Кыргызстанда баш коргоо чарасы жазалоочу куралга айландыбы? Адвокаттын маеги

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүПосттогу СИЗОнун кызматкери. Архив
Посттогу СИЗОнун кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2023
Жазылуу
Кыргызстанда, юристтердин айтымында, сотторго адамды тергөө абагына кетирип коюу кеп эмес. Баш коргоо чарасын тандоо процесси жөнүндө жактоочу Аслан Кулбаев Sputnik агенттигине курган маегинде айтып берди.
— Укук коргоочулардын баамында өлкөдө шектүүлөргө камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы өтө көп колдонулат. Эмне үчүн деп ойлойсуз?
— Мыйзам чыгаруучулар да, коомчулук да бүгүн баш коргоо чарасын жаза катары кабылдап калды. Бирок бизде күнөөсүздүк презумпциясы бар, демек, адам соттун тийиштүү өкүмү күчүнө киргенден кийин гана айыптуу деп эсептелет. Өкүм жок, алдыда узак тергөө процесси жүрөт, ал эми шектүү кылмышкер сымал камерада отурат. Эмне үчүн?! Сот менен тергөөдөн изин жашырып, кылмышты андан ары уланта берүү коркунучу болгон учурда гана ушундай чара көрүлөт. Бирок бул чара зордук-зомбулукка байланышпаган кылмыштарга шектүүлөргө карата да пайдаланылып жатат. Ал эми аны сыртка чыкпоо тил каты же үй камагы менен алмаштырса, коомчулук нааразы болуп чыгат.
© Sputnik / Жоомарт УраимовЧлен экспертной рабочей группы по мониторингу судебной реформы Аслан Кулбаев
Член экспертной рабочей группы по мониторингу судебной реформы Аслан Кулбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2023
— ЖК депутаты, юрист Дастан Бекешев кош бойлуу жана улгайып калгандарды тергөө убагында камакка алууга тыюу салууну сунуштаган. Ал бизде соттор башка баш коргоо чарасын билбегендей шектүүлөрдүн көпчүлүгүн убактылуу тергөө абагына жөнөткөн учурлар боюнча статистиканы айтты.
— Кош бойлуу жана 70 жаштан ашкандарга карата, албетте, сот бул жагдайларды кароого тийиш. Мүмкүн болушунча үй камагы, сыртка чыкпоо тил катын колдонуу керек, бирок бир өңчөй белгилөөгө да болбойт.
Бир нече жыл мурун алдамчылыктан жабыркаган адамдардын кызыкчылыгын коргоп калдым. 40 чакты эпизоддон турган ишке бир айым шектүү эле. Ал карыяларга же улуулар жок үйлөргө келип, алтын, акчанын баарын алып кетип турган... Кармалганда аялдын кош бойлуу экени аныкталды. Андай учурда кандай кылуу зарыл эле? Коё бериш керекпи? Антсе, изин жашырып кетери айдан ачык...
Адамдар ар кандай келишет. 40 жашар кишинин саламаттыгы 70теги карыяныкынан да начар болгон учурлар болот, ошондуктан ар бир учурду өзүнчө кароо абзел. Эң оболу адамдын ден соолугуна, эмне менен алектенерине, ишенүүгө болор-болбосуна жана ушул өңдүү жагдайларына көңүл буруу шарт. Баш коргоо чарасын ар тараптуу карап, тандаган оң. Адам кийин акталып калса эмне болот? Ушундай учурлар да аз эмес... Бирок ага чейин бир-бир жарым жыл камакта жатып калып жатпайбы!
— Күрөө деген баш коргоо чарасы бар. Эмне үчүн биздин өлкөдө ал колдонулбайт?
— Баш коргоо чарасын тандоо – кылмыш сот өндүрүш тутумундагы жемкорлук күч алган учуру. Себеби азаттыгы кылдын учунда. Албетте, башка этикалык учурлары да жок эмес... Күрөө маселесине келсек, эки-үч жыл мурун Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мирлан Жээнчороев абдан жакшы долбоор демилгелеген. Ал кабыл алынып, азыр мыйзамда күрөө түшүнүгү бар, бирок ал чара иштебейт.
