Баланын ичи өткөн учурда кайсы жардамды бекер алса болот? Түшүндүрмө
© Фото / Pexels / Gustavo FringПедиатрдын кабыл алуусунда болгон кыз. Иллюстративдик сүрөт
© Фото / Pexels / Gustavo Fring
Жазылуу
Балада ичеги-карын инфекциясынын белгилери байкалса, катталган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу зарыл.
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Жайкысын курч ичеги инфекциялары көбөйүп, көбүнесе балдар арасында жайылышы мүмкүн. Бул учурда кантип акысыз же арзандатылган медициналык жардам алса болорун Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан (ММКФ) түшүндүрдү.
Бөбөктөрдө ичеги-карын инфекциясынын белгилери байкалса, катталган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу зарыл. Мындай учурда кызмат көрсөтүү акысыз болот. Каттоо жок болсо, кызмат көрсөтүүлөр прейскурант боюнча төлөнөт;
Эгер дары-дармек берилиши керек болсо, адис электрондук рецепт берет. Мындай учурда ММКФ менен кызматташкан дарыканаларда 50 пайызга чейин арзандатуу болот;
Бала мектепти аяктаганга чейин бейтапканада акысыз жардам алат;
6 жашка чейинки балдар бейтапканада жана ооруканада акысыз каралат;
Кеңеш алуу үчүн ооруканага жолдомосуз, ал эми өз алдынча кайрылганда, акы прейскурант боюнча төлөнөт;
Ооруканага жаткыруу үчүн өз алдынча кайрылса, максималдуу төлөм төлөнөт;
Эгерде ата-эне Тез жардам чакырып, дарыгерлер баланы ооруканага жаткыруу чечимин кабыл алса, үй-бүлөлүк дарыгердин жолдомосу талап кылынбайт.