Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Диссертацияда плагиат текстке кайсы учурда уруксат? Түшүндүрмө

© Sputnik / Асель СыдыковаНачальник отдела аттестации социально-гуманитарных наук Высшей аттестационной комиссии Токтобубу Баястанова
Начальник отдела аттестации социально-гуманитарных наук Высшей аттестационной комиссии Токтобубу Баястанова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2023
Жазылуу
Жогорку аттестациялык комиссиянын коомдук-гуманитардык илимдердин аттестациялык бөлүмүнүн башчысы Токтобүбү Баястанова плагиат текст менен илим жактоо мүмкүн эместигин белгиледи.
Учурда "Антиплагиат" кыргызча, ал тургай котормо тексттерди дагы текшере алат. Бул тууралуу Токтобүбү Баястанова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Диссертацияда плагиат текстке кайсы учурда уруксат? Түшүндүрмө
Анын айтымында, программанын жыйынтыгына жараша илимий ишти эксперттик же экинчи этаптагы комиссияга жөнөтүү боюнча чечим кабыл алынат.
"2012-жылдан баштап Россиянын "Антиплагиат" компаниясынын программасы менен иш жүргүзүлүүдө. Алардын "Антиплагиат" программасы изденүүнүн үстүндө болуп, улам жаңыланууда. Маселен, мурда орусча тексттерди эле текшере алса, учурда кыргызчаны, котормолордогу дал келүүлөрдү дагы аныктай алат. Ал эми өздөштүрүлгөн тексттердин пайыздык чеги комиссия тарабынан көрсөтүлгөн. Мисалы, коомдук-гуманитардык багытта жазылган илимий иштерге орус тилинде 25,9 пайызга чейин, ушул эле багытта кыргыз тилинде жазылган диссертацияларга 9,9 пайызга чейин дал келүүгө уруксат берилген. Кийин кыргыз тилинде база көбөйгөнүнө байланыштуу бул көрсөткүч 17 пайызга көтөрүлдү. Ошол эле сыяктуу ар бир илимге дал келүүгө мүмкүндүк бере турган чеги бар. Мисалы, медицина боюнча ал чек орусча 12,9 пайыз, кыргызча 6,9 пайызды түзөт. Техникалык илимдерге деле ушундай, бирок айрым багыттары боюнча 16,9 пайызга чейин дал келүүгө мүмкүндүк берилген учурлар бар. Бирок бул жерде дал келүү дегенде бир текстти көчүрүп алууну түшүнбөш керек. Илимий иштин текстинде жалпыга белгилүү фразалар, цитаталар, статистикалар, юриспруденцияда мыйзамдагы тексттер колдонулушу ыктымал. Алар ар бир илимий иште жаңы болбойт. Мына ошолордун топтому көрсөтүлгөн чекке чейин болушу шарт", — деди Баястанова.
Ошондой эле ал көрсөтүлгөн чектин ичинен бир эле китеп, илимий иш жана башка булактарга шилтеме берилбей көпчүлүгү көчүрүлгөн болсо, плагиат болуп эсептелерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0