Мыйзамга ылайык, баш коргоо чарасы тандалып, сот тергөөчү же прокурордун адамды камакта калтыруу өтүнүчүн канааттандырып, бирок дароо эле күрөөнүн суммасын белгилейт. Аны койсо, киши тергөө убагында эркиндикте болот. Тилекке каршы, ал жобону эч ким колдонгусу жок. Кыязы, бизде акча башка жол менен берилишин көздөшөт окшойт.
Күрөө — шектүү эч кайда качпастыгына, жашырынбай, суракка өз убагында келерине кепилдик. Эгер ал эрежени бузса, акча мамлекеттин бюджетине которулуп, шектүү камакка алынат. Биздин өлкөгө ушундай каражаттын кереги жокпу? Адамды тергөө абагында кармап, багып, кайтаруунун кажети эмне? Мага ушул түк түшүнүксүз.
© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүОглашение приговора по делу о похищении сына Е.Касперского
Оглашение приговора по делу о похищении сына Е.Касперского - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2023
— Шектүүгө күрөөгө коюлган акча ал акталганда кайтарылабы?
— Ал акталбаган күндө да кайтарылат. Мында эң башкысы – кишинин өз милдеттенмелерин бузбаганы. Күрөөнүн суммасын сот кылмыштын оордугуна, шектүүнүн инсандыгына жана башка жагдайларга жараша коёт. Булардын баары азыркы КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде камтылган, бирок иш жүзүндө пайдаланылбайт.
Негизи эле биздин кодекстерде таптакыр иштебеген бүтүндөй бир бөлүмдөр бар. Алар тек гана теоретик юристтер жана журналисттер үчүн жазылгандай элес калтырат. Ошол эле кодекстерде боштуктар да оголе арбын. Мисалы, жактоочу жабырлануучунун кызыкчылыктарын коргоп, укук коргоо органдары кылмыш ишин козгоодон баш тартып, юристтер макул болбой, тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдары менен таанышууну өтүнүшөт. Бирок иш козгоодон баш тартуу жөнүндөгү токтомду гана карматышат. Эмне үчүн документтер берилбейт? Буга тыюу салуу кайсы документте каралган? Эч бир жерде. Бирок андай укук да жок. Процессуалдык мыйзамда бул жазылган эмес.
— Кандай учурларда мыйзамда камакка алуу чарасы каралган?
— Киши тергөө, соттон изин жашырып, иликтөөгө жолтоо болоруна жетиштүү негиздер болгондо бул чара колдонулат. Бирок бизде, тилекке каршы, соттор көбүнчө жазалоочу, анан да айыптоочу тарапты колдойт. Мыйзамга ылайык, алар иштин маңызына сүңгүп, айыптоолорду талдоого тийиш болгону менен алар үчүн жыйында тергөөчү, прокурор, айыпталуучу, жактоочунун сөзсүз болушу, убагында баштап, убактысында бүтүрүү өңдүү жол-жоболордун так сакталышы гана маанилүү...
Өлкөдө тергөө соттору институту тегин жерден кирген жок го. Тергөөчүлөр, прокурорлор көп учурда айыпталуучуну абакка "тыгып" коюу үчүн кыйла оор беренелерди коюшат. Ушундай жол менен тийиштүү көрсөтмөлөрдү алуу жеңил өңдөнөт. Мисалы, киши маңзатты сактаганы үчүн кармалса, аны сатууга айыпташат. Маңзатты сактоого беш, ал эми сатууга 15 жыл берилет. Же пара алуу менен кармалса, опузалап алууга, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануунун ордуна жемкорлукка күнөөлөшөт...
© Sputnik / Асел АкматЮрист Аслан Кулбаев
Юрист Аслан Кулбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2023
— Баш коргоо чарасы негизи сөзсүз болушу керекпи?
— Милдеттүү эмес. Эгер тергөөчү/прокурор кишинин жүрүм-туруму ынандырарлык болсо, кырдаалды курчутуп жибербей турганын аңдаса, андай чараны дегеле сурабайт.
— Жактоочулар шектелген киши темир тор артында болсо, айыптоочу тарап аны оңой "сындырарын" айтышат.
