https://sputnik.kg/20230711/tsrunun-eks-serepchisi-aksh-kievdi-zhabdyy-albayt-dekabrda-kyrdaal-kyyyndayt-1076958301.html
ЦРУнун экс-серепчиси: АКШ Киевди жабдый албайт, декабрда кырдаал кыйындайт
ЦРУнун экс-серепчиси: АКШ Киевди жабдый албайт, декабрда кырдаал кыйындайт
Sputnik Кыргызстан
Серепчи кырдаал декабрдан кийин татаалдап, талаштуу боло баштаарын божомолдогон. 11.07.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-07-11T12:24+0600
2023-07-11T12:24+0600
2023-07-11T12:24+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
акш
украина
курал-жарак
россия
жеңилүү
https://sputnik.kg/img/07e6/07/0c/1066025801_0:104:1353:866_1920x0_80_0_0_e0c2490dcf6587b8e221d0463a3d4499.png
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. АКШ снаряддарды чыгаруунун темпин Киев үчүн зарыл болгон деңгээлге чейин көтөрө албайт, Украина кышында ок-дарынын жетишсиздигинен, техниканын жана жумушчу күчүнүн чоң жоготууларынан улам жеңилүүгө учурайт. Мындай пикирин ЦРУнун мурдагы серепчиси Ларри Жонсон алып баруучу Эндрю Наполитано менен маектешип жатканда билдиргенин РИА Новости жазды. Украинанын контрчабуулунун жыйынтыгы тууралуу суроого Жонсон "көптөгөн техникасы талкаланды, бул — Украина үчүн кыйроо" деп жооп берген.Ал, мындан сырткары, Киев бийлиги аскерлеринен айрылганын айткан.Анын айтымына караганда, АКШ индустриаялык мүмкүнчүлүгүнөн ажырады."Кирби (АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешиндеги стратегиялык коммуникациялардын координатору Жон Кирби – ред.) өндүрүштү жогорулата баштаганыбызды жар салды. Мен айтып коеюн, бир жылдан кийин Украина бир айда атып бүтүп койгон снаряддарды да чыгара албай калабыз. Бул көрүнүп турган эле нерсе. Америка жакынкы келечекте Украинанын согушуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн жетиштүү артиллериялык снаряддарды эч качан чыгарбайт", — деген Жонсон.Серепчи кырдаал декабрдан кийин кыйындап, талаштуу боло баштаарын белгилеген."Себеби техникасын, аскерлерин улам жоготуп жаткан Украина бул согушту андан ары алып кете албайт", — деген ЦРУнун экс-аналитиги.
https://sputnik.kg/20230409/zhyldyn-ayagyna-cheyin-ukraina-zhok-bolup-kalyshy-mumkun-1074282916.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/07/0c/1066025801_37:81:1078:862_1920x0_80_0_0_254fbeb966b6002c3bfec962c75ac344.pngSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, украина, курал-жарак, россия, жеңилүү
дүйнөдө, акш, украина, курал-жарак, россия, жеңилүү
ЦРУнун экс-серепчиси: АКШ Киевди жабдый албайт, декабрда кырдаал кыйындайт
Серепчи кырдаал декабрдан кийин татаалдап, талаштуу боло баштаарын божомолдогон.
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. АКШ снаряддарды чыгаруунун темпин Киев үчүн зарыл болгон деңгээлге чейин көтөрө албайт, Украина кышында ок-дарынын жетишсиздигинен, техниканын жана жумушчу күчүнүн чоң жоготууларынан улам жеңилүүгө учурайт. Мындай пикирин ЦРУнун мурдагы серепчиси Ларри Жонсон алып баруучу Эндрю Наполитано менен маектешип жатканда билдиргенин
РИА Новости жазды.
Украинанын контрчабуулунун жыйынтыгы тууралуу суроого Жонсон "көптөгөн техникасы талкаланды, бул — Украина үчүн кыйроо" деп жооп берген.
Ал, мындан сырткары, Киев бийлиги аскерлеринен айрылганын айткан.
"Баарынан жаманы — тирүү адамдарынан айрылганы. Каза тапкандар менен жаракат алгандар көп. Алар Россия аймагына кирип бара албай же кандайдыр бир илгерилөөнү жасай албай жатышат. Эки чакырымдай бул жерге, дагы бир чакырымдай ал жерге жылышты. Бирок коргонуунун биринчи чегине (РФ — ред. ) алигече жете элек", — деген аналитик.
Анын айтымына караганда, АКШ индустриаялык мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.
"Кирби (АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешиндеги стратегиялык коммуникациялардын координатору Жон Кирби – ред.) өндүрүштү жогорулата баштаганыбызды жар салды. Мен айтып коеюн, бир жылдан кийин Украина бир айда атып бүтүп койгон снаряддарды да чыгара албай калабыз. Бул көрүнүп турган эле нерсе. Америка жакынкы келечекте Украинанын согушуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн жетиштүү артиллериялык снаряддарды эч качан чыгарбайт", — деген Жонсон.
Серепчи кырдаал декабрдан кийин кыйындап, талаштуу боло баштаарын белгилеген.
"Себеби техникасын, аскерлерин улам жоготуп жаткан Украина бул согушту андан ары алып кете албайт", — деген ЦРУнун экс-аналитиги.