Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

АКШ Украинадагы чатакты ырбатууга кызыкдар. Чачырама бомбалардын берилиши тууралуу

© AFP / JOHN MACDOUGALLЧачырама бомбаларды жасоо. Архивдик сүрөт
Чачырама бомбаларды жасоо. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2023
Жазылуу
Эксперттер чачырама бомбалар эмнеси менен кооптуу экенин жана аны колдонуунун кесепети кандай болорун айтып беришти.
АКШ президенти Жо Байден 7-июль күнү Украинага кассеталык ок-дары жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алды. Айрым конгрессмендер буга каршы чыгып, Демократиялык партиянын (Байдендин партиялаштары) өкүлдөрү мындай ок-дарыны жөнөтүүгө тыюу сала турган коргонуу мыйзамына өзгөртүүлөрдү даярдап жатышат. Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Ильхан Омар алардын колдонулушу адам укугун бузарын белгиледи. Ал эми РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Киевге кассеталык ок-дарынын жөнөтүлүшү жай тургундар үчүн кооптуулук жаратып, чатакты создуктурууга багытталганын айтып чыкты.
Sputnik Кыргызстан саясат таануучу жана атайын кызматтын ардагери менен баарлашып, мындай курал эмнеси менен кооптуу экенин билди.
Маалымдама
Кассеталык ок-дары (снаряд же бомба) "аба — жер" же "жер — жер" сыяктуу эки түрдө болот. Жарылганда абага 10дон 600гө чейин кичи көлөмдөгү снаряд тарайт. Күчү жарылчу минага да, кинетикалык энергия менен иштеген снарядга да тете. Кассеталык ок-дары ири аянтты жабыркатып, өздүк курамды, транспорт каражаттарын жок кылууга колдонулат. Мындан сырткары, химиялык же биологиялык куралды абага таратуу үчүн да пайдаланылат. Мындай ок-дары дароо жарылбай да калышы ыктымал, өзүнөн өзү жок болуп да кетпейт. Жарылбай калган миналар согуш бүткөн кезде да калктын өмүрүнө, ден соолугуна зыян болот. Мунун кооптуулугу ушунда. Кассеталык ок-дарыны аныктап жок кылуу бир топ күчтү талап кылат.

Элге жаралган коркунуч

Ардагерлердин "Антитеррор–Альфа" коомдук бирикмесинин төрагасы, УКМК жетекчисинин мурунку орун басары Артур Медетбеков америкалыктар Киевге Россиянын эмес Украинанын аймагында гана колдонулат деген шарт менен кассеталык ок-дары берерин жар салганын, бирок мындай чечимге Германия менен Улуу Британия каршы экенин белгиледи.
© Sputnik / Табылды КадырбековАрдагерлердин "Антитеррор–Альфа" коомдук бирикмесинин төрагасы, УКМК жетекчисинин мурунку орун басары Артур Медетбеков
Экс-заместитель главы ГКНБ КР Артур Медетбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2023
Ардагерлердин "Антитеррор–Альфа" коомдук бирикмесинин төрагасы, УКМК жетекчисинин мурунку орун басары Артур Медетбеков
"Кассеталык снаряд абада жарылып, контейнеринен кичи көлөмдөгү жүздөгөн ок-дары абага тарайт. Бул каршылашты жок кылуу үчүн ири территорияны жабыркатууга жетиштүү көлөм. Көп учурда алар жарылбай калып, мина сыяктуу жерде калып калат. Мунун карапайым калк үчүн зыяны күч, өзгөчө кызыл-тазыл болуп турса оюнчук деп кызыккан балдар үчүн өтө кооптуу. АКШ мындай ок-дарыны Лаосто, Иракта, Афганстанда, Корея, Вьетнам жана башка мамлекеттерде колдонгон. Эң коркунучтуусу — бул снаряддардан ушу кезге чейин адамдар өлүп жатат. Чамасы, Украина дагы бир контрчабуулга даярдык көрөт сыяктуу, АКШ дал ушул максат үчүн ок-дары жөнөтмөкчү. Бирок кассеталык снаряддар кайсы жерде кандай көлөмдө колдонулары тууралуу эч кандай кепилдик жок", — деди Медетбеков.
Маалымдама
1964-1973-жылдар аралыгында АКШнын Куралдуу күчтөрү Лаоско эки миллиондон ашуун бомба таштаган, анын көбү кассеталык снаряд эле. Жалпы жонунан өлкө аймагына 270 миллиондон ашык кассеталык ок-дары ташталып, анын 80 миллиондою жарылбай жерде калган. Лаостун 18 провинциясынын 15инде ушундай снаряддар калган, басымдуу бөлүгү тогуз провинцияда. АКШнын Индокытайдагы согушунан бери өткөн 60 жыл ичинде Лаостун 50 миңден ашуун тургуну кассеталык ок-дарыдан жабыркады: 30 миң киши өлсө, 20 миңден ашууну оор жаракат алган, айрымдары буту-колунан ажырады.
Медетбековдун айтымында, бүгүнкү күндө Россияга каршы 50дөн ашуун мамлекет согушуп жатканы жашыруун эмес.
"АКШ жана Пентагон менен Байдендин администрациясындагы айрым белгилүү бир күчтөр Россия менен күрөшүүдө кандай мүмкүнчүлүккө ээ экенин көрсөтүш үчүн аталган ок-дарынын жеткирилишине катуу кызыкдар. АКШ жана жалпы эле Батыш мындан ары деле башка ок-дары, аскер техникасын, авиация жөнөтө берет. Менимче, согуш азыр бүтпөйт. Демек, кассеталык бомбанын жеткирилишине жооп кайтарылат. Эгер Киевдин аларды пайдаланып жатканы аныкталса, россиялыктар ок-дары сакталган кампаларды жана техниканы жок кылуу үчүн андан да кубаттуу курал колдонот", — деди Медетбеков.