— Бул чындык. Менимче, дал ушул көз караштан улам бизде дээрлик бардык учурларда камакка алышат. Бирок адам тергөө абагында бир ай кармалып, кийин сот тарабынан акталса, анын реабилитацияга укугун таанып, жумушун калыптандырып, зыянды төлөп бериши шарт. Бирок андай тажрыйба бизде өтө эле чанда кездешет. Же киши кыйла оор, өзгөчө оор кылмышка айыпталып, ал эми сотто анча оор эмес бөлүгү гана далилденет. Ошондой эле, мисалы, киши өлтүрүүгө айыптап жатышсын дейли, бирок катыштыгы жок, болгону жашырып койгон. Кылмыш жөнүндө кабардар болуп, тийиштүү мекемелерге билдирген эмес. Бирок болжолдуу түрдө катышкан деп камакта бир жыл бою отурат.
— Мындайда келтирилген зыяндын ордун ал кантип толуктай алат?
— Мамлекеттен талап кылуу абзел. Качан мамлекет ошондой калпыстыктар үчүн жарандарга төлөп бере баштаганда ал жооптуу кызматтагылардан эмне үчүн иштин жагдайларын иликтебей туруп камерада кармашканын сурайт. Бирок мында да кырдаал бөлөк өңүткө өтүп кетүү коркунучу жок эмес. Тергөө жана прокуратура адам дал айыпталып жаткан беренелер боюнча соттолушуна бүт күчүн жумшап, болгон ыкмаларды жасайт.
Азыркы Башкы прокурор кызматына киришип жатканда кол алдындагыларга "эгер кылмыштын курамы жоктугун көрүп турсаңар, айыптоону колдоодон баш тарткыла" деген. Прокурор айыптоону артка алып, белгилүү бир кишиге карата ишти токтотууну өтүнөрүн гана айтууга тийиш. Органдар өз катасын моюнга ала билгени жакшы, бирок мыйзамда андай жөнгө салуу да реабилитациялык эмес экени жазылган.
© Sputnik / Табылды КадырбековСИЗО №1 в Бишкеке
СИЗО №1 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2023
— Бүгүн ошол жобо иштейби, тергөө менен иштешүү жагы кандай болот? Бир аз мурда эле ал абдан кеңири таралган эмес беле...
— Ооба, бул тажрыйба да туура эмес пайдаланылып келген. Азыркы мыйзамда күнөөнү моюнга алуу деген бар, ал эми 2021-жылга чейин тергөө менен кызматташуу деген болгон, андайда киши шериктештеринин баарын "сатып", азыраак жаза алчу. Бирок кийин кай бири биз ал механизмди туура эмес түшүнөрүбүздү айтып чыгып, ошол жобо жокко чыгарылган. Батыш мамлекеттерин айтпай эле коёюн, бул эмне үчүн Россияда иштөөдө? Сотко чейинки келишим деп аталат... Казакстанда эмне үчүн бул жобо иштеп жатат? Ал жактарда дал ушундай мүмкүнчүлүктөр менен уюшкан кылмыштардын бетин ачып жатышат, эмнеликтен бизде бул иштебейт?
— Тергөө сотторуна көп үмүт артышканын белгиледиңиз. Алар эмнеге акталбай калды деп ойлойсуз?
— Тергөө соттору бизде 2019-жылдан бери иш алып барат, бирок алигүнчө өз жоопкерчилигин сезбей, процессти көзөмөлгө алышпайт. Алар да жазалоочуларды колдоп калышты.
— Балким, тажрыйба жетишпей жаткан чыгар?..
— Дагы канча керек? Үч жыл өттү, менимче, жетишерлик убакыт. Адамдын конституциялык укугу баарынан улук. Ким тергөө менен прокуратуранын мыйзамга ылайык иш алып баруусун талап кыла алат? Тергөө соттору, соттук тутум. Бирок анткендин ордуна алар мыйзам жүзүндө толук корголсо да, тилекке каршы, көз карандысыз эмес экенин көрсөтүшөт. Президент да, депутаттар да, министрлер да аларчалык корголбогону маалым.
Кылмыш кодексинде, маселен, "депутатты же президентти сыйлабастык", же "министрдин ишмердигине жолтоо болуу" деген жоболор жок, анткен менен сотко ушундай ар бир мамиле – сотту сыйлабастык, ишмердигине бөгөт болуу же соттук жараянга кийлигишүү үчүн жоопкерчилик каралган. Бирок коом соттор, тилекке каршы, бүгүнкү күнгө дейре кимдир-бирөөлөрдөн көз каранды экенин даана билет.
Жактоочу Куватбек Шатманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2023
Радио
Көчөдөн милиция токтоткондо эмнелерди эске алуу керек? Жактоочунун жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0