Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жайыттарды айыл өкмөткө берүү сунушталууда. Себеби

© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуЖайыттарды айыл өкмөткө берүү боюнча сунуштар айтылып жатканын адис Нурлан Абатбеков
Жайыттарды айыл өкмөткө берүү боюнча сунуштар айтылып жатканын адис Нурлан Абатбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2023
Жазылуу
Жайыт жана асыл тукум мал чарба боюнча департаменттин башкы адиси Нурлан Абатбеков жайыттарды калыбына келтирүү аракеттери тууралуу айтып берди.
Жайыттарды айыл өкмөткө берүү боюнча сунуштар айтылып жатканын адис Нурлан Абатбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Жайыттарды айыл өкмөткө берүү сунушталууда. Себеби
Анын маалыматында, тийиштүү сунуш өзгөртүлүп жаткан Жер кодексине берилген.
"Өлкөдө 9 миллион 371 миң гектар жайыттын миллион 800 миң гектары деградацияга учураган. Анын ичинен 240 460 гектар өтө деградацияланганы аныкталган. Мындан тышкары, отоо чөптөр каптаган аянттар кездешет. Мисалы, 360 миң гектар аянтты жайыттарга олуттуу зыян келтирген алтыгана басып кеткен. Суусамырда аны менен күрөшүү үчүн химиялык жана механикалык жол колдонулган. Химиялык жол жакшы натыйжа бергени менен курт-кумурска, канаттуу, башка өсүмдүктөргө оорчулук жаратып, экологдор каршы болууда. Ошондуктан кол менен кыйып, аны майдалап чачуу пландалууда. Бул ыкма чакан аймакта сыналганда жакшы натыйжа бергени байкалды. Учурда окумуштуулар тийиштүү изилдөөлөрдү жүргүзүүдө. Анын натыйжасы менен иш башталат же башка чечим кабыл алынат. Мындан тышкары, жайыттарды айыл өкмөткө берүү боюнча сунуштар айтылууда. Анткени жайыт комитеттери коомдук уюм болуп, эл баш ийбей койгон учурлар болууда. Ал эми айыл өкмөттө бийлик бар эмеспи. Ошондой эле жайыттарга органикалык жер семирткичтерди пайдалануу мерчемделүүдө", — деди Абатбеков.
Ошондой эле ал жайттырды маал-маалы менен эс алдыруу жакшы натыйжа бере турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0