АКШнын эки жүздүүлүгү

Саясат таануучу Никита Мендкович АКШ кадимки снаряды жок болгондуктан Украинага кассеталык ок-дары берүү чечимин кабыл алганын белгиледи.
© Sputnik / Табылды КадырбековСаясат таануучу Никита Мендкович
Политолог Никита Мендкович - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2023
Саясат таануучу Никита Мендкович
"АКШ буга чейин Россия кассеталык ок-дары пайдаланып, аскердик кылмыш жасап жатканын бир нече ирет айткан. Тилекке каршы, Вашингтон эки жүздүү саясат жүргүзүүдө. Алардын пикиринде, АКШ кассеталык снаряд колдонсо патриоттук акт, ал эми каршылашы Россия пайдаланса кылмыш болуп саналат экен. Мында АКШ Украина менен Россия элине каршы жасалган агрессиясын жымсалдоо үчүн сөз менен ойноп жатат", — деди эксперт.
Анын айтымында, Москва 2014-жылы жасалган фашисттик төңкөрүшкө каршы украиналыктардын басымдуу бөлүгүнө жана Россияга чабуул жасоо үчүн Украинаны курал катары пайдаланган АКШ менен кагышууда.
"Өзөгүндө Россияга каршы согуш — бул постсоветтик мамлекеттердин баарына каршы жарыяланган согуш. АКШнын түпкү максаты — аталган мамлекеттерди сырьёлук колонияга айлантып, көз карандысыздыгыбыздан ажыратып, Киевдегидей кол жоолук өкмөттөрдү түзүү. Чындап келгенде Россия азыр Донбассты бошотуу үчүн эле эмес, экономикасы менен жалпы мамлекеттүүлүгүнө Батыштын көзөмөл орнотуусуна каршы согушуп жатат. Эркиндигин коргоо үчүн Россияга эч бир курал тоскоол боло албайт. 1945-жылы жеңишке жеткенбиз, мында да утабыз", — деди Мендкович.
Маалымдама
Кассеталык ок-дарыга 2008-жылы кабыл алынган Конвенция менен тыюу салынган. Кийинчерээк документке 123 өлкө кошулган: 110 мамлекет катышуучу катары, дагы 13 өлкө кол койгон тарап катары макул болгон. Алардын катарында АКШ, Кытай, Россия жана Украина бар.
АКШнын жоокерлери кассеталык бомбаны жүктөө учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кытай АКШнын Киевге өтө кооптуу ок-дары бере турганы боюнча үн катты
Жаңылыктар түрмөгү
0