Айтматовдун чыгармаларынан руханий пирамида түзсөк... Акматалиев менен маек

© Sputnik / Степанов / Медиабанкка өтүүБелгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архив
Белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2023
Жазылуу
Кыргыз жана түрк тилдүү адабияттын эле эмес дүйнөлүк жазуучулардын алпы Чыңгыз Айтматов быйыл 95 жашка чыкмак. Улуу жазуучунун чыгармаларынан ар бир курактын өкүлү өзүнө керектүүсүн ала алат.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик, Айтматов таануучу Абдылдажан Акматалиев болду.
© Sputnik / Асылбек БактыбековДоктор филологических наук Абдылдажан Акматалиев
Доктор филологических наук Абдылдажан Акматалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2023
— Улуу жазуучунун жанында жүргөн, жакшы билген адам катары Чыңгыз Айтматовдун феномени тууралуу сөз кылсак...
— Чыңгыз Айтматовду дайыма "Чыңгыз агай" деп келем. 50 жашка чыккандан баштап чыгармачылыгы менен тыгыз байланышта болуп калдым. Буга чейин университетте окуп жүргөндө дипломдук иш жазгам. Ал кишинин чыгармаларын тилдик жана адабияттык жагынан карагам. Ал өзүнчө илимий багыт болуп калды. Эмгектеримди илимий комиссия баалап, "Эл агартуу" журналына сунуштаган. Ошондон баштап агайдын чыгармачылыгы боюнча иштеп калдым жана өзү менен 28 жыл үзгүлтүксүз байланышта жүрдүм. Кийин Тил жана адабият институту түзүлгөндө "Айтматов таануу" багыты ачылды. Аны өзүм жетектеп, 5-6 илимий эмгек жазылып, кандидаттар чыкты. 50 жашында Айтматовго СССРдеги эң жогорку сыйлык — Социалисттик Эмгектин Баатыры ардактуу наамы берилген. Ал эми 60 жылдык мааракесин өткөрүүдө жооптуу катчы болуп иштедим. Конференцияларды өткөрдүк. Бирок ал кезде кайра куруу заманы болуп, шаан-шөкөткө анча маани берилген эмес. Салтанаттуу жолугушуулар да агайдын суранычы менен өтпөй калган. Шекерде гана эл менен жолугушуу өттү. Ага 20дай акын-жазуучу барды. Алардын баары азыр кайтып кетти. Ошондо мен "Кыргызстан маданияты" гезитине "Келечек бүгүндөн башталат" деген макала жарыялагам. Ага фотоальбом, дүйнөлүк белгилүү адамдар менен жазышкан каттарды, чет мамлекетте чыккан илимий-публицистикалык макалаларды которуу жана анын чыгармачылыгына арнап жазган Евгений Евтушенко, Мухтар Шаханов, Олжас Сулейменов, Мумин Каноат жана Мустай Карим, Расул Гамзатов сыяктуу дүйнөгө белгилүү акындардын ырларын чыгаруу эле. Ошолордон көбү аткарылды. Залкар жазуучунун чет тилге которулган чыгармаларынын библиографиясын түзүп, изилдөө керек. Ал дүйнөлүк тилдерде басылышы жана таратылышы боюнча алдыңкы орунда (178) турат. Анын чыгармаларын динине, улутуна карабай бардыгы окушат. Анткени Айтматов адамды биринчи орунга коёт. Адамдын ой-толгоосу, жашоосу мунун баары түбөлүктүү тема. Залкардын дагы бир өзгөчөлүгү — ал мунун баарын экология менен тыгыз байланышта карайт. Каймана мааниде, философиялык планда берет. Анын чыгармалары искусствонун бардык түрлөрүндө жашап жатат. Бардык чыгармалары кинодо тартылды. Музыка жаатында симфониялар, обондуу ырлар жазылып жатат. Түркияда бул жаатта өзгөчө мамиле жасашат.
— Кийин жазуучунун 80 жылдыгын өткөрдүңүздөр?
