Сибирь дайраларын Борбор Азияга буруп суу тартыштыгын жоюу. Демилге канчалык орундуу?

© Sputnik / Александр КряжевНовосибирск облусундагы Обь дарыясында кайык. Архив
Новосибирск облусундагы Обь дарыясында кайык. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2023
Жазылуу
Россиялык эксперт-гидрологдор ушундай өңүттөгү казакстандык депутаттын сунушуна кандай көз карашта? Бул туурасында Михаил Воробьевдун материалынан окуңуздар.
Sputnik, Михаил Воробьев
Казакстан парламентинин депутаты Серик Егизбаев Сибирь дайраларынын агымынын бир бөлүгүн Борбор Азияга буруу боюнча долбоорун сунуштады. Совет маалында жүзөгө ашырылбай калган бул аракет чөлкөмдө суу тартыштыгын чече алабы же мындан да мыкты жолдор барбы? Sputnik агенттиги ушул жана башка соболдору менен эксперттерге кайрылган.

Дагы талданууга тийиш

Сибирь дайраларын буруу — XX кылымдын ишке ашпай калган чоң долбоорлорунун бири. Ал аракет таза сууга муктаж Борбор Азияга агымдын бир бөлүгүн бурууга багытталган. Маселе 2021-2022-жылдары да Россия менен Казакстандын өкмөт башчыларынын жолугушуусуна камынуу маалында талкууланган. Бул боюнча Sputnik кабарчысына Россия Илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн Суу жана экологиялык көйгөйлөр институтунун директорунун илимий иштер боюнча орун басары Александр Пузанов билдирди. Анын айтымында, Илимдер академиясы бул тема дагы иштелип чыга электигин белгилеп, күн тартибинен алып салууга кеңеш берген.
"СССР убагында орток климаттык, экономикалык жана энергетикалык кырдаал болгон. Азыр абал башка. Агым өзгөрдү, геосаясат алмашты. Чек ара маселелери чыкты. Ошондуктан бүгүнкү күндө эч нерсе изилдене элек", – деп түшүндүрдү ал. Эксперттин баамында, долбоор аткарыла турган болсо, адегенде жаңы изилдөөлөрдү жүргүзүп, аны жүзөгө ашыруу үчүн ресурс жетиштүү болуп-болбогону туурасында бүтүм чыгаруу шарт.
"Мындай иштердин баарын Россия Илимдер академиясынын Сибирь институттарынын кызматкерлери аткара алат", – дейт ал. Ошол эле учурда окумуштуу Обь бассейнинде казакстандык өнөктөштөрү билдиргендей экологияга зыян келтирбестен агымды бурууга жол берген бош 25 куб чакырым бар экенинен шек санайт.
"Которуштуруу, башка жерге көчүрүү эч качан экологияга зыянсыз өтпөйт, андай нерсе дайым терс таасир этет", – деп белгилейт ал. Пузановдун пикиринде, Обь бассейниндеги чоң агым аны оңой эле которуштуруп коюуга болорун туюндурбайт. "Адегенде сууну топтоо абзел, андан кийин гана экологиялык эң ылайык жол менен жоготуусуз сууну буруу зарыл", – деп тактады адис.
Россия Илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү институтунун жер үстүндөгү сууларды үлгүлөө лабораториясынын башчысы Михаил Болгов дайраларды буруу деле башка долбоорлордон, маселен, газ, мунай түтүктөрүн же темир жолун куруудан айырмаланбай турганын айтат.
"Техникалык жактан баарын курууга болот. Эгер бул маселеге кайрыла турган болсок, анда, биринчиден, булардын баарына ким төлөй турганын аныктап алуубуз кажет. Экинчиден, албетте, бардык техникалык жолдорун [советтик убактан берки] карашыбыз керек", – деди ал Sputnik агенттигине берген учкай маегинде.
Александр Пузанов Россияда Сибирь дайраларын буруу демилгесинин экономикалык багытта кызыктырарлык жагы жок, бирок ошол эле учурда геосаясий жана гуманитардык кызыгуу жаратары бышык экенин белгиледи.
"Коңшуларыбызга көмөктөшүү гана максаты бар. Чөлгө айлануу коркунучу, климаттын өзгөрүшүндөгү кырдаал ал жакта кандай болорун ким билет", — деп кошумчалады ал.
Талаадагы дыйкан. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2023
Өлкөдө сугат суу көйгөйү курч, күздө түшүм эмне болот? Талдоо

Коңшулардагы айыл чарба фактору

Дайралардын агымын буруу — жаңычылдык эмес. Кытайдагы суу буруу демилгеси республиканын түптөөчүсү Мао Цзэдунга таандык. Ал 1952-жылы ушундай демилге көтөргөн. Ушул тапта ал долбоор ийгиликтүү ишке ашырылууда. КЭР сугат жерлери үчүн дайраларын которуштуруп жатат, анткени территориясы эбегейсиз, калктын саны да көп. Аларды азык-түлүк менен камсыздоо зарыл деп белгиледи Михаил Болгов.
Мындан тышкары, ал кытайлыктар Ыртыш дайрасынын КЭР аркылуу өткөн Кара Ыртыштын агымдарынын кыйла көбүн алат. Ошондой эле Иле дайрасынан суу топтой турганын айтып берди. Ал казакстандык Балхаш көлүнө келип куюлат эмеспи.
"Кытайдын Казакстан менен чектешкен жери Синьцзян Уйгур автономдук районунда жер иштетүү катуу өнүгүп келет. Албетте, бул сууну буруп алууну талап кылат", — деп түшүндүрдү Пузанов.

Көйгөйдү чечүүнүн жолдору

Суу — жакынкы он жылдыктарда климаттын өзгөрүшү, кургакчылыктын айынан тартыштыгы курч сезиле турган баа жеткис ресурс. Суу тартыштыгын жоюу үчүн, эксперттин баамында, Борбор Азия мамлекеттери сууну үнөмдөөгө тийиш.
"Мисалы, бул которуштуруу буулануу, чыпкалануудан улам укмуштай чоң жоготууга кептей турган каналдарда эмес, жабык магистралдарда жүрүшү мүмкүн. Кытайлардын тажрыйбасындагыдай суу өткөргүч, түтүктөрдө ишке ашырылышы ыктымал", — деген кеңешин айтат адис.
Анын айтымында, Кытайга аттанып, ушундай тутум кандай түзүлгөнү менен таанышып келүүгө да болот. "Кытайда баары эбак ойлонуштурулган, анткени территориясынын бир далай бөлүгүндө кургакчылык өкүм сүрөт. Ошондуктан жаңы бир нерсе ойлоп тапкандан көрө тажрыйбаларды талдап, акыл калчоо менен ишке ашырган оң", – деди эксперт. Анын айтымында, Борбор Азия мамлекеттерине колунда бар инфраструктурасын заманга бапташтырууга туура келет.
Чөлкөмдөгү айыл чарбасы, сугат жерлер жаңы технологиялык деңгээлге чыгышы кажет экенин айтат Михаил Болгов.
"Сугаруу технологияларын түп-тамырынан тарта кайра карап чыгуу зарыл, себеби негизги көйгөй – эзелки үнөмсүз технологиялар. Алар сууну туура эмес пайдаланууга түртүп, ири жоготууларга жана топурактын туздалышына кептеп жатат", — деп сөзүн жыйынтыктады ал.
Нарын дарыясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2023
Суунун ордуна газ, көмүр, дан алган система кайра кириши керек. Окумуштуунун маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0