_0_bcb55000be3f1e27971fe4fbddc43e05.jpg
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясында "Джамиат Улема-и-Ислам" партиясынын съезди өтүп жатканда жардыруу болду. Анын кесепетинен 35 киши каза таап, 200 адам жаракат алды. Бул тууралуу РИА Новости Geo телеканалына шилтеме берип жазды.Маалыматка караганда, жардыруу саат 16:00дө (Бишкек убактысы боюнча 17:00) съезд өтүп жаткан имараттын ичинде болгон.Полиция окуяны теракт деп атап, аны жан кечти жасаганын кабарлады. Жеринде тергөөчүлөр иштеп жатат. Интернетке болжол боюнча жарылуу болгон учурдун видеосу жарыяланды. Партиянын лидери Хафиз Хамдулла съездге жумуштары чыгып калып барбай калганын билдирди. Ал муну террорчулук деп атап, өлкө менен провинция жетекчилигин иликтөө иштерин баштоого чакырды. Ал ошондой эле жарандарды жардыруудан жаракат алгандарга кан тапшырууга үндөдү.“Пакистан элдик партиясынын” төрагасы, ТИМ жетекчиси Билавал Бхутто Зардари федералдык өкмөт менен провинциянын өкмөтү террорчулардын шериктерин жоопко тартышы керектигин белгиледи. Ал ошондой эле курман болгондордун жакындарына көңүл айтты. Зардари терактынын уюштуруучулары жок кылынышы керектигин кошумчалады.
https://sputnik.kg/20230727/ukrainanyn-atayyn-kyzmaty-kara-deniz-flotunda-terakt-zhasoogo-araket-kylgan-1077358465.html
пакистан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/07/1e/1077434400_0:0:2136:1602_1920x0_80_0_0_a9add2608b6b4845c96f1dce0bdc42be.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
пакистан, дүйнөдө, теракт, террорчу, жардыруу, видео
пакистан, дүйнөдө, теракт, террорчу, жардыруу, видео
Пакистандагы жардыруудан 35 киши каза таап, 200ү жаракат алды
23:25 30.07.2023 (Жаңыртылды: 23:39 30.07.2023) Полициянын алдын ала маалыматы боюнча, терактыны жан кечти жасаган.
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясында "Джамиат Улема-и-Ислам" партиясынын съезди өтүп жатканда жардыруу болду. Анын кесепетинен 35 киши каза таап, 200 адам жаракат алды. Бул тууралуу
РИА Новости Geo телеканалына шилтеме берип жазды.
Маалыматка караганда, жардыруу саат 16:00дө (Бишкек убактысы боюнча 17:00) съезд өтүп жаткан имараттын ичинде болгон.
Полиция окуяны теракт деп атап, аны жан кечти жасаганын кабарлады. Жеринде тергөөчүлөр иштеп жатат. Интернетке болжол боюнча жарылуу болгон учурдун видеосу жарыяланды.
Партиянын лидери Хафиз Хамдулла съездге жумуштары чыгып калып барбай калганын билдирди. Ал муну террорчулук деп атап, өлкө менен провинция жетекчилигин иликтөө иштерин баштоого чакырды. Ал ошондой эле жарандарды жардыруудан жаракат алгандарга кан тапшырууга үндөдү.
“Пакистан элдик партиясынын” төрагасы, ТИМ жетекчиси Билавал Бхутто Зардари федералдык өкмөт менен провинциянын өкмөтү террорчулардын шериктерин жоопко тартышы керектигин белгиледи. Ал ошондой эле курман болгондордун жакындарына көңүл айтты. Зардари терактынын уюштуруучулары жок кылынышы керектигин кошумчалады.