— Жазуучунун 80 жылдыгы жакшы деңгээлде өтпөй калды. Көп көңүл бурулган жок. Маданият министрлигинин эле деңгээлинде болду. Иш-чаралардын бардыгы токтоп, кандайдыр бир себептер менен каражаттар бөлүнбөдү. Ошо менен даярдалган китептер да чыкпай калды. Эми 90 жылдыгында бир топ иштер аткарылды. 34 темада китептерди чыгардык. Эң башкысы, Айтматовдун кыргызча он томдугун, орусча он томдугун, ал тууралуу жазылган макалалардын беш томдугун чыгардык. Ырлар жыйнагынын эки томдугун, фотоальбом жана Жамал Сейдакматова, Советбек Жумадылов, Арсен Өмүралиев өңдүү залкарлардын радиодо окугандарын диск кылып жарыяладык. Эми 95 жылдыгына карата атайын токтом кабыл алынды. Быйыл 95 жылдыгы өтөт, анан 100 жылдыгына карата даярдык башталат. Айтматовдун чыгармаларынан руханий пирамида түзсөк, кыргыз элин таанытууда дүйнөгө багыт болуп эсептелет.
© Sputnik / Анатолий Гаранин / Медиабанкка өтүүГлавный режиссёр театра "Современник" Галина Борисовна Волчек и киргизский писатель Чингиз Торекулович Айтматов
Главный режиссёр театра Современник Галина Борисовна Волчек и киргизский писатель Чингиз Торекулович Айтматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2023
— Айтматов феноменин кандайча чечмелеп берер элеңиз?
— Феномен — бул өтө чоң сөз. Аны таптым деп айтууга да болбойт. Ал киши кайсы кылым, кайсы коомдук система болбосун улутуна, жынысына карабай чыгарма жазып койгон. Түбөлүктүү темада жазган. Аны бир жерден таап алып "мына, феномени бул" деп айтууга болбойт. Жамийланын чыкканына 60 жыл болсо да ошондон бери жашап жатат. Айтматовду бир окуп таштап коё албайсың. Чыгармаларын жаш кезде башкача, орто жашта башкача, ал эми улгайганда такыр бөлөк кабыл аласың. Сырдашың сыяктуу сезилет.
Бул киши философ, ойчул да. Өзү да көп чыгармаларды окуган. Үйүнө барганда ар түрдүү багыттагы китептер тизилип турчу. Кудай берген талант менен акылы, билими айкалышкан. Чыгармалары калп айтпайт, алдабайт. Ар бир адам анын китептеринен өзүн таап алат. Искусствонун ар багытында каармандары чагылдырылып жатат. Кыргыз маданиятынын өсүп-өнүгүшүнө эле эмес бүтүндөй союзга таасир берди. Көп жазуучулар муну моюндаган. Жашоодо өзү да жөнөкөй, кичипейил, айкөл болгон. Убагында ага асылгандар да болду. Ушак-айыңга аралашпай, башка жөнүндө бир жаман сөз айтпай камкордук кылып жүргөн. Бирок заман кимдин кимдигин көрсөтүп койду. Ар бир чыгармасы жаңылык алып келген классика. Чыгармалары Кытайда миллиондогон нускада чыгып, мектептерде окутулуп жатат.
— Улуу жазуучу дагы кайсы тарабынан ачылып, даңазаланышы керек?
— Чыңгыз Айтматовдун жарык көрө элек чыгармалары бар. Алсак, "Флейта жана жер", "Уулум менен жолугушуу", "Алтын жана кар" сыяктуу эмгектери. Айрымдарынын ачыкталган бөлүктөрү Айтматовдун жаңы даярдалган 12 томдук китебине чыкты. Бирок алардын уландысынын бар-жогу белгисиз. Калемгердин чыгармалары дүйнөнүн 178 тилине которулган. Алардын библиографиясын түзүп, изилдөө иштерин жүргүзүү керек. Тилекке каршы, мындай ишти жасоого көп каражат жумшалып, убакыт керектелет...
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2022
Тагдыры трагедиялуу болсо да Чыңгыз Айтматов жолдуу болгон. Гений тууралуу маек
Жаңылыктар түрмөгү
0