Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Жөн гана бизнес: АКШ "керемет" техникасынын алкай турчу тарабы жоктугун моюндады

© AP Photo / LIBKOSУкраиналык аскер кызматкерлери M777 гаубицасынан ок чыгарып жатышат. Архив
Украиналык аскер кызматкерлери M777 гаубицасынан ок чыгарып жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2023
Жазылуу
Украина Куралдуу күчтөрү өз "контрчабуулунун" алкагында кол жууган батыш техникасынын саны улам артууда. Муну батыштагылар да байкабай койгон жок.
The National Interest басылмасы актанган тейдеги макаласында америкалык аскердик техника "украиналык армия үчүн өтө кооптуу жана ыңгайсыз" экенин белгиледи. Батыштагы окурмандарга бир кезде дээрлик талкаланбас деп мактаган "Абрамс" танктары эми Украинада согуша албастыгын айтып жатканына таң калганын жашырбайт серепчи Кирилл Стрельников. Анын кезектеги макаласында да ашкере жарнамаланган америкалык куралдар туурасында баяндалат.
Оор салмагынан улам техника Украинадагы баткактарды кечип өтө албай, алар жүргөн көпүрөлөр кыйрап жатканы айтылды. Ошондой эле Украинада куюла турган авиациялык бензин жок, ал эми талаа жана согуш шарттарында аталган танктарды оңдоого да болбойт. Маселен, талкаланган оптикасын алмаштыруу үчүн "Абрамсты" чынжырына чейин чечип, электрондук чубалгыларын бүт айырбаштоо керек. Анан да муну атайын европалык кофемашиналар кампасында гана жүргүзүп, ал эми "Абрамстардын" өздөрүн оңдоону батыш адистери өз арасында "жердеги тозокко тете" деп коюшат.
Украиналык экипаж камданып жаткан америкалык "Страйкер" БТРлери да башка ок өткөрбөс техникалар менен бирге согуш талаасында өрттөнүп жатканы да байкалган. Бирок жогоруда аталган макаланын авторунун баамында бул россиялык жоокерлердин чеберчилигинен эмес, "Страйкердин" өзүнүн мүчүлүштүктөрүнүн айынан кыйрап жаткан экен. Ошондой эле басылма бирдиктин чабал, акырына чейин ойлонулбаган ок өткөрбөс каптоосу, кыймылдаткычтарына тез эле баткак тыгылып калышы, командирдик монитору иштебей, десант үчүн коопсуздук кемер системасынын начардыгын да тизмектеген.
Буга ынанбай да коё албайсың, анткени жакында эле РФтин Коопсуздук кеңешинин жыйынында Патрушев Владимир Путинге 4-21-июнь аралыгында Россиянын Куралдуу күчтөрү тарабынан Украинанын миңге чукул пехота унаасы, БТР жана ок өткөрбөс автомобилдери талкаланганын, анын жарымына жакыны Батыштан келген "керемет машиналар" – Stryker, Bradley, Marder, MaxxPro, Humvee жана M113 экенин маалымдаган. Ушундай эле тагдырга "дүйнөдөгү мыкты танктардын бири" атыккан Leopard 2 да кабылган. Патрушевдин айтымында, алардан 13 бирдик болгон, бирок Киев тараптагы булактар алар аталган танктардан кырк бирдик жоготушканын айтышты.
Минаны зыянсыздандыруучу УР-77 реактивдүү түзүлүшү  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мина тосмолорунан өтүү. Атайын аскердик операциянын жүрүшүнөн баян
Мыкты саналган немец PzH 2000 өзү жүрүүчү артиллериялык түзүлүштөр жана ондогон америкалык М777 гаубицалары бир нече аткылоодон соң эле топ-топ болуп жарактан чыгып жатышты. Айтор, россиялык атайын аскердик операция батыш куралынын таамайлыгы жана артыкчылыгы туурасындагы уламыштардын баарын жокко чыгарууда. Украина Куралдуу күчтөрү жалынып жаткан Javelin танкка каршы ракеталык комплекстери, "россиялык радарларды кыйраткыч" Switchblade 300, "Украинанын асманын тазалай" турган Stinger зениттик ракеталык комплекси да бат эле батыш маалымат каражаттарынын алдыңкы беттеринен түшүп калды.
Бери дегенде эле россиялык күчтөр тарабынан Батыштан Киевге берилген бардык куралдарынын үчтөн бири жок болду. РФ бүтүндөй Батышка караганда беш-жети эсе көп ок-дары чыгарат. Эң кызыгы киевдик режимдин ал жактагы кураторлору да өз техникаларын согуш талаасында эмне күтүп жатканын сопсонун түшүнүшөт.
Анда эмнеге Киевди талкалана турган курал жана техника менен жабдышат? Баары бир өрттөлө турган "Абрамстар" үчүн эмнеликтен украиналык экипажды даярдашууда? Атып түшүрүлө турган F-16 учактарынын учкучтарын эмне үчүн машыктырып жатышат? Буларга жооптун баары ачык, анткени Батыш муну жашырганга да тырышкан жок.
CNN АКШ менен НАТОнун аскердик жетекчилери Украинадагы жаңжал "индустриялык жактан өнүккөн улуттардын" ортосундагы салгылашта батыш куралдарын "сыноочу аянтча" экенин жазып чыкты. Батыш аскердик өнөр жай комплекси үчүн Украина — күчтүү душман менен кармашта белгилүү бир куралдарды пайдалануу боюнча "болуп көрбөгөндөй маалымат булагы". Батыштын алдыңкы аскердик өнөр жай корпорациялары үчүн андай маалыматтар Украинаны курал менен жабдуудан тапкан миллиарддаган долларларынан да баалуу экени айныгыс. Америкалыктар дал ушундай маалыматтарга ээ болуу үчүн канча кааласа, ошончо техниканы Украинага жөнөтө бермекчи.
Бирок батыш техникасы менен бирге кезектеги он миңдеген украиналык жоокер да набыт болорун капарга алып коюшпайт. Батыштагылардын кимиси буга башын оорутсун. Анын ордуна украиналык жоокерлерге дем берүү үчүн акырына чейин өздөрү жөнөтүп жаткан курал-жарак, техниканын дүйнөдө теңдеши жок экенине ишендирүүгө бүт күчүн жумшашат. Анткен менен бул натыйжаны өзгөртө албайт. Россиянын армиясы укмуш саналган батыш куралы жайнап кирсе да, Батыш күткөн керемет болуп кетпей турганын далилдеп, баштаганын аягына чыгарууга бет алган.
Благодатноедеги украиналык жоокер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2023
Украинанын "контрчабуулу" Батыштын көңүлүн калтырууда. Эң оору алдыда
Жаңылыктар түрмөгү
0